Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги VII сессиясынын
отурумунун
ТОКТОМУ
2021-жылдын 29–декабры № 7/1 Өзгөн шаары
Өзгөн шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын шаардын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына жана Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) 2021-жылга карата бекитилген иш-планына ылайык «Муниципиалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын маалыматынын негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 1. Өзгөн шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын шаардын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери кетирилген кемчилдиктерин эске алуу менен канаттандыраарлык деп табылсын.
- Өзгөн шаарынын мэри Н. Каримовко милдеттендирилсин:
- Өзгөн шаарынын генералдык планын иштеп чыгуу максатында жетиштүү акча каражатынын булактарын аныктоо;
- шаардын чек арасын архитектура башкармалыгы менен биргеликте тактоо иштерин күчөтүү.
- Өзгөн шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Р.Ашировго милдеттендирилсин:
- текшерүүнүн жүрүшүндө белгиленген кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чара иштеп чыгып, анын аткарылышы боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында маалымат берүү;
- шаардын аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды иретке келтирүү;
- Өзгөн шаарынын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу боюнча изилденүү жана конкреттүү сунуштар менен тийиштүү жерлерге кайрылуу;
- акы төлөп кызмат көрсөтүү боюнча бааларды кайрадан карап чыгып, шаардыктардын жашоо шартына ылайыктоо;
- шаардагы автотыгындарды азайтуу боюнча шаар мэриясына жана тийиштүү жерлерге сунуш берүү.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципиалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» жана «Өнөр жай, транспорт, архитектура жана курулуш, байланыш жана энергетика боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага А. Хасанов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги VII сессиясынын
отурумунун
ТОКТОМУ
2021-жылдын 29–декабры № 7/2 Өзгөн шаары
Өзгөн шаардык мэриясынын экономика бөлүмүнүн жүргүзүп жаткан иштери
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына жана Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) 2021-жылга карата бекитилген иш-планына ылайык “Экономика, туризм, инвестицияларды тартуу, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча” туруктуу комиссиясынын маалыматынын негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Өзгөн шаарынын мэри Н.Каримовго:
-Өзгөн шаардык мэриясынын экономика жана инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн кызматкерлеринин экономикалык, бюджеттик, инвестицияларды тартуу жана кредиттик саясат боюнча билим денгээлдерин өркүндөтүү.
-Экономика бөлүмүнүн кызматкерлеринин ишин жандандыруу максатында алардын материалдык техникалык базасын чындоо.
-шаардын аймагында иш жүргүзүп жаткан мекеме-уюмдардын, жеке ишкерлердин тизмелерин кайрадан тактоо.
-2022-жылдын 1-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине ылайык жергиликтүү бюджеттин долбоорун түзүүдө коомдук бюджеттик угууларды өткөрүү.
-жеке ишкерлер менен иштөөнү жандандыруу, аларга бюджеттик, салыктык жана кредиттик саясат боюнча окуу-тренингдерди уюштуруу.
-Өзгөн шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасын жана аткарылуучу иштердин титулдук тизмесин түзүүдө депутаттардын жана элдин сунуштарын эске алуу.
-ички жана тышкы инвестицияларды тартуу жана ири долбоорлор менен иштөөнү күчөтүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгып, анын аткарылышы боюнча шаардык кеңешке маалымат берүү тапшырылсын.
- 2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) “Экономика, туризм, инвестицияларды тартуу, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А. Хасанов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги VII сессиясынын
отурумунун
ТОКТОМУ
2021-жылдын 29–декабры № 7/3 Өзгөн шаары
Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу мекемелердин
жүргүзүп жаткан иштери
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына жана Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) 2021-жылга карата бекитилген иш-планына ылайык «Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясынын маалыматынын негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу мекемелердин жүргүзүп жаткан иштеринде кетирилген кемчилдиктер жана кошумча аткарыла турган иштер боюнча депутаттар тарабынан айтылган сунуштар эске алынсын.
- Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н. Шамаматовго:
- окуучуларга сапаттуу билим берүү боюнча жетиштүү денгээлде иш жүргүзүү боюнча иш-чара иштеп чыгуу, бүтүрүүчүлөрдүн жалпы республикалык тестирлөөгө катышуу, босого баллдан өтүү көрсөткүчүн көтөрүү;
- билим берүү мекемелерин педагогикалык кадрлар менен толук камсыздоо боюнча иш жүргүзүү;
- окуучулардын сабактарга толук катышуусу боюнча ата-энелер, кварталдык комитеттердин төрагалары жана коомчулук менен тыгыз байланышта иштөө боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу, аны көзөмөлгө алуу;
- билим берүү багытында реформа жасоо боюнча перспективалык пландарды иштеп чыгуу;
- окуучуларды окуу китептери менен толук камсыздоо боюнча конкреттүү чараларды көрүү;
- башка шаарлар менен, шаардагы мектептер, балдар бакчалар арасында тажрыйба алмашуу боюнча иш жүргүзүү;
- 1-4 класстардын окуучуларына берилүүчү шашке тамактын сапатын дайыма көзөмөлдөп турууну тийиштүү кызматкерлерден талап кылуу;
- шаардык билим берүү мекемелеринин тазалыгын сактоону, айланасын көрктөндүрүүнү уюштуруу жагын мектеп директорлорунан, балдар бакчаларынын башчыларынан талап кылуу;
- шаардык билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, мектеп окуучуларына, балдар бакчаларынын тарбиялануучуларына жетиштүү шарт түзүү боюнча изденүү жана тийиштүү жерлерге кайрылуу;
- 3-чейректин жыйынтыгы менен шаардык кеңештин сессиясында маалымат берүү милдеттендирилсин.
- Шаардык билим берүү мекемелериндеги көйгөйлөрдү тактоо, инфраструктурасын жакшыртуу максатында жумушчу комиссия түзүп, мыйзамга ылайык ал иштерди жергиликтүү бюджеттин эсебинен аткарылуучу иштердин титулдук тизмесине киргизүү Өзгөн шаарынын мэри Н. Каримовго сунушталсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А. Хасанов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги VII сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2021-жылдын 29–декабры № 7/4 Өзгөн шаары
Өзгөн шаарынын аймагында алкоголдук ичимдиктерди сатуу убактысына чектөө киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык жана Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 21-декабрындагы отурумунун №8 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Өзгөн шаарынын аймагында алкоголдук ичимдиктерди саат 20-00 дөн кийин сатууга чектөө киргизилсин жана саат 20-00 дөн баштап, саат 8-00 гө чейин алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салынсын.
- Өзгөн шаарынын аймагында алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын 18 жашка чейинки өспүрүмдөргө сатууга тыюу салынсын.
- Токтомду аткаруу боюнча мыйзам чегинде уюштуруу иштерин жүргүзүү Өзгөн шаардык мэриясына тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А. Хасанов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги VII сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2021-жылдын 29–декабры № 7/5 Өзгөн шаары
Өзгөн шаарынын башкы планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Өнөр жай, транспорт, архитектура жана курулуш, байланыш жана энергетика боюнча» туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 10-декабрындагы №2 протоколунун жана Өзгөн шаардык мэриясынын 2021-жылдын 17-ноябрындагы №1111 катынын негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Өзгөн шаарынын “Борбор” кварталынын Манас көчөсүндөгү №32 Б көп кабаттуу турак үйүнүн түндүк тарабында жана № 32 В көп кабаттуу турак үйүнүн батыш тарабында жайгашкан 1850,0 чарчы метр муниципалдык жер тилкесинин багытын автоунаа токтоочу жай багытынан көп кабаттуу турак үй куруу багытына өзгөртүп, шаардын башкы планына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү боюнча Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына жана Өзгөн шаардык кеңешинин Регламентине ылайык сессиянын отурумуна добуш берүүгө катышкан 22 депутаттын 14-макул, 8-каршы добуш бергендиги белгиленсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Өнөр жай, транспорт, архитектура жана курулуш, байланыш жана энергетика боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А. Хасанов