Салам-Алик айылдык  кеңешинин  VII чакырылышынын  депутаттарынын

XII сессиясынын

Т О К Т О М У

 2022-жылдын 25-майындагы                     №63                                   Салам-Алик айылы

Салам-Алик айылдык кеңешинин төрайымынын орун басарын шайлоо жөнүндө

Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 8-бөлүгүнө ылайык Токтогул кызы Заринаны кеңештин төрайымынын орун басарлыгынан бошотуп, 41-берененин 1-пуктуна ылайык Салам-Алик айылдык кеңешинин төрайымынын орун басарын шайлоо жөнүндө Салам-Алик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

            1.Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 41-беренесинин 1-пунктуна ылайык Салам-Алик айылдык кеңешинин төрайымынын орун басары болуп Темирова Нуржамал шайлансын.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика тармактары” боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрайым                                                                                                               Б.Калмурзаева

 

 

 

 

 

 

 

 

Салам-Алик айылдык  кеңешинин  VII чакырылышынын  депутаттарынын

XII сессиясынын

Т О К Т О М У

 2022-жылдын 25-майындагы                     64                                  Салам-Алик айылы

Салам-Алик айыл өкмөтүндөгү 2022-жылдын 11-февралындагы Кош-Этер айылынын элдик жыйынын №1 протоколун кароо жөнүндө

Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктуна ылайык жана Кош-Этер айылынын элдик жыйынынын 2022-жылдын 11-февралындагы №1 протоколунун негизинде Кош-Этер айылынын тургуну Окелов Төрөбайды  Салам-Алик айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү жөнүндө Салам-Алик айылдык кеңеши  

 ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Кош-Этер айылынын элдик жыйынынын 2022-жылдын 11-февралындагы №1 протоколуна ылайык Кош-Этер айылынын тургуну Окелов Төрөбайга Салам-Алик айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын

2.Токтомду көзөмөлдөө жагы “Билим берүү, маданият, жаштар уюму, спорт, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер, дин иштери тармактары” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрайым                                                                                                         Б.Калмурзаева

 

 

 

 

 

 

Салам-Алик айылдык  кеңешинин  VII чакырылышынын  депутаттарынын

XII сессиясынын

Т О К Т О М У

 2022-жылдын 25-майындагы                     65                                  Салам-Алик айылы

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102-117-беренелерине ылайык финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүнүн болжолдуу багыттарын жана Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын алты айына киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө кошумча план алып, жергиликтүү бюджетти толуктоо үчүн алдын - ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Салам-Алик айылдык кеңеши Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджеттин алты айына карата жергиликтүү бюджетке жана атайын каражат эсебинен киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө кошумча план алуу жөнүндө Салам-Алик айылдык кеңеши

   ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Салам-Алик айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнө эмгек акыдан кармалуучу подоход салыгына 500,0 (беш жүз) миң сомго, ата энелерден балдардын взносу үчүн 575,0 (беш жүз жетимиш беш миң) сомго кошумча берилсин;

2.Салам-Алик айыл өкмөтүнүн чыгаша бөлүгүнө башкаруу аппарат бөлүкчөсүнө 150,0 (жүз элүү миң) сом, бала бакча бөлүкчөсүнө 90,0 миң сом, айыл чарба бөлүкчөсүнө 200,0 (эки жүз миң) сом, билим берүү бөлүкчөсүнө 60,0 (алтымыш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин;

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Финасы,экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция” маселери  боюнча туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн. 

 

Төрайым                                                                                                         Б.Калмурзаева

 

 

 

 

 

 

 

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетке жана атайын каржат эсебине алынган кошумча планга бөлүнгөн акча каражатынын иштетилиши боюнча айылдык кеңештин 25-май 2022-жылдагы №65 токтомуна тиркеме

Башкаруу аппарат

1.статья 2215  Салам-Алик айыл өкмөтүнө көрнөк жарнак жаздыруу үчүн                  50,0

2.статья 2222 Салам-Алик айыл өкмөтүнө байкоочу камераларды сатып алып орнотуусу        менен                                                                                                                                    100,0

                                                                                                                                   Итого :150,0

Айыл чарбасына

1.статья 2215 Салам-Алик айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдалдарга жана кыян алып кеткен жолдорду оңдоого                                                                                                                   150,0

2.статья 2222 Салам-Алик айылынын Т. Бекболотов көчөсүнө столба сатып алуу үчүн 50,0

                                                                                                                                       Итого :20,0

Бала бакчага

1.статья 2211 Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы бала бакчалардын сапар чыгымдары үчүн                                                                                                                  50,0

2.статья 2221 Бала бакчалардын учурдагы ремонту үчүн                                               40,0

                                                                                                           Итого  :           90,0

Билим берүүгө

1.статья Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептердин учурдагы ремонтуна            60,0

Итого: 60,0

  Баардыгы: 500,0

Атайын каражат эсеби

1.статья 2218 Атайын каражат эсебинен бала бакчалардын тамак аш сатып алуу үчүн 560,4

2.статья 2215 Атайын каражат эсебинен бала бакчалардын ар кандай чыгымдарына      14,6

                                                                                                                                      Итого  575,0

Салам-Алик айлдык кеңештин төрайымы:                                               Б.Калмурзаева

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы:                                                    Р.Сатыбалдыев

Финансы экономика бөлүмүнүн башчысы:                                                К.Нуралиева 

 

 

Салам-Алик айылдык  кеңешинин  VII чакырылышынын  депутаттарынын

XII сессиясынын

Т О К Т О М У

 2022-жылдын 25-майындагы                     №66                                 Салам-Алик айылы

Акционердик коом “Жазы” көмүр ишканасынын Ак-Терек айылынын Торгой-Төбө участкасынан 15,74 га жер аянтын көмүр казып иштетүүгө макулдук берүү жөнүндөгү 2022 жылдын 10-майындагы №15-сандуу сунуш катын кароо жөнүндө

Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык АО “Жазы”  көмүр ишканасынын Ак-Терек айылынын Торгой-Төбө учаскасынан 15,74 га жер аянтын көмүр казып иштетүүгө макулдук берүү жөнүндөгү 2022- жылдын 10-майындагы №15-сандуу сунушун карап Салам-Алик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Ак-Терек айылынын Торгой-Төбө участкасынын 15,74 га жер аянтын көмүр казып иштетүүгө макулдук берүү үчүн экологиялык абалы жеринен барып текшерилсин;
  2. Торгой-Төбө участкасынан көмүр казуу үчүн Салам-Алик айылдык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 25 токтому эске алынсын жана Ак-Терек айылынын жалпы элдик жыйынында кайрадан каралсын;
  3. Ак-Терек айылынын Торгой-Төбө участкасынын 15,74 га жер аянтын көмүр казып иштетүүгө Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаттарынан жана Салам-Алик  айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен  экологиялык абалын жеринен текшерүү үчүн төмөндөгүдөй коммиссия түзүлсүн:

 

  1. Турдумамбетов А. - Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты;
  2. Чекиров Ж. - Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты;
  3. Кудайбердиев Т. -Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты;
  4. Кыпчакбаев. Т -Ак-Терек айылынын айыл башчысы
  5. Кайыпов Э. -Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты;
  6. Жакыпов. Ж. -Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты;
  7. Мокенов Э. -Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты;
  8. Караева З. -Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты;
  9. Кунаев Ш. - Салам-Алик а/ө жайыт комитетинин төрагасы:

 

 

Төрайым                                                                                                         Б.Калмурзаева

 

 

 

 

 

Салам-Алик айылдык  кеңешинин  VII чакырылышынын  депутаттарынын

XII сессиясынын

Т О К Т О М У

 2022-жылдын 25-майындагы                     67                                  Салам-Алик айылы

Салам-Алик айыл аймагында жазгы талаа, мал чарба, өзгөчө кырдаалдар жумуштарынын жүрүшү жана айыл башчылардын ишмердүүлүгү жөнүндө

Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктуна ылайык Салам-Алик айыл аймагында жазгы талаа, мал чарба, өзгөчө кырдаалдар жумуштарынын жүрүшү жана айыл башчылардын, “Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары” боюнча туруктуу комиссиясы төрагасы Турдумамбетов Алтынбектин жана жер адиси Нуралиев Жылдызбектин ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматын угуп, Салам-Алик айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Салам-Алик айыл аймагында жазгы талаа, мал чарба, өзгөчө кырдаалдар жумуштарынын жүрүшү жана ишмердүүлүгү жөнүндө Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер адиси Нуралиев Жылдызбектин берген маалыматы канаттандырылсын;

2.“Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары” боюнча туруктуу комиссиясы төрагасы Турдумамбетов Алтынбектин Салам-Алик айыл аймагында жазгы талаа, мал чарба жөнүндө маалыматы кийинки  сессияда  угулсун;

4.Токтомду көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырам.

 

Төрайым                                                                                                         Б.Калмурзаева

 

 

 

 

 

 

 

Салам-Алик айылдык  кеңешинин  VII чакырылышынын  депутаттарынын

XII сессиясынын

Т О К Т О М У

 2022-жылдын 25-майындагы                     68                                 Салам-Алик айылы

Салам-Алик айыл аймагындагы балдар бакчаларындагы тамак аштын берилиши жөнүндө

Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык Салам-Алик айыл аймагындагы балдар бакчаларындагы тамак- аштын берилиши боюнча “Билим берүү, маданият, жаштар уюму, спорт, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер, дин иштери тармактары” боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп, Салам-Алик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Салам-Алик айыл аймагындагы балдар бакчаларындагы тамак- аштын берилиши боюнча “Билим берүү, маданият, жаштар уюму, спорт, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер, дин иштери тармактары” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Токторбаева Розухандын берген маалыматы канааттандырылсын

2.Токтомду көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырам.

 

Төрайым                                                                                                              Б.Калмурзаева

 

 

 

 

 

  

Салам-Алик айылдык  кеңешинин  VII чакырылышынын  депутаттарынын

XII сессиясынын

Т О К Т О М У

 2022-жылдын 25-майындагы                     69                                 Салам-Алик айылы

Жайыт комитетинин 2022-жылда жайлоолорго малды жайгаштыруу иштери боюнча маалыматы жөнүндө

 

Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык жайыт комитетинин төрагасы Кунаев Шухраттын 2022-жылдагы жайлоолорго малды жайгаштыруу иштери боюнча маалыматын угуп, Салам-Алик айылдык кеңеши

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жайыт комитетинин төрагасы Кунаев Шухраттын 2022-жылдагы жайлоолорго малды жайгаштыруу иштери боюнча берген маалыматы канааттандырылсын;

2.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл кеңешинин “Айыл-суу,  мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо- кен, маалымат, транспорт, байланыш жана  энергетика тармактары” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрайым                                                                                                              Б.Калмурзаева

 

 

 

  

 

Салам-Алик айылдык  кеңешинин  VII чакырылышынын  депутаттарынын

XII сессиясынын

Т О К Т О М У

 2022-жылдын 25-майындагы                     70                                Салам-Алик айылы

15 жаш айылынын тургуну Жамгырчиев Тынчтыкбек 15 жаш айылына караштуу ФАПтын жанынан ашыкча жерден 0,03га жерге аптека салууга уруксат алуу жөнүндө

Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык 15 жаш айылынын тургуну Жамгырчиев Тынчтыкбек 15 жаш айылына караштуу ФАПтын жанынан ашыкча жерден 0,03га жерге аптека салууга уруксат алуу үчүн жерди аукцион өткөрүү жолу менен берүүгө Салам-Алик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.15 жаш айылынын тургуну Жамгырчиев Тынчтыкбекке 15 жаш айылына караштуу ФАПтын жанынан ашыкча жерден 0,03 га жерге аптека салууга уруксат берилсин;

2.Аукционду өткөрүү жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин;

3.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин “Айыл-суу,  мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо- кен, маалымат, транспорт, байланыш жана  энергетика тармактары” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрайым                                                                                                              Б.Калмурзаева

 

 

 

 

 

 

Салам-Алик айылдык  кеңешинин  VII чакырылышынын  депутаттарынын

XII сессиясынын

Т О К Т О М У

 2022-жылдын 25-майындагы                     71                                Салам-Алик айылы

15 жаш айылынын тургуну Эрматова Гүлжамалдын баласына мамлекеттин кайра бөлүштүрүү фонду жеринен 1,0 га жер берүү жөнүндө

Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык 15жаш айылынын тургуну Эрматова Гүлжамалдын баласына мамлекеттин кайра бөлүштүрүү фонду жеринен 1,0 га жер берүү үчүн Салам-Алик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.15 жаш айылынын тургуну Эрматова Гүлжамалдын баласына мамлекеттин кайра бөлүштүрүү фонду жеринен 1,0 га жер берилсин жана жер салыгы жеңилдетилген түрдө берилсин.

2.Келишимдин негизинде жерди бөлүп берүү жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевге милдеттендирилсин.

3.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин “Айыл-суу,  мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо- кен, маалымат, транспорт, байланыш жана  энергетика тармактары” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрайым                                                                                                              Б.Калмурзаева

 

 

 

 

 

 

Салам-Алик айылдык  кеңешинин  VII чакырылышынын  депутаттарынын

XII сессиясынын

Т О К Т О М У

 2022-жылдын 25-майындагы                     №72                                Салам-Алик айылы

Ак-Терек айылынын тургуну Калдарбек уулу Медербекке Ак-Терек айылынын Кудук участкасындагы “Эл достугу” көчөсүнөн   айыл чарбасына жараксыз жеринен жер берүү жөнүндө

Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө 34-беренесинин 2-пунктунун 5-бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 27-беренесинин 1-пунктуна таянып,Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек айылынын тургуну Калдарбек уулу Медербекке Ак-Терек айылынын  Кудук участкасынан  айыл чарбасына жараксыз жеринен  жер берүү үчүн Салам-Алик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Айыл чарбасына жараксыз жерге контейнер коюуга Ак-Терек айылынын тургуну Калдарбек уулу Медербекке жер бөлүп берүү жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевге сунушталсын;

2.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин “Айыл-суу,  мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо - кен, маалымат, транспорт, байланыш жана  энергетика тармактары” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрайым                                                                                                              Б.Калмурзаева

 

 

 

 

 

 

 

 

Салам-Алик айылдык  кеңешинин  VII-чакырылышынын  депутаттарынын

XII сессиясынын

Т О К Т О М У

 2022-жылдын 25-майындагы                     73                                Салам-Алик айылы

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Салам-Алик айылындагы Бекболотов Темир көчөсүндөгү жыгач мамычаларын жана элекр чубалгыларын алмаштыруу жөнүндө

Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык Бекболотов Темир көчөсүндөгү электр чубалгысы тартылган жыгач мамычалары эскирип пайдаланууга болбой калгандыгына байланыштуу 5 бетон столба ,1000 метр  зым алып берүү жөнүндө Салам-Алик айылынын тургуну Сыдыков Толкунбектин арызын карап ,Салам-Алик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Салам-Алик айылынын Бекболотов Темир көчөсүндөгү электр чубалгысы тартылган жыгач мамычалары эскирип пайдаланууга болбой калгандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнүн бюджетте каралган  өзгөчө кырдаалдарга бөлүнгөн акча каржатынын эсебинен 50,0  миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Финасы,экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселери  боюнча” туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрайым                                                                                                              Б.Калмурзаева

 

 

 

 

 

Салам-Алик айылдык  кеңешинин  VII чакырылышынын  депутаттарынын

XII сессиясынын

Т О К Т О М У

 2022-жылдын 25-майындагы                     74                                    Салам-Алик айылы

Салам-Алик айыл аймагындагы айылдарга жеке турак жай салуу үчүн жер тилкесинин аянтын 0,08 га кылып бекитип берүү жөнүндө

Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин 4-пунктунун негизинде  Салам-Алик айыл аймагындагы айылдарга жеке турак жай салуу үчүн жер тилкесинин аянтын 0,08 га  бекитип берүү жөнүндө Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевдин  оозеки сунушун карап Салам-Алик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Салам-Алик айыл аймагындагы айылдарда жашап жаткан ар бир атуулга жеке турак жай салуу үчүн жер тилкесинин аянты 0,08 га болуп бекитилсин

  1. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин “Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо - кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрайым                                                                                                              Б.Калмурзаева

 

 

 

 

 

 

Салам-Алик айылдык  кеңешинин  VII чакырылышынын  депутаттарынын

XII сессиясынын

Т О К Т О М У

 2022-жылдын 25-майындагы                     75                                    Салам-Алик айылы

Ак-Терек айылынын тургуну Мурзакулов Арстан салган имаратты мыйзамдын негизинде багытын өзгөртүү жөнүндө

Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык Ак-Терек айылынын тургуну Мурзакулов Арстан салган курулуштун багытын мамлекеттик каттоодо  магазин  болуп катталып калгандыгына байланыштуу инисине үй турак -жай багытына өзгөртүп берүү жөнүндө арызын карап ,Салам-Алик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ак-Терек айылынын тургуну Мурзакулов Арстан салган курулуштун багыты мамлекеттик каттоодо  магазин болуп катталып калгандыгына байланыштуу бир тууган инисине үй турак- жай багытына  өзгөртүү үчүн мыйзам чегинде чечип берүү жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевге тапшырылсын.

  1. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин “Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо - кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрайым                                                                                                              Б.Калмурзаева

 

 

 

p class=params-