Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз IX сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2022-жылдын 6- апрели № 9/1 Өзгөн шаары
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 7-мартындагы №27 токтомун эске алуу жана Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) туруктуу комиссияларынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз IX сессиясынын отурумунун күн тартибине Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын” 2022-жылдын 7-мартындагы №27 токтомунун жана «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 11-мартындагы №4 протоколунун негизинде киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын” 2022-жылдын 7-мартындагы №27 токтомунун негизинде КЭДП саясий партиясынын тизмеси боюнча шайланган Талипов Абытжан жана Абдырахманов Хатамжан Омаралиевичтин өз арыздарынын негизинде депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгы эске алынсын.
- Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын” 2022-жылдын 7-мартындагы №27 токтомунун негизинде КЭДП саясий партиясынан Салиев Бехзод Баходирович жана Дадажанов Исакжан Исраиловичтин Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланганы эске алынсын.
- Жаңы шайланган депутат Салиев Бехзод Баходирович Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын жана Дадажанов Исакжан Исраилович Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Бюджет, салык жана финансы боюнча» туруктуу комиссиясынын мүчөсү болуп бекитилсин.
4.Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) туруктуу комиссияларынын курамына киргизилген өзгөртүүлөр тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А. Хасанов
Тиркеме
Өзгөн шаардык кеңешинин 2022-жылдын 6-апрелиндеги кезексиз IX сессиясынын №9/1 токтому менен бекитилди
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТУРУКТУУ КОМИССИЯЛАРЫНЫН КУРАМЫ
- «Бюджет, салык жана финансы боюнча» туруктуу комиссиясы:
- Мамазайитов Арапжан Жомолдинович
- Каримов Отабек Тохтасинович
- Абдукаримов Бахадыржан Ибрахимжанович
- Джалилов Азамжан Абдуллажанович
5.Салиев Сардарбек Камбаралиевич
- Дадажанов Исакжан Исраилович
7.Базарбаева Арапатхан Турсунбаевна
2) «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясы:
- Абдурахманов Хатамжан Номанджанович
- Джумаев Хуршид Абдухалилович
- Умаров Эгамберди Мухтаржанович
- Атаджанов Рахман Садикович
- Камбаров Сайдулла Мамасабирович
3) «Социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты, спорт, билим берүү, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча» туруктуу комиссиясы:
- Дехканбаева Малохатхон Хашимовна
- Султанов Улугбек Адылжанович
- Маткабылова Мухайң Тохтасиновна
- Сотволдиев Равшанбек Абдулхамитович
4) «Өнөр-жай, транспорт, архитектура жана курулуш, байланыш жана энергетика боюнча» туруктуу комиссиясы:
- Каримова Таджихан
- Ахмеджанова Гулнара Джабаралиевна
- Шарипов Бегзод Кабылжанович
- Рахимов Равшанбек Инамжанович
5) «Экономика, туризм, инвестицияларды тартуу, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясы:
- Юсупжанов Дилшод Ахмаджанович
- Мавлянов Хожиакбар Патийдинович
3.Кадиркулов Кодиржон Махамаджанович
6) «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясы:
- Киргизбаев Муратжан Мадаминжанович
- Шамуратов Улугбек Юлдашбаевич
- Тапивалдиев Шерзат Турсунбаевич
- Абдурахманов Махмуджан Машрапжанович
- Салиев Бехзод Баходирович
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз IX сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2022-жылдын 6- апрели № 9/2 Өзгөн шаары
Муниципалдык мүлктөрдү күрөөгө коюуга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына ылайык «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» жана «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссияларынын биргелещкен отурумунун 2022-жылдын 25-февралындагы №1 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Саркынды сууларды тазалоочу курулма үчүн сатып алынган 4,715 га муниципалдык жер тилкесин, мурда финансы полициясы пайдаланып келген 620 м2 муниципалдык жерди жана Кайрагач кварталындагы 20 сотых муниципалдык жерди күрөөгө коюуга макулдук берилсин.
2.Мыйзамдарга ылайык жана субкредиттик макулдашуунун негизинде иш жүргүзүү жагы Өзгөн шаардык мэриясына тапшырылсын.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» жана «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага А. Хасанов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын)кезексиз IX сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2022-жылдын 6- апрели № 9/3 Өзгөн шаары
Өзгөн шаардык кеңешинин 2020-жылдын 29-декабрындагы №28/3 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына жана Өзгөн шаардык мэриясынын 2022-жылдын 24-февралындагы №153 катына ылайык «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 18-мартындагы №2 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Өзгөн шаардык кеңешинин 2020-жылдын 29-декабрындагы №28/3 токтому менен бекитилген бюджеттик мекемелерден 1м3 катуу таштандыларды ташып чыгаруу тарифин 327 сомдон 654 сомго жана коммерциялык ишканалардан 1м3 катуу таштандыларды ташып чыгаруу тарифин 357 сомдон 714 сомго өзгөртүүгө макулдук берилсин.
- Бекитилген тарифтер боюнча элге түшүндүрүү иштерин алып баруу, Кыргыз Республикасынын Бааларды жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги менен макулдашуу, 2022-жылдын 1-апрелинен ишке киргизүү Өзгөн-Тазалык муниципалдык ишканасынын директорунун милдетин аткаруучу Н.Юлдашевге милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А. Хасанов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз IX сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2022-жылдын 6- апрели № 9/4 Өзгөн шаары
Өзгөн шаарында жер берүү тартиптерин карап берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер кодексине”, “Жарандык кодексине”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №571 жана №177 токтому менен бекитилген Жоболорго ылайык Өзгөн шаардык мэриясынын 2022-жылдын 10-мартындагы №196 сунуш катынын жана Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 11-мартындагы отурумунун №4 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Өзгөн шаарында менчик жер тилкелеринин багыттарын өзгөртүү тартиби 1-тиркемеге, Өзгөн шаарында жарандар ээлеп турган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу тартиби 2-тиркемеге, Өзгөн шаарында муниципалдык жер тилкелерин сатуу жана ижарага берүү тартиби 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Жер берүү тартиптерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдонуу Өзгөн шаарынын мэри Н.Каримовго милдеттендирилсин.
- Комиссиянын аткарган иштери боюнча «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына квартал сайын маалымат берүү жагы Өзгөн шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А. Хасанов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) 2022-жылдын 6-апрелиндеги кезексиз IX сессиясынын №9/4 токтомунун 1-тиркемеси
Өзгөн шаарында менчик жер тилкелеринин багыттарын өзгөртүү тартиби (процедурасы).
Аталган тартип Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12-беренесинин, Жарандык кодексинин 265-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Пленумунун 2021-жылдын 29-январындагы №1 токтомунун жана шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын корутундусунун негизинде жүзөгө ашырылуучу аракеттер болуп саналат.
- Жер ээси мэрдин атына жекече арыз менен кайрылат (арызга милдеттүү түрдө жерге болгон мамлекеттик актынын көчүрмөсү тиркелет).
- Мэр арыз менен таанышып, МАБ башчысына жана архитекторго визалап арызды чыгарат.
- МАБ башчысы арыздын негизинде өз аймагында элдин пикирин билип 5 жумушчу күн ичинде чогулуш өткөрүп акт жазат жана акттын бир нускасын архитектурага корутундуга тигүү үчүн жиберет.
- Архитектор жерге тийиштүү болгон бардык иш-кагаздарды мыйзамда белгиленген мөөнөттө даярдап шааркуруу кеңешине кароого алып кирет (шааркуруу кеңеши бир айда эки жолунан кем эмес жолу туруктуу отурум өткөрүүсү милдеттүү).
- Шааркуруу кеңешинин протоколуна кол коюлгандан кийин 5 күн ичинде шаардык мэриясынын аппарат жетекчисине токтомдун долбоорун даярдоо үчүн киргизилет.
- Аппарат жетекчи токтомдордун долбоорлорун 3 жумушчу күндүн ичинде даярдап структуралык мекемелердин башчыларына визалоого жиберет.
- Токтомдор визаланып бүткөндөн кийин 2 жумушчу күн ичинде мэрге кол коюу үчүн киргизет.
- Кол коюлган токтомдор каттого алынып шааркуруу кеңешинин төрагасына тапшырылат.
- Шааркуруу кеңешинин төрагасы 2 жумушчу күн ичинде токтомдорду ээлерине жекече тапшырат.
Эскертме: 1. Процедураны жана мөөнөттөрдү бузган ар бир адиске мыйзамдарда белгиленген тартипте мэр тарабынан чара колдолунат.
- Арыздарды кароодо негизги документ болуп архитектуранын корутундусу болуп белгиленет.
Иштеп чыккан: З.Иминов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) 2022-жылдын 6-апрелиндеги кезексиз IX сессиясынын №9/4 токтомунун 2-тиркемеси
Өзгөн шаарында жарандар ээлеп турган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу тартиби (процедурасы).
Аталган тартип Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32, 44-беренелеринин, КРӨнүн 06.05.2005-жылдагы №177 токтому менен бекитилген жобого, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Пленумунун 2021-жылдын 29-январындагы №1 токтомунун жана шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын корутундусунун негизинде жүзөгө ашырылуучу аракеттер болуп саналат.
- Жерди ээлеп турган жаран мэрдин атына жекече арыз менен кайрылат (арызга милдеттүү түрдө колунда жерге бар болгон бардык документтеринин көчүрмөсүн тиркейт).
- Мэр арыз менен таанышып, МАБ башчысына жана мэриянын жер боюнча жооптуу адисине визалап арызды чыгарат.
- МАБ башчысы арыздын негизинде өз аймагында атайын түзүлгөн комиссиясы менен 5 жумушчу күн ичинде отурум өткөрүп протокол жазат жана протоколдун бир нускасын архитектурага корутундуга тигүү үчүн жиберет.
- Жер боюнча мэриянын адиси архитектор менен бирге жерге тийиштүү болгон топосьемканы мыйзамда белгиленген мөөнөттө даярдап шаардык мэриянын алдында түзүлгөн комиссиянын кароосуна алып кирет (комиссия бир айда бир жолунан кем эмес жолу туруктуу отурум өткөрүүгө милдеттүү).
- Комиссия Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинде, Жарандык Кодексине жана КРӨнүн 06.05.2005-жылдагы № 177 токтому менен бекитилген жобого ылайык отурумун өткөрүп, тизмеленген реестр боюнча корутундулар менен таанышып протокол жазат. Протоколдо реестр боюнча каралган материалдардын мыйзамга дал келбегенин архитектура кызматынын өкүлүнө толуктоого жиберет.
- Архитектура кызматы 10 күн ичинде кемчилдиктерди толуктап комиссиянын кароосуна кайра алып кирет.
- Комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынган чечим протоколдоштурулуп, кол коюлгандан кийин 10 күн ичинде шаардык мэриянын аппарат жетекчисине токтомдун долбоорун даярдоо үчүн киргизилет.
- Аппарат жетекчи токтомдордун долбоорлорун 10 жумушчу күндүн ичинде даярдап архитектура кызматынын башчысына, мэриянын юристине визалоого жиберет.
- Токтомдор визаланып бүткөндөн кийин 2 жумушчу күн ичинде мэрге кол коюу үчүн киргизет.
- Кол коюлган токтомдор каттого алынат.
- Мэриянын аппарат жетекчиси 2 жумушчу күн ичинде токтомдорду МАБ башчыларына жекече тапшырат.
Эскертме:1. Комиссиянын чечими мыйзамга ылайык негизги документ болуп
эсептелинет.
2.Процедураны жана мөөнөттөрдү бузган ар бир адиске Мыйзамдарда
белгиленген тартипте мэр тарабынан чара колдолунат.
Иштеп чыккан: З.Иминов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) 2022-жылдын 6-апрелиндеги кезексиз IX сессиясынын №9/4 токтомунун 3-тиркемеси
Өзгөн шаарында муниципалдык жер тилкелерин сатуу жана ижарага берүү тартиби (процедурасы).
Аталган тартип Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 7, 44-беренелеринин, КРӨнүн 23.09.2011-жылдагы №571 токтому менен бекитилген жобого жана шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын корутундусунун негизинде жүзөгө ашырылуучу аракеттер болуп саналат.
- Жер сураган жаран мэрдин атына жекече арыз менен кайрылат (арызга милдеттүү түрдө суралган жердин дарегин, болжол менен аянтын көрсөтөт жана кайсыл багытта иштетүү ниетин билдирет).
- Мэр арыз менен таанышып, МАБ башчысына жана МММБ департаменти аркылуу архитекторго тең аракет жүргүзүү максатында визалап арызды чыгарат.
- МАБ башчысы арыздын негизинде өз аймагында элдин пикирин билип 3 жумушчу күн ичинде чогулуш өткөрүп акт жазат жана акттын бир нускасын архитектурага корутундуга тигүү үчүн жиберет.
- МММБ департаментинин катынын негизинде архитектор 3 жумушчу күн ичинде берилиши мүмкүн болгон жердин багытын аныктайт, кызыл же саруу сызыктардын чегин белгилеп корутундуну жана 1:1500 масштабдагы топографиялык картаны даярдап департаментке жиберет.
- МММБ департаменти корутундуну тактап ушул күнгө чейин топтолгон корутундулар менен реестр даярдайт.
- МММБ департаменти визага ылайык 3 жумушчу күн ичинде комиссиянын отурумун уюштурат (комиссиянын отуруму бир айда эки жолу өткөрүлөт).
- Комиссия отурумунда реестрге ылайык материалдар менен таанышып чечим кабыл алат. Комиссиянын мүчөлөрү протоколго кол коюуп бүткөндөн кийин протокол мэрге макулдашууга киргизилет, макулдашылган протоколдун чечимине ылайык кайра архитектура кызматына ИТШ жана АПШ даярдоо үчүн жиберилет.
- ИТШ жана АПШ даяр болгондон кийин аталган архитектуралык документтер менен протокол МММБ департаментине келишим даярдоо максатында кайра киргизилет. Түзүлгөн келишимдер 5 жумушчу күн ичинде ээлерине жекече тапшырат.
- Мурда ижарага берилген жерлер Жер Кодексинин 7-беренесинин жана КРӨнүн №571 токтому менен бекитилген Жобонун 4-главасынын 11-пунктунун талаптарына ылайык жүргүзүлөт. Ал мезгилде ушул тартиптин 2,3,4,6,7 пункттары колдонулбай эле түздөн-түз комиссиянын кароосуна киргизилет. Комиссиянын отурумунда жердин ижара акысынын өлчөмү КРӨнүн №571 токтому менен бекитилген Жобонун 39-пунктунун талаптарына ылайык бекитилет. Ижара мөөнөтү жер берүү боюнча мэриянын ыйгарым укуктуу органынын жетекчиси тарабынан мэрдин макулдашуусу менен белгиленет.
Эскертме: 1. Архитектура кызматынын корутундусу жана комиссиянын чечими
келишим түзүүгө негиз болот.
- Архитектуралык документтер үчүн кеткен чыгымдар келишимде көрсөтүлөт жана жерди ижарага алган жаран тараптан төлөөнүүгө тийиш, МММБ департаментинин эсеп счетуна төлөнөт.
- Процедураны жана мөөнөттөрдү бузган ар бир адиске мыйзамдарда
белгиленген тартипте мэр тарабынан чара колдолунат.
- Тоорук жолу менен берилүүчү жер тилкелери КР нын мыйзамдарында
белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
- Ижара мөөнөтүн узартуу боюнча арыздар комиссияда кайрадан
каралып, ижара акысы жана жерди иштетүү эрежелери өзгөрүшү мүмкүн.
Иштеп чыккан: З.Иминов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз IX сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2022-жылдын 6- апрели № 9/5 Өзгөн шаары
МММБ департаментине “Айыл банк” ААК аркылуу жалпы суммасы 107500 (бир жүз жети миң беш жүз) АКШ доллары, банк тарабынан бекиткен учурдагы Улуттук Банктын учеттук курсу көрсөтүлгөн сом өлчөмүндөгү акча каражатына лизингке техникалар сатып алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына ылайык Өзгөн шаардык мэриясынын 2022-жылдын 18-мартындагы №287 сунуш катынын жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 30-мартындагы №3 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- МММБ департаментине 16 пайыз менен 5 жылдык мөөнөткө “Айыл Банк” ААК менен келишим түзүп, жалпы суммасы 34 700 (отуз төрт миң жети жүз) АКШ доллары, банк тарабынан бекиткен учурдагы Улуттук Банктын учеттук курсу көрсөтүлгөн сом өлчөмүндөгү баа менен JINGONG JGM9085L-8 эксковаторун лизингге алууга макулдук берилсин.
- МММБ департаментине 16 пайыз менен 5 жылдык мөөнөткө “Айыл Банк” ААК менен келишим түзүп, жалпы суммасы 36 400 (отуз алты мин торт жуз) АКШ доллары, банк тарабынан бекиткен учурдагы Улуттук Банктын учеттук курсу көрсөтүлгөн сом өлчөмүндөгү баа менен FAV CA5123ZYS08 мусоровоз лизингге алууга макулдук берилсин.
- МММБ департаментине 16 пайыз менен 5 жылдык мөөнөткө “Айыл Банк” ААК менен келишим түзүп, жалпы суммасы 36 400 (отуз алты миң төрт жүз) АКШ доллары, банк тарабынан бекиткен учурдагы Улуттук Банктын учеттук курсу көрсөтүлгөн сом өлчөмүндөгү баа менен FAV CA5123ZYS08 мусоровоз лизингке алууга макулдук берилсин.
- Жогоруда көрсөтүлгөн JINGONG JGM9085L-8 эксковатор 1 (бир) даана жана FAV CA5123ZYS08 мусоровоз 2 (эки) даана Өзгөн шаардык мэриясынан 30 % каржылоосун 3 000 0000 (үч миллион) сомду, эске алуу, мамлекеттик камсыздандыруусу жана бажы камсыздандыруусу менен бирдикте (техникалар алуу күнүнө карата доллардын курсунун өзгөрүүсүнө жараша төлөмдөр жүргүзүлсүн).
- МММБ департаментине алган техникалар үчүн, жыл сайын так суммасын жана пайызын “Айыл-Банк” ААК төлөп турууга, Өзгөн шаардык мэриясына жана МММБ департаментине милдеттендирилсин.
- Техникаларды алууга жана тиешелүү иш кагаздарына кол коюуга МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу А.Талиповго укук берилсин.
- Лизинг аркылуу сатып алынган атайын техникаларды максаттуу пайдаланууну көзөмөлдөө МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу А.Талиповго милдеттендирилсин.
- Лизингге алынуучу техникаларды каржылоо үчүн төлөмдөр түзүлгөн келишимге ылайык МММБ департаменти аркылуу жүргүзүлсүн.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А. Хасанов