Төрт-Көл айылдык кеңешинин V –шайланган депутаттарынын кезектеги I сессиясынын
ТОКТОМУ
Шоро-Башат айылы № 22 « 28 »- июнь 2013-жыл.
Төрт-Көл айылдык кенешинин ченемдик укуктук актыларын
мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндөгү» Мыйзамына 2013-жылдын 22-февралында өзгөртүү киргизилип, 2013-жылдын 1-мартынан баштап күчүнө киргендигине байланыштуу Төрт-Көл айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган калктын көпчүлүгү кыргыз тилин билгендиктен айылдык кенештин сессиясында ченемдик актыларынын долбоору мамлекеттик тилде каралсын жана жүргүзүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрт-Көл айылдык кенешинин
төрагасы: С.Ахмедов