Жылалды айылдык Кенешинин ( VII шайланган) кезексиз XI- сессиясынын
Т О К Т О М У
Жылалды айылы № 41 “ 20” 09 2022-ж
Жылалды айыл аймагынын жарандарын
жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча
программасын бекитүү жөнүндө
Жылалды айылдык Кенешинин ( VII шайланган) кезексиз XI- сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл аймагынын жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча программасын бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Жылалды айыл аймагынын жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча программасы бекитүүгө макулдук берилсин.
2 . Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук адам укугун коргоо, коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жылалды айылдык Кенешинин
төрагасы:- М. Акназаров
Ош облусунун Өзгөн районундагы Жылалды айылдык кеңешинин сессиясында бекитилди
Жылалды айылдык кеңешинин Төрагасы М. Акназаров
« 20 » сентябрь 2022-жыл
Жылалды айыл өкмөтү, Өзгөн району
Ош облусунун Өзгөн районундагы Жылалды айыл аймагынын жарандарын
жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча
ПРОГРАММАСЫ
Ош облусунун
Өзгөн районундагы Жылалды айылдык кеңеши
- Кириш сөз
Ош облусунун Өзгөн районундагы Жылалды айыл аймагынын жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча Программасы (мындан ары Программа) аймакта туруктуу отурукташкан жарандардын социалдык жактан муктаждыктарын чечүү жана алардын жашоо деңгээлин көтөрүү ошондой эле өз алдынча башкаруу органдарынын ( айылдык кеңеш жана айыл өкмөтү ролун көтөрүү максатында иштелип чыкты.
Программада Жылалды айыл аймагы боюнча жалпы маалымат, аймакта туруктуу жашап жана иштеп жаткан, ошондой эле аталган аймакка орун-очок алуу максатында көчүп келген жарандардын жер участкаларына болгон муктаждыгы белгиленип, аларды жер участкалары менен камсыз кылуу жана турак жайларды куруу иш-чараларына көмөк көрсөтүү жагына өзгөчө басым жасалды.
Мындан сырткары, Программада которулган (трансформацияланган) жер участкасын жарандардын, анын ичинен жерге муктаж болгон жаштардын жеке менчигине Башкы планда көрсөтүлгөн тартипте өткөрүп берүү жана социалдык обьекттердин курулушуна да жер участкаларын бөлүү, ошондой эле келечекте аталган программанын аткарылышынын жыйынтыктары белгиленди.
Ош облусунун Өзгөн районундагы Жылалды айыл аймагынын жарандардын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча Программасы айылдык Кеңештин сессиясында каралып, жактырылды жана аталган программа айыл аймактын өнүгүү стратегиясынын негизги этабы болуп эсептелип, жарандардын жашоо шарттарын жакшыртууга жана социалдык маселелерди ырааттуу чечүүгө багытталган.
- Айыл аймак жөнүндө жалпы маалымат
1) Жылалды айыл аймагынын жаратылыш-климаттык абалы
Жылалды айыл аймагы Өзгөн районунун борборунан 8 км, облустун борборунан 76 км, темир жол станциясынан 66 км аралыкта жайланышкан. Аймактын климаты кескин континенталдуу, кышы кыска, суук, жайы узак, кургак, ысык келет. Кар катмарынын пайда болушу декабрдын экинчи жарымына туура келет.
Жылалды айыл аймагы деёиз деңгээлинен 720 м. бийиктикте турат. Чарбанын топурак катмары-коңур, шалбалуу боз топурак, өрөөндүү типтүү боз топурак.
2) Жылалды айыл аймагынын географиялык абалы
Жылалды айыл аймагы-түндүк тарабынан Ийри-Суу айыл аймагы, чыгыш тарабынан Жазы айыл аймагы менен, түндүк -чыгыш тарабынан Заргер дарыясы менен, түндүк -батыш тарабынан Төрт-Көл айыл аймагы менен чектешет.
- Айыл аймактын социалдык-демографиялык абалы
1) Жылалды айыл аймагындагы калктуу конуштардын саны.
Жылалды айыл аймагы 6 калктуу конуштан турат, алар: Жылалды, Кальта, Красный-Маяк, Прогресс, Бото-Мойнок, Яссы айылдары.
2) Жылалды айыл аймагында калктын саны жана социалдык абалы
Жылалды айыл аймагында калктын саны 12012 адамды же 2449 үй-бүлөөнү түзөт.
Айыл аймакта баардыгы болуп 12012 адам, анын ичинен 6001 эркектер, 6011 аялдар жашайт. Аймакта өздүк чарбалардын саны 1913 түзөт. Өтө жакырчылыкта 35 үй-бүлөө орто жакырчылыкта 2011 үй-бүлөө жашайт. Бүгүнкү күндө турак жайга муктаж болгон үй-бүлөөлөрдүн жалпы саны 2028 түзүп, анын ичинен жаш үй-бүлөөлөрдүн саны 815 жетет.
- Аймактын айыл чарба жер ресурстары боюнча маалыматы
1) Айыл чарба багытындагы жерлердин жалпы курамы
Айыл чарба багытындагы жерлердин жалпы көлөмү 6717 га түзөт, жана ал 1087 га айдоо жерлеринен ( 853,5 га сугат айдооо жери, 2327 га га кайрак айдоо жери), 22 га көп жылдык бак-дарактардан, 1492 га чъп чабындыдан жана 1519 га жайыттардан турат.
2) Жылалды айыл аймагынын муниципалдык менчигиндеги жерлери боюнча маалымат.
Айыл аймакта муниципалдык менчикте бардыгы болуп 207 га жер участогу катталган, алар Жылалды, Кальта, Красный-Маяк, Прогресс, Бото-Мойнок, Яссы айылдарынын аймагында орун алган.
3) Өздүк чарба жүргүзүү үчүн жарандардын жер участкасына болгон муктаждыгы.
Жылалды айыл аймагы боюнча жеке турак жай куруу үчүн биринчи кезекте 859 үй-бүлөө жер участкасына муктаж. Жер участкасына муктаж жарандар айыл аймактын Жылалды, Красный-Маяк, Кальта, Прогресс айылдарында жашашат.
Мындан сырткары айыл тургундарынын Жылдан-жылга өсүү темпин эске алып айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунан 40,0 га жер участогу айылдарды кеңейтүү максатында каралган, анын ичинен Жылалды айылына -13,42 га, Кальта айылына -14,38 га, Бото-Мойнок айылынан-9,0га, Прогресс айылынан- 3,20га жер участогу аныкталды.
Мындан сырткары бүгүнкү күндө алдын-ала эсептөөлөрдүн негизинде айылдарды кеңейтүү үчүн дагы 70,0 га жер участогу керектелет.
4) Которула (трансформациялана ) турган жер участкасы боюнча маалымат
Жылалды айыл аймагы боюнча жеке турак жай куруу үчүн 2028 үй-бүлөөлөр жер участкасына болгон муктаждыктарын эске алып биринчи этапта аймактын Жылалды айылынын 415 контурунан 3,43 га (тыт) , 425 контурунан 2,19 га(кайрак) 427 контурунан 2,55 га(кайрак), 428 контурунан 1,65 га(жайыт,) 430 контурунан 1,0га(кайрак), 437 контурунан 1,60 га(кайрак), 438 контурунан 1,30 га(кайрак) жер участоктору, Бото-Мойнок айылынан 99 контурунан 9,0га ( чөп чабынды) жер участогу, Кальта айылынын 267 контурунан 14,38 га ( кайрак ) жер участогу, Прогресс айылынын 709 контурунан 1,50 га(тыт), 565 контурунан 1,0 га(тыт), 572а контурунан 0,70 га(жайыт) бөлүнүп берүү жагы пландалып, бул участкалар « кайрак айдоо жер» жана “ жайыт” жерлери категориясынан « калктуу конуштун жер категориясына» которуп (трансформация) жер участкасына ътъ муктаж болгон үй-бүлөөлөргө бөлүп берүү каралууда.
Мындан сырткары которула (трансформация) турган жер участогуна 1 бала-бакчанын, 2 мончонун 1 спорт аянтчасынын, соода сатык дүкөндөрүнүн жана 1коомдук ишкананын курулушу пландалууда.
- Жер участкаларын өздүк чарба жүргүзүү үчүн бөлүүдө жарандардын
жана өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттери
1) Турак жай курууга жер участкаларын алууда жарандардын милдеттери:
-турак жай куруу үчүн жер участкасын которууга ( трансформация) арыз берүү:
-жер участкасына турак жай куруу, өздүк чарба жүргүзүү үчүн арыз берүү:
-жер участкасын которгонго ( трансформация) кылганга чейин курулуш иштерин баштабоо:
-жер участкаларын алгандан кийин Башкы планда көрсөтүлгөн тартипте, райондук архитектура жана курулуш бөлүмүнүн чийип берген схемасына ылайык, ошондой эле райондук Госрегистр бөлүмү тарабынан бериле турган инвентаризация делосу, техпаспорт жана мамлекеттик акт берилгенден кийин курулуш иштерине киришүү:
-бөлүнүп берилген жер участкасынын чегинен чыкпоо жана чектерди Башкы планда көрсөтүлгөн тартипте туура сактоо:
2) Турак жай курууга жер участкаларын жарандарга берүүдө айылдык кеңештин жана айыл өкмөтүнүн милдеттери
-турак жай куруу үчүн бөлүнгөн айыл чарба багытындагы жер участкасын калктуу конуштун жер категориясына которууга (трансформациялоого) керектүү документтерди даярдоо жана ал документтерди райондук облустук администрацияга, кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароого жана бекитүүгө жолдоо:
-жарандардын турак жай куруу үчүн участкасын бөлүп берүү жөнүндө арыздарын алуу:
-алынган арыздарды жер комиссиясынын чечимине ылайык айылдык кеёештин сессиясында кароо жана жер участкаларын бөлүп берүү чечимдерин чыгаруу:
-жер участкасын алууга керектүү документтерди даярдоо жана жарандардын өздүк чарба курулуштарын Башкы планда көрсөтүлгөн тартипте жүргүзүлүшүн көзөмөлдөө.
-Өздүк чарба жүргүзүү үчүн алган жер участокторуна тиешелүү инфраструктуралык курулуштарды, анын ичинен жолдорго кум, таш төшөө, электр линиялык таянычтарды жана электр чубалгыларын орнотуу, калкты таза суу менен камсыз кылуу үчүн таза суу түтүкчөлөрүн орнотуу, таштандыларды өз убагында чыгаруу:
-жаёы курулган социалдык обьекттерге, конуштарга, көчөлөргө ылайыктуу ысым берүү.
- Программаны аткарууда орун алган көйгөйлөрдү жана аларды
чечүү жолдору
1) Жер участкаларын алууда орун алган көйгөйлөр
- турак жай куруу үчүн бериле турган жер участкасынын которуу
( трансфармация) маселесинин өз убагында чечилбеши;
- жер участкаларын алууга укугу бар жарандардын тизмесин тактоо, анын ичинен биринчи кезекте алуу укугуна ээ болгон жарандардын тизмесин калыс аныктоо;
- жер участкаларын алууда тиешеси аз, же болбосо таптакыр тиешеси жок документтерди топтоо жана өткөрүү
- документтерди кароо учурунда орун алган административдик –бюрократиялык тоскоолдуктар жана себепсиз убаракерчиликтерди жаратуу;
- жер участкаларына алууга тиешелүү документтерди даярдоо учурунда өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик органдар тарабынан түзүлгөн коррупциялык элементтердин орун алышы;
2) Турак жай курууда орун алган көйгөйлөр
- Башкы пландын өз убагында райондук архитектура жана курулуш бөлүмүндө бекитилбеши;
- Башкы планга бекитилгенге чейин жана райондук архитектура жана курулуш бөлүмү тарабынан турак жайдын схемасы даярдалганга чейин жарандардын турак жай курулушун жүргүзүүгө кириши;
- жарандардын турак жай курулушун өз билемдик тартипте баш аламандык менен жүргүзүүсү
Жогоруда көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү өз убагында чечүү иш-чаралары Программаны так аткарууга өбөлгө түзөт.
- Программаны аткаруу жыйынтыктары жана жетишкендиктери
Жарандардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын Программада көрсөтүлгөн милдеттерди жана иш-чараларды кыйшаюсуз өз тартибинде аткаруусу жакшы жыйынтыктарга алып келет.
Жарандардын жер участкаларын алып, жер участкаларына турак жай куруу укугуна ээ болуусу, бир үйдө көп үй-бүлөөлөрдүн бир жашап жатып, жер участкаларын алгандан кийин, үй куруп, өздөрүнчө тиричилик кылууга багыт алуусу, үй-бүлөөлөрдүн турак жайдын жоктугунан ажырашуу мисалдарынын азаюсу, айыл аймакта кожолуктун, калктын санынын көбөйүүсү жер салыктарынын жана социалдык төлөмдөрдүн көп өлчөмдө топтолушу көздөгөн жетишкендиктерге алып келет.