Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги V сессиясынын отурумунун

ТОКТОМУ

        2021-жылдын 7 –октябры                № 5/1                                    Өзгөн шаары

Өзгөн шаарынын бюджетинин 2021-жылдын 6 айы ичинде аткарылышы

 Жөнүндө

 

            Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана финансы боюнча» туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 23-сентябрындагы отурумунун №3 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңеши,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

  1.        Өзгөн шаарынын бюджетинин 2021-жылдын 6 айындагы киреше бөлүгүнүн 56235,4 миң сомго, чыгаша бөлүгүнүн 48351,7 миң сомго аткарылгандыгы эске алынсын.
  2.    Бюджеттин киреше бөлүгүн сапаттуу аткарылышын камсыздоо, бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча иш жүргүзүү Өзгөн шаарынын мэри Н.Каримовго тапшырылсын.

          3.Өзгөн шаарынын бюджетинин 2021-жылдын 6 айындагы кирешелер планына 3398,6 миң сомго тактоо киргени: анын ичинен бюджеттик каражаттар планына 3800,0 миң сом, республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар планына 98,6 миң сом кошулгандыгы жана атайын каражаттар планынан 500,0 миң сом кыскартылганы эске алынсын.

  1.   Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2021-жылдын 6 айындагы атайын каражаттарынын чыгашалар планынан 500,0 миң сом кыскартууга макулдук берилсин.
  2.    Бюджеттин тең салмактуулук принцибин сактоо менен жогорудагы мекемелердин сметасына өзгөртүү киргизүү жана кирешелер планын Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги менен тактоо Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Өзгөн финансы башкармалыгынан суралсын, бюджеттин каражаттарын максаттуу жана үнөмдүү пайдалануу жагын көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри Н.Каримовго милдеттендирилсин.
  3.   Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана финансы боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

                           Төрага                                                      А. Хасанов

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги V сессиясынын отурумунун

                                                                  ТОКТОМУ                                                       

        2021-жылдын     7– октябры             № 5/2                              Өзгөн шаары

«Өзгөн Таза Суу» муниципалдык ишканасынын шаардын калкын таза суу менен камсыз кылууда жүргүзүп жаткан иштери

 

            Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына жана Өзгөн шаардык кеңешинин 2021-жылга карата бекитилген иш-планына ылайык «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын маалыматынын негизинде күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. «Өзгөн Таза Суу» муниципалдык ишканасынын шаардын калкын таза суу менен камсыз кылууда жүргүзүп жаткан иштери канаттандыраарлык эмес деп табылсын.
  2. Өзгөн шаарынын мэри Н.Каримовго тапшырылсын:

- «Өзгөн Таза суу» МИнын ишин дайыма көзөмөлгө алуу;

- «Өзгөн Таза суу» МИнын штаттык бирдигин оптималдаштырууну көзөмөлдөө;

- квартал сайын ишкананын аткарган иши боюнча отчетторун алуу;

-  ишкананын кирешесин көбөйтүү максатында суу пайдалануучулар (кожолуктар, чарбалык эсепте иштеген жана бюджеттик мекеме-уюмдар, коммерциялык ишканалар) менен келишимдердин реалдуу түзүлүшүн жана кирешелердин толук төлөнүшүн көзөмөлдөө боюнча комиссия түзүп, шаардык кеңешке маалымат берүү;

- мыйзам бузууга жол койгон ишкананын жетекчисине мыйзам чегинде чара көрүү.

  1. «Өзгөн Таза суу» МИнын директоруна милдеттендирилсин:

         - ЕБРР менен биргеликте жасалып жаткан долбоорду жандандыруу жагы ;

         - суу жоготуунун көрсөткүчүн азайтуу боюнча иш-чара иштеп чыгып, шаардык мэрия менен макулдашуу жана 2022-жылдын 1-январына чейин  конкреттүү жыйынтык көрсөтүү;

        - суу пайдалануучулар менен түзүлгөн келишимдердин толук жана реалдуу түзүлүшүн, кирешелердин толук түшүшүн камсыз кылуу жана аткарылган иштер боюнча шаардык кенешке маалымат берүү;

        - кирешелерди эффективдүү пайдалануу боюнча иш-чара иштеп чыгуу, кызматкерлердин эмгек акысын мыйзамдарга ылайык төлөөнү жөнгө салуу, ишкананын штатын оптималдаштыруу боюнча шаардык мэрия менен биргеликте кенештин кароосуна киргизүү;

- өнбөгөн төлөмдөрдү өндүрүү боюнча иш-чара иштеп чыгып, анын аткарылышын камсыздоо;

- мекеменин башкы эсепчисине чара көрүү;

- тариф саясатын кайрадан карап чыгуу жагы .

  1. Ишкананын финансы-чарбалык ишин көз каранды эмес аудит чакыртып текшерүү Өзгөн шаарынын мэри Н.Каримовго сунушталсын.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

                              

                                    Төрага                                                         А. Хасанов

 

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги V сессиясынын отурумунун

 

                                                                  ТОКТОМУ

                                                          

        2021-жылдын     7–октябры             № 5/3                               Өзгөн шаары

 

Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын инфраструктурасын жакшыртууда жүргүзүлүп жаткан иштер

 

            Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына жана Өзгөн шаардык кеңешинин 2021-жылга карата бекитилген иш-планына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын маалыматынын негизинде күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңеши,

 

                                                                          ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

       1.Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын инфраструктурасын жакшыртууда жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндөгү комиссиянын маалыматы эске алынсын.

  1. Комиссиянын сунушунун негизинде аткарылган жумуштар боюнча шаардык кеңешке маалымат берүү Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын директору Х. Курбановго милдеттендирилсин.
  2. Бактын жалпы инфраструктурасын жакшыртуу боюнча атайын иш-чара иштеп чыгып, аткарылган иштер боюнча шаардык кеңешке маалымат берүү жагы Өзгөн шаарынын мэри Н.Каримовго милдеттендирилсин.  
  3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

                                Төрага                                                             А. Хасанов

 

 

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги V сессиясынын отурумунун

 

                                                                  ТОКТОМУ                                                                  

        2021-жылдын     7–октябры          № 5/4                                    Өзгөн шаары

 

МММБ департаментинин 2021-жылдагы сметасында каралган каражаттарды Капиталдык курулуш башкармалыгы муниципалдык ишканасынын жана Өзгөн шаар мэриясынын чыгашалар планына жылдырууга макулдук берүү жөнүндө

 

            Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык Өзгөн шаардык мэриясынын 2021-жылдын 14-сентябрындагы №988, 23-сентябрындагы №1005  катынын жана Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана финансы боюнча» туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 23-сентябрындагы отурумунун №3 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңеши,

                                                                          ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

        1.МММБ департаментинин 2021-жылдагы сметасында каралган каражаттын эсебинен (титулдук тизмеден) капиталдык курулуш башкармалыгы муниципалдык ишканасынын 2021-жылдагы сметасына тиркемеге ылайык 24016,3 миң сом жылдырууга макулдук берилсин.

  1. МММБ департаментинин 2021-жылдагы сметасында муниципалдык аймактык башкармалыктарынын башчыларынын эмгек акысына каралган акча каражатынын эсебинен 395,6 миң сомду, соцфонд төлөмдөрүнө каралган 71,6 миң сомду Өзгөн шаардык мэриясынын 2021-жылдагы сметасына жылдырууга жана муниципалдык аймактык башкармалыктарынын башчыларынын эмгек акысын Өзгөн шаар мэриясынын сметасынан төлөөгө макулдук берилсин.
  2. Бюджеттин тең салмактуулук принцибин сактоо менен жогорудагы мекемелердин сметасына өзгөртүү киргизүү Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Өзгөн финансы башкармалыгынан суралсын, бюджеттин каражаттарын максаттуу жана үнөмдүү пайдалануу жагын көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри Н.Каримовго милдеттендирилсин.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана финансы боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

                                Төрага                                                             А. Хасанов

 

 

 

                                                                            

                                                                         Өзгөн шаардык кеңешинин 2021-жылдын      

                                                                         7-октябрындагы  кезектеги V сессиясынын

                                                                         №5/4 токтомунун

                                                                         тиркемеси

 

МММБ департаментинин 2021-жылдагы сметасында каралган каражаттын эсебинен (титулдук тизмеден) капиталдык курулуш башкармалыгы муниципалдык ишканасынын 2021-жылдагы сметасына жылдырылган каражаттардын маалыматы

 

Аткарылуучу иштер

Керектелүүчү каражат.

1

Мажурум-Тал кварталына 75 орундуу бала бакча куруу

3000000

2

мыйзамсыз курулуштарга

400000

3

Проекттерди кароо үчүн арх.кадастр, и.т.д

300000

4

Цемент сатып алууга (200 т)

700000

5

Янги-Хаят кварталына бала бакча куруу

2000000

6

А. Навои мектебине кичи футбол аянтча куруу жана интернет зымын сатып алуу

200000

7

Бабур мектебине кичи футбол аянтча куруу, электр жабдыктарын жаңылоо, видео көзөмөл орнотуу, колесниктерин жаңылоо

800000

8

Ч. Айтматов мектебине кичи футбол аянтча куруу, жарыктандыруу, видео көзөмөл орнотуу, дарбаза орнотуу, лоток орнотуу

1000000

9

Гимназия мектебине кичи футбол аянтча куруу, суу чыгаруучу насос, отканасына вентиляциялык мотор алуу, мектептин тегерегин тосмолоо

500000

10

С. Шарипов мектебинин отканаасын оңдоо, 1 котел алуу

500000

11

Курманжан-Датка мектебинин отканаасын оңдоо, 1 котел алуу

500000

12

Ленин мектебине котельник куруу, трубаларды алмаштыруу

1000000

13

Салижан Шарипов, Бабур жана Гимназия мектебине 3 даана 14 орундуу ажаткана куруу үчүн

1800000

14

Ай-Мээрим бала бакчасына котельник куруу жана котел сатып алуу үчүн

500000

15

Ч. Айтматов орто мектебинин базасында курулуп жаткан бала бакчаны жасалгалоо үчүн

200000

16

Ай-Шооласы балдар бакчасына түнкү жарыткыч, отказанын оңдоо үчүн

535700

17

Булбулча балдар бакчасына ысык суу, ички электр системасын жаңылоо, дарбаза куруу

200000

18

Ак-кеме балдар бакчасынын курулуп жаткан ашканасынын долбоору туура эмес болуп калгандыгына байланыштуу кошумча каражат кароо

40000

19

Жол белгилерин чийүүчү техника жана краскасын сатып алууга

200000

20

Шаар көчөлөрүнө "лежащий полицейский" курууга

200000

21

Көчөлөргө лоток сатып алуу

3500000

22

Түнкү жарыткыч (прожектор) жана электр зымын сатып алуу үчүн

1000000

23

Фархад каналына таштама арык куруу

1000000

24

Ташлак кварталына жаштар борборунун иш кагаздарын даярдоо жана куруу

500000

25

Мажирим тал кварталына спорт зал куруу

700000

26

Төрт-көчө кварталында жаштарга спорт зал куруу

700000

27

Пайзабад кварталында жаштарга спорт зал куруу

700000

28

Борбор кварталына балдар ойноочу аянтты оңдоо

100000

29

Жаңы Өзгөн кварталына иш бөлмө куруу.

50000

30

Жаныбек казы кварталына ажаткана куруу.

150000

31

Гузар-1 кварталына иш бөлмө куруу.

60000

32

Ленин, Г.Тешебаев жана Скрябина көчөлөрүндөгү көпүрөнү оңдоо

200000

 

   Жалпы

23 235 700,0

 

башка аткарылуучу иштер

780 600,0

 

Бардыгы

24 016 300,0

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин

жооптуу катчысы:

Д.Турдахунов

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги V сессиясынын отурумунун

 

ТОКТОМУ           

                                                         

  2021-жылдын     7–октябры                   № 5/6                                    Өзгөн шаары

«Өзгөн шаарынын ардактуу атуулу» наамын  ыйгаруу  жөнүндө

 

          Өзгөн шаардык кеңешинин «Өзгөн шаарынын ардактуу атуулу» жөнүндө Жобосуна ылайык Өзгөн шаардык мэриясынын 2021-жылдын 30-сентябрындагы №1018 катынын жана Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 1-октябрындагы №6 протоколунун негизинде Өзгөн шаардык кеңеши,            

           

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Өзгөн шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн Туташев Тургун Садирдиновичке жана Сакин Пынарбашыга «Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

 

  1. «Өзгөн шаарынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылган жарандарга «Өзгөн шаарынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылгандыгын тастыктоочу документтерди даярдоо жана салтанаттуу тапшырууну уюштуруу Өзгөн шаардык кеңешинин аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                          А. Хасанов

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги V сессиясынын отурумунун

                                                                  ТОКТОМУ                                                       

        2021-жылдын     7–октябры             № 5/7                                    Өзгөн шаары

Өзгөн шаарынын вице-мэри кызматына дайындоого макулдук берүү жөнүндө

       Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык Өзгөн шаардык мэриясынын 2021-жылдын 1-сентябрындагы №938 сунуш катынын жана Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 3-сентябрындагы отурумунун №5 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 1. Аттокуров Уланбек Аттокуровичти - Өзгөн шаарынын вице-мэри кызматына дайындоого макулдук берүүдө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына жана Өзгөн шаардык кеңешинин Регламентине ылайык жетиштүү добуш албагандыгы белгиленсин.
  2. Өзгөн шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу Аттокуров Уланбек Аттокуровичтин кызматтык абалын мыйзамга ылайык кароо Өзгөн шаарынын мэри Н.Каримовго тапшырылсын.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

                                Төрага                                                      А. Хасанов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги V сессиясынын отурумунун

                                                                ТОКТОМУ                                                                     

        2021-жылдын     7–октябры             № 5/8                                  Өзгөн шаары

Өзгөн шаардык мэриянын алдындагы МММБ департаментинин директору кызматына дайындоого макулдук берүү жөнүндө

       Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык Өзгөн шаардык мэриясынын 2021-жылдын 1-сентябрындагы №938 сунуш катынын жана Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 3-сентябрындагы отурумунун №5 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңеши,

                                              ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 1. Акиев Алтынбек Кеңешбековичти – Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директору кызматына дайындоого макулдук берилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаарынын мэри Н.Каримовго тапшырылсын.

 

Төрага                                                          А. Хасанов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги V сессиясынын отурумунун

                                                                  ТОКТОМУ                                                                              

        2021-жылдын     7–октябры              № 5/9                                    Өзгөн шаары

Н.Азнабакиев атындагы сейил багынын директору кызматына дайындоого макулдук берүү жөнүндө

       Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык Өзгөн шаардык мэриясынын 2021-жылдын 1-сентябрындагы №938 сунуш катынын жана Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 3-сентябрындагы отурумунун №5 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңеши,

                                              ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 1. Курбанов Хайрилажан Махаматшакировичти - Н.Азнабакиев атындагы сейил багынын директору кызматына дайындоого макулдук берилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаарынын мэри Н.Каримовго тапшырылсын.

 

Төрага                                                          А. Хасанов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги VI сессиясынын отурумунун

                                                                  ТОКТОМУ                                                                               

   2021-жылдын  2–ноябры                       № 6/ 1                                    Өзгөн шаары

«Өзгөн-Тазалык» муниципалдык ишканасынын шаардын тазалыгын камсыз кылууда жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына жана Өзгөн шаардык кеңешинин 2021-жылга карата бекитилген иш-планына ылайык «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын маалыматынын негизинде күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. «Өзгөн-Тазалык» муниципалдык ишканасынын шаардын тазалыгын камсыз кылууда жүргүзүп жаткан иштери кетирилген кемчилдиктерди эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
  2. Өзгөн шаарынын мэри Н.Каримовго:

    - шаардын тазалыгын камсыз кылуу, шаарды абат кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана аны жүзөгө ашыруу;

    - шаарда жайгашкан мекеме-уюмдардын, ишканалардын менчигинин түрүнө карабастан территориясынын тазалыгын дайыма көзөмөлгө алуу   тапшырылсын.

  1. «Өзгөн-Тазалык» муниципалдык ишканасынын директорунун милдетин убактылуу аткаруучу Н.Юлдашевге:

      - текшерүүнүн жүрүшүндө белгиленген кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чара иштеп чыгып, анын аткарылышы боюнча 2021-жылдын 31-декабрына чейин шаардык кеңешке маалымат берүү;

     - ишкананын стратегиялык иш-планын иштеп чыгуу, материалдык-техникалык базасын чыңдоо, кирешени көбөйтүү;

     - чарбалык эсеп менен иш жүргүзүүнү жандандыруу, өнбөгөн төлөмдөрдү тез арада өндүрүү, эл жана коммерциялык ишканалар менен түзүлгөн келишимдердин санын көбөйтүү боюнча конкреттүү чараларды иштеп чыгуу;

     - таштандыларды ташып чыгарууну графикке ылайык так аткаруу, кызматкерлердин ишке болгон жоопкерчилигин күчөтүү, штаттык бирдиктерди оптималдаштыруу жана шаардын тазалыгын дайыма көзөмөлгө алуу;

      - эскилиги жеткен муниципалдык менчиктеги мүлктөрдү тактап, эсептен чыгаруу боюнча МММБ департаментине тез аранын ичинде сунуш берүү жагы милдеттендирилсин.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

                                                                  

                              Төрага                                                               А. Хасанов

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги VI сессиясынын отурумунун

ТОКТОМУ

2021-жылдын  2 –ноябры                          № 6/2                                       Өзгөн шаары

Өзгөн шаарынын бюджетинин 2021-жылдын 9 айында ашыкча аткарылышынын эсебинен кошумча иштерге каржылоого макулдук берүү жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 44-беренеси 4-пунктуна ылайык Өзгөн шаардык мэриясынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №1059 катынын жана Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана финансы боюнча»,  «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларынын 2021-жылдын 23-октябрындагы биргелешкен отурумунун №1 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңеши,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2021-жылдын 9 айындагы кирешелер планынын 6 000,0 миң сомго ашыкча аткарылышынын эсебинен тиркемелерге ылайык каржылоого макулдук берилсин. Анын ичинен “Жашылдандыруу чарбасы” муниципалдык ишканасына 1-тиркемеге ылайык 678,0 миң сом, “Капиталдык курулуш башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын өздүк сметасына 2-тиркемеге ылайык 352,7 миң сом, титулдук тизмеге кошумча иштерди аткарууга 3-тиркемеге ылайык 3 006,6 миң сом, МММБ департаментине 4-тиркемеге ылайык 50,0 миң сом, Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу “Жылдызча” балдар бакчасына 5-тиркемеге ылайык 506,7 миң сом, шаардык мэрияга 6-тиркемеге ылайык 816,0 миң сом, шаардык кеңешке 7-тиркемеге ылайык 240,0 миң сом, Социалдык коргоо бөлүмүнүн 2721 “Элге жеңилдиктер” статьясына 8-тиркемеге ылайык 350,0 миң сом кошумча каржылоого макулдук берилсин. Титулдук тизмедеги кошумча иштерди “Капиталдык курулуш башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын эсеп счетунан каржылоого макулдук берилсин.
  2. Бюджеттин тең салмактуулук принцибин сактоо менен жогорудагы мекемелердин сметасына өзгөртүү киргизүү жана кирешелер планын Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги менен тактоо Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Өзгөн финансы башкармалыгынан суралсын. Бюджеттен бөлүнгөн кошумча каражаттарды максаттуу жана үнөмдүү пайдалануу жагын көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри Н.Каримовго милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана финансы боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

     Төрага                         А. Хасанов

 

 

                                                                                                                                                            

                                                                             Өзгөн шаардык кеңешинин 2021-жылдын      

                                                                             2-ноябрындагы  кезектеги VI сессиясынын

                                                                             № 6/2 токтомунун

                                                                             1-тиркемеси

 

Өзгөн шаарынын бюджетинин 2021-жылдын 9 айында ашыкча аткарылышынын эсебинен “Жашылдандыруу чарбасы” муниципалдык  ишканасына бөлүнгөн каражаттар боюнча маалымат

№ п/п

Аткарылуучу иштердин аталышы

Саны,        көлөмү

Баасы,    сом

Жалпы баасы, сом

1

Кыш мезгилинде кар сүрүү үчүн МАЗ-5447 машинасына лопата

1

200 000

200 000

2

Күнөскана (теплица) курулушуна

1

400 000

400 000

3

Күйүүчү май (солярка)

1 500 литр

52 000

78 000

Бардыгы

 

 

678 000

 

                                                                                

 

 

Өзгөн шаардык

кеңешинин төрагасы                                                        А.Хасанов

 

 

 

                                                                             Өзгөн шаардык кеңешинин 2021-жылдын      

                                                                             2-ноябрындагы  кезектеги VI сессиясынын

                                                                             № 6/2  токтомунун

                                                                             2-тиркемеси

 

Өзгөн шаарынын бюджетинин 2021-жылдын 9 айында ашыкча аткарылышынын эсебинен «Капиталдык курулуш башкармалыгы» муниципалдык  ишканасынын өздүк сметасына бөлүнгөн каражаттар боюнча маалымат

 

№ п/п

 

Аткарылуучу иштердин аталышы

Саны,        көлөмү

Баасы,    сом

Жалпы баасы, сом

1

Компьютер  (9 ядерный)

1

50 000

50 000

2

Электроэнергиясы өчкөн учурда иштетүү үчүн  (щелочный аккумулятор, генератор, күндөн заряд алуучу батарея)

 

1

 

160 000

 

160 000

3

Удлинитель

6

450

2700

4

Куйүүчү май (бензин А92)

1 000 литр

60 сом

60 000

5

Күйүүчү май (солярка)

500 литр

52 сом

26 000

6

 1-С программасын  көзөмөлдөө

 

42 000

42 000

7

Кызматкерлерди 1С программасына окутуу үчүн

 

12 000

12 000

Бардыгы

 

 

352 700

 

 

Өзгөн шаардык

кеңешинин төрагасы                                                        А.Хасанов

                     

 

                                                                             Өзгөн шаардык кеңешинин 2021-жылдын      

                                                                             2-ноябрындагы  кезектеги VI сессиясынын

                                                                             № 6/2  токтомунун

                                                                             3-тиркемеси

 

Өзгөн шаарынын бюджетинин 2021-жылдын 9 айында ашыкча аткарылышынын эсебинен “Капиталдык курулуш башкармалыгы” муниципалдык ишканасы аркылуу аткарылуучу иштердин титулдук тизмесине  бөлүнгөн каражаттар боюнча маалымат

№ п/п

Аткарылуучу иштердин аталышы

Саны,        көлөмү

Баасы,    сом

Жалпы баасы, сом

1

 Ай-Мээрим бала бакчасына көмүр сактоочу жай курууга

 

350 000

350 000

2

9,5-11,5м узундуктагы түркүктөрдү (столба) сатып алууга

 

400 000

400 000

3

 Түнкү жарыктандырууга лампа жана зым сатып алууга

 

 

500 000

4

Темир труба сатып алууга

 

 

300 000

5

Имам Сараксий мечитинин жанындагы Мирзакулов көчөсүн асфальттоого

592 метр

 

800 000

6

Мектептерге ноутбук сатып алууга

 

 

262 925

7

Түнкү жарыктарды өчүрүү үчүн жабдыктар;

 

 

63 200

 

а)  саат механизми (часовой механизм)

56 даана

700

39 200

 

б) магнит кое берүүчү

(магнитопускатель) 62А 15кват

10 даана

2 000

20 000

 

в) автомат 100А

2 даана

2 000

4 000

8

Ленин, Гимназия жана Бабур мектептерине үн берүүчү (усилитель) сатып алуу

 

 

130 500

 

9

Таштандыларды таштоочу жайдын жолуна шагыл төгүү

 

 

200 000

Бардыгы

 

 

3 006 625

                                                                             

 

Өзгөн шаардык

кеңешинин төрагасы                                                        А.Хасанов

 

 

 

                                                                             Өзгөн шаардык кеңешинин 2021-жылдын      

                                                                             2-ноябрындагы  кезектеги VI сессиясынын

                                                                             № 6/2  токтомунун

                                                                             4-тиркемеси

 

Өзгөн шаарынын бюджетинин 2021-жылдын 9 айында ашыкча аткарылышынын эсебинен МММБ департаменти  муниципалдык  ишканасына бөлүнгөн каражаттар боюнча маалымат

 

№ п/п

Аткарылуучу иштердин аталышы

Саны,        көлөмү

Баасы,    сом

Жалпы баасы, сом

1

Кыргыз Республикасынын желегин сатып алуу (флаг штокко)

1

50 000

50 000

 

 

 

                                                                                

                                                                             Өзгөн шаардык кеңешинин 2021-жылдын      

                                                                             2-ноябрындагы  кезектеги VI сессиясынын

                                                                             № 6/2  токтомунун

                                                                             5-тиркемеси

 

Өзгөн шаарынын бюджетинин 2021-жылдын 9 айында ашыкча аткарылышынын эсебинен Өзгөн шаардык Билим берүү бөлүмүнө бөлүнгөн каражаттар боюнча маалымат

 

№ п/п

Аткарылуучу иштердин аталышы

Саны,        көлөмү

Суммасы,    сом

Жалпы суммасы, сом

1

№7 “Жылдызча” бала бакчасынын жетекчисинин эки айлык эмгек акысына

Сентябрь Октябрь

10 140

20 280

2

Жетекчинин чарба иштери боюнча орун басарынын эки айлык эмгек акысына

Сентябрь Октябрь

2 850

5 700

3

№7”Жылдызча” бала бакчасынын кызматкерлеринин эки айлык эмгек акысы

Ноябрь

Декабрь

406 152

406 152

4

Кызматкерлердин айлык акысынан алынуучу соцфонд төлөмдөрү

Ноябрь

Декабрь

74 543

 

74 543

 

Бардыгы

 

 

506 675

                                                                                 

 

Өзгөн шаардык

кеңешинин төрагасы                                                        А.Хасанов

 

 

 

 

                                                                                                                                                                        

                                                                             Өзгөн шаардык кеңешинин 2021-жылдын      

                                                                             2-ноябрындагы  кезектеги VI сессиясынын

                                                                             № 6/2  токтомунун

                                                                             6-тиркемеси

 

Өзгөн шаарынын бюджетинин 2021-жылдын 9 айында ашыкча аткарылышынын эсебинен Өзгөн шаардык мэриясына бөлүнгөн каражаттар боюнча маалымат

 

№ п/п

Аткарылуучу иштердин аталышы

Саны,        көлөмү

Баасы,    сом

Жалпы баасы, сом

1

Мэрия кызматкерлерине сыйакы

 

 

450 000

2

Мэрия кызматкерлеринин сыйакысынын соцфонд төлөмдөрү

 

 

80 000

3

Жыйын өткөрүүчү залга стол, стул сатып алуу үчүн

 

 

286 000

Бардыгы

 

 

816 000

 

                                                                        

 

       Өзгөн шаардык кеңешинин 2021-жылдын      

                                                                             2-ноябрындагы  кезектеги VI сессиясынын

                                                                             № 6/2  токтомунун

                                                                             7-тиркемеси

 

Өзгөн шаарынын бюджетинин 2021-жылдын 9 айында ашыкча аткарылышынын эсебинен Өзгөн шаардык кеңешине бөлүнгөн каражаттар боюнча маалымат

 

№ п/п

Аткарылуучу иштердин аталышы

Саны,        көлөмү

Баасы,    сом

Жалпы сумма, сом

1

Видеокамера сатып алууга

1

100 000

100 000

2

Кондиционер сатып алууга

1

40 000

40 000

3

Кеңештин кызматкерлерине сыйакы

 

 

85 000

4

Кеңештин кызматкерлеринин сыйакысынын соцфонд төлөмдөрү

 

 

15 000

Бардыгы

 

 

240 000

 

 

Өзгөн шаардык

кеңешинин төрагасы                                                        А.Хасанов

 

 

 

 

 

                                                                            

                                                                            Өзгөн шаардык кеңешинин 2021-жылдын      

                                                                             2-ноябрындагы  кезектеги VI сессиясынын

                                                                             № 6/2  токтомунун

                                                                             8-тиркемеси

 

Өзгөн шаарынын бюджетинин 2021-жылдын 9 айында ашыкча аткарылышынын эсебинен Социалдык коргоо бөлүмүнүн 2721 “Элге жеңилдиктер” статьясына бөлүнгөн каражаттар боюнча маалымат

 

№ п/п

Аткарылуучу иштердин аталышы

Саны,        көлөмү

Баасы,    сом

Жалпы баасы, сом

1

Элге женилдиктерге

 

 

350 000

Бардыгы

 

 

350 000

 

 

Өзгөн шаардык

кеңешинин төрагасы                                                        А.Хасанов

 

 

 

 

                                                                            

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги VI сессиясынын отурумунун

                                                                  ТОКТОМУ                                                                               

 2021-жылдын  2–ноябры                        № 6/ 3                                  Өзгөн шаары

Өзгөн шаардык кеңешинин «Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулу» жөнүндөгү жобосуна өзгөртүү киргиүү жөнүндө

       Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги VI сессиясынын отуруму күн тартибине «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 19-октябрындагы №7 протоколунун негизинде киргизилген маселени угуп жана талкуулап,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Өзгөн шаардык кеңешинин «Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулу» жөнүндөгү Жобосуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

       1) Жобонун 3-беренесиндеги «Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамы жылына бир жолу жашыруун добуш берүү жолу менен депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган адамга Өзгөн шаардык кеңешинин чечими менен ыйгарылат деген сөздөр «Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамы депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган адамга Өзгөн шаардык кеңешинин чечими менен ыйгарылат. Добуш берүүнүн түрү шаардык кеңештин Регламентине ылайык сессияда аныкталат деп өзгөртүлсүн.

      2) 3-беренеси «Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулу»  наамы жылына 5 кишиге чейин ыйгарылат деген сөздөр менен толукталсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

                              

                             Төрага                                                                А. Хасанов

p class=params-