Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I отурум
ТОКТОМ
11-май 2021-жыл № 1 Эски Покровка айылы
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 мыйзамынын 37-беренесинин 4 жана 6 пункуттарынын негизинде өткөрүлүп, жыйынтыгы чыккандыгына байланыштуу айылдык кеңештин VII- чакырылышынын I- кезектеги отуруму төмөндөгүдөй
Т О К Т ОМ К Ы Л А Т:
1.Айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо мыйзам талабына ылайык өткөнү белгиленсин, жана эсептөө комиссиясынын протоколу бекитилсин.
- Шайлоонун натыйжасында көп добуш алган Арапов Кушбакбек Ташполотович айылдык кеңештин төрагасы болуп эсептелсин.
Уюштуруу отурумдун төрагасы: К. Арапов.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I отурум
ТОКТОМ
11-май 2021-жыл № 2 Эски Покровка айылы
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын
шайлоо, жана айылдык кеңештин катчысын бекитүү жөнүндө.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 2011- жылдын 15- июлундагы № 101 мыйзамынын 38- беренесинин 1 пункутунун негизинде өткөрүлүп, жыйынтыгы чыккандыгына байланыштуу айылдык кеңештин VII- чакырылышынын кезектеги I отуруму төмөндөгүдөй
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо, мыйзам талабына ылайык өткөнү белгиленсин.
- Шайлоонун натыйжасында көп добуш алган Токтомуратова Гульпери Абдилдаевна айылдык кеңештин төрагасынын орун басары болуп бекитилсин.
- Айылдык кеңештин 2021- жылдын 8- апрелиндеги № 1 жана айыл өкмөттүн 2021- жылдын 8- апрелиндеги № 31 биргелишкен Айбашев Айдарбек Мажитовичти айылдык кеңештин жооптуу катчысы кызматына дайындоо жөнүндөгү биргелешкен буйруктары бекитилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага: К. Арапов.
Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II отурум
ТОКТОМ
19-май 2021-жыл № 3 Эски Покровка айылы
Кызыл-Окябрь айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларын бекитүү жөнүндө.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларын шайлоо, Кыргыз Республикасынын «жергиликтңң өз алдынча башкаруу жөнңндөгң» 2011-жылдын 15-июлундагы 101-мыйзамынын 32-беренесинин негизинде өткөрүлүп, жыйынтыгы чыккандыгына байланыштуу айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) II кезектеги отуруму төмөндөгңдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрү бекитилсин.
Сатвалдиев Кыялбек Хамитжанович – комиссия төрагасы
мүчөлөрү:
Асранов Бекболот Байышевич
Айбашев Азизбек Мажитович
Алиев Аскар Урматбекович
Жоробеков Ташполот Ырысбаевич
Мурзанбетов Акжол Абдашимович
Топчубаев Бектур Раимбердиевич
2.Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин билим берүү, саламатыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт, дин, тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрү бекитилсин.
Баатырова Айдатка Кошматовна - комиссия төрайымы
мүчөлөрү:
Бакирова Зайрагүл Сабиевна
Муратова Толкунай Султановна
Тешебаева Жаркынай Суранбаевна
Оморова Бермет Алмазбековна
Урустамова Данакан Жээнбековна
3.Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, экология, турак жай жана өнөр жай, курулуш,жерге жайгаштыруу, тазалык боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрү бекитилсин.
Кайкыев Анвар Абдимиталипович - комиссия төрагасы
мүчөлөрү :
Акишов Рашид Төлөнович
Маматова Угулхан Өзгөнбаевна
Маткасымов Маратбек Абибулаевич
Насирова Жамила Абдыразаковна
Усенов Байаман Абдилвахапович
Төрага : К. Арапов
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II отурум
Т О К Т О М
19-май 2021-жыл № 4 Эски Покровка айылы
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII- чакырылыштын регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жергиликтңң өз алдынча башкаруу жөнңндөгң 2011-жылдын 15-июлундагы 101-мыйзамынын 31-беренесинин 11 пунктуна ылайык Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин регламентин бекитүү үчүн Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезектеги II отуруму
Т О К Т О М К Ы Л АТ:
1.Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII чакырылышынын регламентти негиз катары бекитилсин.(тиркеме тиркелет).
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага: К. Арапов.
Кызыл Октябрь айылдык Кенешинин
2021-жылдын «19» май
№ 4 токтому менен бекитилген.
Кызыл – Октябрь айылдык Кенешинин регламенти
1.Жалпы жоболор
1.1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Мыйзамдарына ылайык айылдык Кенеш (мындан ары Кенеш) жергиликтуу өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.
Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин туруктуу жайгашкан жери- Эски Покровка айылы болуп саналат жана курамы 4-жылдык мөөнөткө шайланган 21-депутаттан турат зарыл учурларда Төраганын чечими жана туруктуу комиссиялардын сунушу боюнча кеңештин отурумдары (жыйналыштары) башка жерде өткөрүлсө болот.
Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Мыйзамдарын,жергиликтүү жамаатынын,Уставын,ошондой эле ушул Регламентти жетекчиликке алат.
Кеңештин ыйгарым укуктары болуп төмөнкүлөр саналат.
-жергиликтүү маанидеги маселелердирди башкаруу тартибин белгилөө.
-жергиликтуу бюджетти жана аны аткаруу жөнүндө отчотту бекитүү, ошондой эле бюджетти аткаруунун жүрүшү жана бюджеттен тышкары фондду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу.
-айыл Өкмөттүн бюджеттинин аткарылышы жөнүндө отчотко канаттандыраарлык эмес деген баа берилген учурда,айылдык Кеңештин айыл Өкмөттүн,анын айрым мүчөлөрүнүн жана башка кызмат адамдарынын жоопкерчилиги жөнүндө маселени карайт.
-аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана аткарылышына контролдук кылуу.
-жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү,ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилөө.
-жергиликтүү жамаатын муниципалдык менчигиң ,анын ичинде муниципалдык менчик обьектерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен пайдалануунун жана тескөөнүн тартибин белгилөө,муниципиалдык менчикти пайдаланууга контролдук кылуу.
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштуу аткаруучу-тескөөчү органынын иши жөнүндө отчоту угуу.
-мыйзамда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөнөтүнөн мурда токтотуу.
-депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен айыл Өкмөтүнүн башчысына ишеним көрсөтпөө.
–жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү.
-Кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо жана кызмат ордунан бошотуу,Кеңештин төрагасынын Кыргыз Рңспубликасынын Мыйзамдарына карама-каршы келүүчү чечимдерин жокко чыгаруу.
Кеңештин Регламентин кабыл алуу.
-өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу.
-Өкмөт тарабынан аныкталуучу типтүү чечимдердин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын түзүмүн жана штаттык сан-эсебин бекитүү.
-муздак сууну,канализацияны пайдалануу үчүн,ошондой эле каттуу тиричилик калдыктарын чогултуу,ташып кетүү жана жок кылуу үчүн тарифтерди Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык бекитүү.
-алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун,ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыюу салганга чейин чейинки чектөөлөрдү аныктоо.
-ирригациялык тармактарды,уйдөгү жана уй жанындагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо.
-жергиликтүү жамааттын Уставына жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык башка маселелерди да чечүү.
1.3. Кеңеш өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга киришүү менен бир айлык мөөнөттө Кеңештин төрагасы,төраганын орун басары жана түзүмү жөнүндө чечим кабыл алат.
2.Айылдык Кеңештин ишин уюштуруу.
2.1. Кеңештин иши келечектүү (жылдык) жана учурдагы (кварталдык) пландардын негизинде түзүлөт.
Пландын долбоорун депутаттардын сунушу боюнча Кеңештин аппараты же тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчу органы түзөт жана Кеңештин төрагасы Кеңештин бекитүүсүнө сунуш кылат.
2.2. Кеңештин отурумдары кварталына (жылына) кеминде 1 жолу Кеңеш белгиленген күндө жана саатта өткөрүлөт.
2.3. Кеңеш күн тартибиндеги маселелердин мазмунуна ж.б жагдайларга карата көчмө отурумдарды өткөрө алат.
2.4. Кеңешти чакыруу убактысы,отурумду өткөрүү орду жана карап чыгууга киргизилүүчү маселелер жөнүндө Кеңештин төрагасы же катчысы отурумга чейин 2 күндөн кечиктирбестен депутаттарга кабарлайт жана калкка жеткирет.
Чечимдердин долбоорлору жана талкууланып жаткан маселелерге башка материалдар отурумга чейин 1 кундөн кечиктирбестен депутаттарга кабарлайт жана калкка жеткирет.
2.5. Кеңештин кезексиз отурумдары Кеңештин төрагасы тарабынан өз демилгеси боюнча,туруктуу комиссиялардын демилгеси боюнча,же шайланган депутаттардын санынын кеминде үчтөн бир бөлүгүнүн сунушу боюнча чакырылат.Кезексиз ,отурум аны чакыруу жөнүндө сунуш алынган учурдан тартып 7 күндөн кечиктирбестен өткөрүүгө тийиш.
Кезексиз отурумду чакыруу жөнүндө сунуш күн тартибине киргизүүгө сунуш кылынган маселелерди көрсөтүүгө жана кезексиз отурумдун зарылчылыгын негиздөө менен жазуу жүзүндө Кеңештин төрагасына жөнөтүлөт.
2.6.Кеңештин отурумуна пландан тышкаркы маселелерди бекитилген иш планына ылайык аларды даярдоо үчүн жоопкерчилик жүктөлгөн адамдар даярдайт.
Кеңештин отурумуна пландан тышкаркы маселелерди аларды киргизуунун демилгечилери даярдайт.
2.7. Кеңештин чечими боюнча же Кеңештин төрагасынын буйругу боюнча Кеңештин компитенциясына кирген маселелерди даярдоо үчүн депутаттардын,адистердин,ошондой эле жарандар менен коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн ичинен жумушчу комиссиялар (топтор) түзүлүшү мүнкүн.
2.8. Кезектеги отурумдун күн тартибине киргизүү сунуш кылынган маселелер боюнча материалдар(чечимдердин долбоорлору,суроо-талаптар,кайрылуулар жана башкалар) отурумга чейин 5 күндөн кңчиктирбестен Кеңештин катчысына (маселенин аталышы,маселени талкулоо зарылчылыгы,убактысы менңен) жазуу жүзүндө берилүүгө тийиш. Андай болбогон учурда маселе кийинки жыйналышка которулат.
2.9. Кеңештин кароосуна сунуш кылынган чечимдердин долбоорлору төмөнкүдөй болууга тийиш.
-аткаруучулардын аткаруу мөөнөтүн финансылоо булагын,ошондой эле чечимдер күчүнө кире турган убакытты көрсөтүүгө.
-таламдаш уюмдар,өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын тиешелүү бөлүмдөрү менен,ал эми зарылчылык болгон учурда-тиешелүү мамлекеттик бийлик органдары менен макулдашылууга. Эгерде тиешелүү макулдашуулар чечимдин долбоору сунуш кылынгандан кийин эки жуманын ичинде берилбесе,Кеңеш маселени аларсыз кароого укуктуу.
-бул маселе боюнча мурдагы чечимдерди эске алууга жана кабыл алынган чечимдерди алып салуу же өзгөртүү боюнча сунуштарды камтууга.
-Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык келе тургандыгы жөнүндө юридикалык корутундусу болууга.
2.10. Белгиленген маселе боюнча талкулоо үчүн чакырылгандардын тизмесинин сунушу маселени Кеңештин жыйналышына коюуга негиз болгон адам даярдайт. Кеңештин жыйналышына чакырылган адамдар маселени талкуулоонун убактысы жана орду жөнүндө Кеңештин (же жергиликтуу өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын) аппаратынын кызматкерлери тарабынан күн мурунтан кабарландырылат.
3.Кеңештин отурумдары,депутаттык угуулар(депутаттык саат,депутаттык күн).
3.1. Кеңештин отурумдары (жыйналышы) Кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын кеминде жарымы катышса,укук ченемдүү болот. Айылдык Кеңеш,эгерде мыйзамда башкача каралбаса,айылдык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добуш менен чечим кабыл алууга укуктуу.
Кеңештин депутаттары Кеңештин отурумдарына катышууга милдетүү.
Отурумдарга катышууну эсепке алууну Кеңештин катчысы (мындан ары катчы) уюштурат.
Депутат кезектеги отурумдун башталган убактысынан жарым саат (30 минут) кечигип келсе,келбеди деп эсептелинет (жүйөөлүү себептер менен кармалып жаткандыгын төрагага же катчыга билдирбеген учурда).
Жыйналышка келүү мүмкүнчүлүгү болбогон учурда Кеңештин депутатты бул жөнүндө Кеңештин катчысына күн мурунтан себеби жөнүндө билдирүүгө тийиш.
3.2. Катары менен төрт жолудан ашык айылдык Кеңештин отурумуна жүйөөлүү себепсиз (жүйөөлүү себептер болуп,оору,өргүү,иш сапары,жакын тууганы каза болсо же кырсыкка учураган саналат) дайыма катышпагандыгы үчүн,ошондой эле айылдык Кеңештин чечимдерин жана тапшырмаларын аткарбагандыгы үчүн айылдык кеңештин депутаттары алардын жалпы санынын көпчулук добушу менен Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин депутаттын чакыртып алуу жөнүндө маселени козгоого укуктуу. Депутатты чакыртып алуу тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
3.3. Кеңештин отурумдары коомчулук үчүн ачык болуп саналат.
3.4. Кеңештин чечими боюнча жабык жыйналыштар өткөрүлүшү мүнкүн.
3.5. Кеңештин отурумдары -Кеңештин төрагасы,ал эми ал жокто Кеңештин төрагасынын орун басары алып барат.
3.6. Кеңештин отурумунда добуш берүү башкача ыкма менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
Добуш берүүнүн натыйжалары (Кеңештин депутаттарынын фамилияларын,жактап, каршы добуш бергендерди,калыс калгандарды көрсөтүү менен) ПРОТОКОЛГО киргизет.
Добуш беруу аяктагандан кийин жасалган эрк билдирүүгө эч кандай түзөтүүлөр кабыл алынбайт. Добуш берүү учурунда жок болгон депутат өзүнүн добушун кийин берүүгө укуксуз.
3.7. Кеңеш ар бир отурумда Кеңештин отурумга катышып олтурган депутаттарынын санынын көпчүлүк добушу менен күн тартибин жана иштөө тартибин кабыл алат.
3.8. Өзгөчө гана учурларда күн тартибине Кеңештин чечими боюнча Кеңештин отурумунда түздөн-түз коюлуучу маселелер киргизилиши мүмкүн.
Отурумдун күн тартибине кошумча маселелерди киргизүү жөнүндө чечим ар бир сунуш боюнча добуш берүү менен Кеңештин жыйналышка катышып олтурган депутаттарынын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
3.9. Кеңештин отурумунда күн тартибин бекиткенден кийин талкуулоо күн тартибинде белгиленген тартип боюнча жүрөт. Күн тартибинин маселелерин талкуулоо тартибинде өзгөртүүлөр Кеңештин чечими боюнча жүргүзүлөт.
3.10. Тигил же бул себептерден улам бул отурумда каралбаган маселелер Кеңештин кийинки отурумунда калууга тийиш.
3.11. Отурумдун жыйналыштарында докладдар үчүн убакыт, эреже катары 10 мүнөткө чейин,тең докладдар учун 5 мүнөткө чейин берилет. Жарыш сөзгө чыккандарга 5 мүнөткө чейин,талапкерлер,алып баруу тартиби,добуш берүү жуйөөлөрү боюнча сөз сүйлөө үчүн, арыздар,маселелер,сунуштар,бидирүүлөр учун 3 мүнөткө чейин.
Депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугу менен төрагалык кылуучу доклад же сөз суйлөө үчүн убакытты узарта алат.
3.12. Депутат отурумдун бир жыйналышында бир эле маселе боюнча эки жолудан ашык эмес,ал эми жыйналышка катышып олтурган депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугу менен андан ашык сөз сүйлөй алат.
3.13. Эгерде сөз сүйлөп жаткан адам талкууланып жаткан темадан алыстаса, төрагалык кылуучу аны талкууланып жаткан маселеден алыстабоого чакыра алат.
Эгерде сүйлөп жаткан адам сөз суйлөө үчүн ага берилген убакыттан ашып кетсе же талкууланбаган маселе боюнча сөз сүйлөсө, төрагалык кылуучу экинчи жолу эскерткенден кийин аны сөз сүйлөөдөн ажыратат.
3.14. Депутат болуп саналбаган адам тартипти одоно бузган учурда төраганын буйругу боюнча Кеңештин отурумдарынын жыйналыш залынан чыгарылышы мүмкүн.
3.15 Отурумдун жыйналышынын протоколу Кеңештин катышып олтурган депутаттарынын жана отурумга чакырылып,катышпагандыгынын себептерин көрсөтүү менен жок депутаттарынын фамилияларын,угуулардын предметинин маңызы боюнча маалыматтарды жана алар боюнча кабыл алынган чечимдерди камтууга тийиш.
Протоколду жүргүзүп жаткан Кеңештин катчысы Кеңештин отурумунун жыйналыштары жөнүндө кыскача жана маңызы боюнча жазуу жазат.
Эгерде отурумунун жыйналышынан кийин эки күндүн ичинде Кеңештин депутаттары жазуунун мазмунуна каршы пикирин билдирбесе,протокол го отурумда төрагалык кылган адам кол койот.
3.16. Кеңештин отурумунда ,каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө жергиликтүү Кеңештин аппараты жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүүлөрдү берет.
3.17. Кеңештин төрагасы тарабынан өз демилгеси боюнча,туруктуу крмиссиялардын демилгеси боюнча же шайланган депутаттардын санынын кеминде үчтөн бир бөлүгү сунушу боюнча өздөрүнүн караштуулугундагы маселелер боюнча депутаттык угууларды (депутаттык саат,депутаттык күн) демилгелешет жана өткөрүшөт.
Депутаттык угууларда (депутаттык саат,депутаттык күн) Кеңештин карамагына кирген маселелер боюнча жана Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин кабыл алган чечимдеринин аткарылышы,башка маселелер талкууланат.
Депутаттык угууларга чакырылган адамдар Кеңештин жыйналышына келүүгө милдетүү. Депутаттык угуулардын жыйынтыктары боюнча угууларга катышкан депутаттардын добушунун көпчүлүгү менен талкууланган маселе боюнча сунуштамалар кабыл алынат.
Депутаттык угуулар кыскача жана маңызы боюнча стенограммаланат жана ага төрага кол койот.
3.18. Айылдык Кеңештин отуруму төрагалык кылуучу тарабынан мамлекеттик тилде (зарылдык болсо расмий тилде) алып барылат. Депутат,ошондой эле чакырылган адамдар айылдык Кеңештин отурумунда,депутаттык угууларда расмий тилде сүйлөөгө укуктуу. Чет мамлекеттердин,эл аралык уюмдардын,ошондой эле мамлекеттик жана расмий тилдерди билбеген өкүлдөрү,чет өлкөлүк жарандар чет тилде сүйлөөгө укуктуу,алар мамлекеттик жана расмий тилдерге которуу менен камсыз кылынат.
3.19. Отурумга алкоголдук ичимдиктерди ичип келип,катышууга тыюу салынат.
- Кеңештин чечимдери.
4.1. Отурумда каралган маселелер боюнча Кеңеш чечим кабыл алат.Кеңештин чечимдери отурумда ачык,анын ичинде атын атоо же жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.
4.2. Кеңештин чечимдери отурумда талкуулангандан кийин Кеңештин отурумга катышып жаткан депутаттарынын санынын жөнөкөй көпчулук добушу менен кабыл алынат.
4.3. Кеңештин төрагасын,кеңештин төрагасынын орун басарын,туруктуу комиссиялардын төрагаларын шайлоо,Кеңештин органдарын түзүү жөнүндө,Кеңештин гана компетенциясына кирген маселелер боюнча,Кеңештин мурда кабыл алынган чечимдерин алып салуу же өзгөртүү жөнүндө чечимдер Кеңештин шайланган депутаттарынын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Мыйзамга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамына же мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчисине ишеним көрсөтпөө жөнүндө Кеңештин чечими Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен кабыл алынат. Кеңештин карамагына кирген маселелер боюнча анын чечимдери токтом түрүндө чыгарылат жана ага Кеңештин төрагасы кол койот.
4.4. Кеңештин чечимине макул болбогон депутат өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө же оозеки баяндоого укуктуу,ал Кеңештин отурумунун протоколуна киргизилет.
4.5. Эгер отурумга катышып олтурган депутаттардын жарымынан ашыгы чечимдин сунуш кылынган долбоорун жактап добуш берсе,ал негиз катары кабыл алынат. Эгерде чечимдин сунуш кылынган долбоору негиз катары кабыл алынбаса,ал беренелер боюнча каралышы мумкун.
4.6. Чечимдин долбооруна түзөтүү киргизүүнү каалаган депутат аны төрагалык кылуучуга жазуу жүзүндө берет. Түзөтүү талкууга коюлат жана эгерде отурумга катышып олтурган депутаттардын жарымынан ашыгы аны жактап добуш берсе кабыл алынат.
4.7. Бардык түзөтүүлөр каралып чыккандан кийин чечимдин долбоору бүтүндөй кабыл алынат.
4.8. Кеңештин чечимдерин чыгаруу үчүн жоопкерчилик Кеңештин катчысына жүктөлөт.
4.9. Кеңештин чечимдерин кол коюлгандан кийин 2 күндүк мөөнөтө айыл өкмөтүнүн аппараты таратат.
4.10. Кеңештин ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган анын чечимдерин тиешелүү аймакта жайгашкан бардык ишканалар,мекемелер жана алардын органдары,кызмат адамдары жана жарандар аткарууга милдетүү.
4.11. Кеңештин чечимдери сот тартибиндң же Кеңештин башка чечими менен гана алып салынышы мүмкүн.
- Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин төрагасы.
5.1. Айылдык Кеңештин төрагасы Кеңешке жетекчилик кылган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун шайлануучу кызмат адамы болуп саналат. Мурдагы чакырылыштагы Кеңештин төрагасы өз милдеттерин жаны чакырылган Кеңештин төрагасы шайланганга чейин аткарат.
5.2. Кеңештин төрагасы өз кызматынан Кеңештин демилгеси боюнча Кеңештин отурумунда жашыруун добуш берүү жолу менен,эгерде Кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси муну жактап добуш берсе бошотулушу мүмкүн. Кеңештин төрагасына ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселе шайланган депутаттардын санынын кеминде 1/3 бөлүгүнүн талабы боюнча жакынкы отурумдун күн тартибине киргизилет. Бул маселени жыйналышта кароо учурунда Кеңештин төрагасына сүйлөө үчүн сөз берилет. Кеңештин төрагасын ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө чечим Кеңеш тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен,эгерде Кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси муну жактап добуш беришсе кабыл алынат.
5.3. Кеңештин төрагасы.
-отурумда,депутаттык угууларда ж.б төрагалык кылат
-жыйналыштарды жана кароого киргизилүүчү маселелерди даярдоого жетекчилик кылат.
Кеңештин иш пландарын түзүүнү камсыз кылат.
Кеңештин Регламентин сакталышына көз салат.
Кеңештин жыйналыштарынын протоколдоруна жана башка документтерине кол койот.
-депутаттар өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырышында аларга көмөк көрсөтөт,аларды зарыл маалымат менен камсыз кылууну уюштурат.
-отурум учурунда чыгып сүйлөгөндөр тарабынан этика ченемдери бузулган учурда,жыйналышта сүйлөгөн сөздү чечмелебестен ага сын-пикир айтууга укуктуу.
-электрондук тутумду пайдаланбастан ачык добуш берүүдө төрагалык кылуучу акыры болуп добуш берет.
-Кеңеште,анын органдарында же шайлоо округдарында иштөө үчүн депутаттарды кызматтык же өндүрүштүк милдеттерден бошотуу менен байланышкан маселелерди карайт.
-Кеңештин туруктуу комиссияларынын,башка комиссияларынын жана жумушчу топторунун ишин координациялайт.
-Мамлекеттик,коомдук уюмдар менен мамилелерде Кеңештин атынан иш алып барат.
-Кеңештин тышкы байланыштарын уюштурат.
-Кеңештин төрагасынын орун басарынын кызматына шайлоо үчүн талапкерди сунуш кылат.
-Кеңештин чечимдерин аткаруу максатында,анын ичинде Кеңештин ишине каражаттарды чыгымдоо жагынан да буйруктарды чыгарат.
-Кеңештин ишинде маалымдуулукту камсыз кылуу жана коомдук пикирди эске алуу боюнча чараларды көрөт.
-жарандардын кайрылууларын жана арыздарын кароону уюштурат.
-мыйзамдарда каралган учурларда сотко жөнөтүлүп жаткан тиешелүү документтерге Кеңештин атынан кол койот.
-Кеңештин чечимдерин Кызыл-Октябрь айыл аймагында турган бардык органдар,бирикмелер,ишканалар,мекемелер жана уюмдар аткарышын уюштурат жана контролдойт.
-ага Кеңеш тапшырышы же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан жүктөлүшү мүмкүн болгон башка маселелерди чечет.
-Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык КыргызРеспубликасынын ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө расмий өтүнүч жасайт.
-Кеңештин атынан айылдык Кеңештин депутаттарына,айыл аймагынын атуулдарына мамлекеттик органдарга Ардак громата,төш белги ж.б.ыйгаруу жөнүндө расмий өтүнүч жасайт.
5.4. Кеңештин төрагасынын буйруктары Кеңеш тарабынан алып салынышы мүмкүн.
5.5. Кеңештин төрагасы өзүнүн ыйгарым укуктарын үч айдан ашык убакыт бою жүзөгө ашыра албаган учурда Кеңеш Кеңештин жаңы төрагасын шайлоо жөнүндө маселени кароого тийиш.
5.6. Кеңештин төрагасы өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө билдирүүгө укуктуу.Мындай учурда чечим Кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен ачык добуш беруу аркылуу кабыл алынат.
Төрага өзүнүн ыйгарым укуктарын ыктыярдуу түрдө токтотушу анын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде канааттандырылат.Кеңеш отставканы кабыл албаган учурда Кеңештин төрагасы өзүнүн ыйгарым укуктарын арыз берген күндөн тартып эки ай өткөндөн кийин токтотууга укуктуу.
5.7. Кеңештин төрагасы ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Кеңештин жаңы төрагасын шайлоо жөнүндө маселе чечилгенге чейин анын милдеттерин Кеңештин төрагасынын орун басары аткарат.
- Кеңештин төрагасынын орун басары.
6.1. Кеңештин төрагасынын орун босары Кеңештин төрагасынын сунушу боюнча депутаттардын ичинен отурумда жашыруун добуш берүү менен Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат. Ар бир депутат Кеңештин төрагасынын орун басарынын кызматына алдын ала көрсөтүү (өзүн-өзү көрсөтүү) укугуна ээ.
6.2. Кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоо жергиликтүү Кеңештин төрагасын шайлоого окшош жүргүзүлөт.
6.3. Кеңештин төрагасынын орун басары Кеңешке отчет берет жана Кеңештин отурумунда жашыруун добуш берүү жолу менен кызматтан бошотулушу мүмкүн.
Кеңештин төрагасынын орун басарына ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселе шайланган депутаттардын санынын кеминде 1/3 бөлүгүнүн талабы боюнча жакынкы жыйналыштын күн тартибине киргизилет.
Отурумда бул маселени карап чыгуу учурунда Кеңештин төрагасынын орун басарына сүйлөө үчүн сөз берилет. Кеңештин төрагасынын орун басарын ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндөгү чечим,эгерде шайланган депутаттардын жалпы санынын жарымынан ашыгы муну жактап добуш берсе,Кеңеш тарабынан жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.
6.4. Кеңештин төрагасынын орун басары.
-Кеңештин төрагасы жок болгон же ал милдеттерин аткара албаган учурда анын функцияларын жүзөгө ашырат.
-ага Кеңештин төрагасы берген же ага Кеңеш берген ар кандай башка функцияларды аткарат.
-Кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат.
-Кеңештин төрагасынын орун басары өз функцияларын коомдук башталыштарда жүзөгө ашырат.
6.5. Кеңештин төрагасынын орун басары өз ыйгарым укуктарын ыктыярдуу токтотушу анын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде канааттандырылат.
Кеңеш отставканы кабыл албаган учурда Кеңештин төрагасынын орун басары арыз берген күндөн тартып эки ай өткөндөн кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын токтотууга укуктуу.
6.6. Кеңештин жаңы төрагасы шайланган учурда Кеңештин төрагасынын орун басары ыктыярдуу түрдө отставкага кетүү жөнүндө арыз берет,ал Кеңештин төрагасы тарабынан каралат.
- Кеңештин жооптуу катчысы.
7.1. Кеңештин жооптуу катчысы Кеңештин ишин уюштуруу-протоколдук жактан камсыз кылган адам болуп саналат.
Кеңештин катчылыгы боюнча мыйзам менен белгиленген функцияларын Кеңештин жооптуу катчысы аткарат.
7.2. Кеңештин катчысы.
-Кеңештин отурумдарынын протоколун жүргүзөт жана жеке жоопкер катары өз мөөнөтүндө мамлекеттик реестрден катоодон өткөрүү боюнча иш алып барат.
-Кеңешке келип түшкөн документтердин эсебин алууну уюштурат.
-Кеңештин отурумдарына материалдарды даярдайт,аларды депутаттарга өткөрүп берет.
-отурумга катышуу үчүн депутаттарды,мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын,коомдук уюмдардын,калктын коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын өкулдөрун,адистерди чакырат.
-депутаттардын Кеңештин отурумдарына келишин эсебин алат.
-Кеңештин отурумдарынын чечимдерин толтурат жана аларды таратууну уюштурат.
-башка функцияларды аткарат.
- Кеңештин туруктуу комиссиялары.
8.1. Кеңештин карамагына тиешелүү маселелерди алдын ала карап чыгуу жанаа даярдоо үчүн Кеңеш депутаттардын ичинен туруктуу комиссияларды түзөт. Комиссияны түзүү жөнүндө чечим Кеңештин отурумунда кабыл алынат.
8.2. Туруктуу комиссиялар Кеңештин негизги түзүмдүк органдары болуп саналат, алар өздөрүн шайлаган Кеңештин алдында жооптуу жана ага отчет берет.Кеңештин жана Кеңештин төрагасынын тапшымаларын аткарат, жарандардын тиешелүү Кеңешке келип түшкөн сунуштарын, арыздарын, даттанууларын карап чыгууга катышат. Туруктуу комиссиялар комиссияга келип түшкөн документтерге жана кайрылууларга белгиленген мөөнөттө жооп берүүгө милдеттүү.
8.3 Ар бир туруктуу комиссиянын компетенциясы, функциялары жана милдеттери туруктуу комиссиялар жөнүндө жобо менен аныкталат, ал Кеңештин отурумунда бекитилет.
8.4. Комиссия депутаттын арызынын негизинде депутаттардын ичинен түзүлөт. Депутат Кеңештин бир гана (өзгөчө учурларда гана эки) туруктуу комиссиясынын мүчөсү боло алат.
Туруктуу комиссияда үч депутаттан кем болбойт. Комиссиянын курамына депутаттарды шайлоо Кеңештин отурумунда жүзөгө ашырылат. Кеңештин чечими боюнча добуш берүү тизме менен же ар биринин атын атын атоо менен жүргүзүлүшү мүнкүн. Депутаттарды комиссиянын курамына шайлоо жөнүндө чечим шайланган депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
8.5. Депутат катары менен жүйөөлүү себеп болбостон туруктуу комиссиянын пландуу жыйналыштарын үч жана андан ашык жолу өткөрүп жибергендиги үчүн комиссиянын сунушу боюнча Кеңештин чечими менен комиссиянын курамынан чыгарылышы мүнкүн. Жүйөөлүү себептер болуп: ооруу, өргүү, иш сапары саналат.
8.6. Депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда, ошондой эле жазуу жүзүндөгү жеке арызынын негизинде депутат комиссиянын курамынан чыкты деп эсептелинет. Мындай учурларда Кеңештин чечими талап кылынбайт.
8.7. Туруктуу комиссиянын төрагасы комиссиянын жыйналышында комиссиянын мүчөлөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен туруктуу комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен шайланат жана Кеңештин отурумунда шайланган депуттатардын санынын көпчүлүгү тарабынан ачык добуш берүү менен бекитилет. Кеңештин төрагасы жана Кеңештин төрагасынын орун басары туруктуу комиссиялардын төрагалары боло албайт.
8.8. Туруктуу комиссиясын төрагасы:
- комиссиянын ишин уюштурат;
- комиссиянын мүчөлөрүнүн ортосунда ишти бөлүштүрөт, аларга тапшырмаларды берет;
- комиссиянын иш планын, жыйналыштардын күн тартибинин долбоорун түзөт;
- комиссия Кеңешке даярдаган чечимдердин, сын-пикирлердин жана сунуштардын долбоорлорун сунуш кылат:
- комиссиянын төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна талапкерлерди комиссияга сунуш кылат;
- комиссияын жыйналыштарын чакырат жана алып барат;
-комиссиянын иши жөнүндө Кеңешке жана Кеңештин төрагасына маалымдайт:
-төрагаыны орун басары убактылуу жок болгон учурда комиссия мүчөлөрүнүн ичинен аны алмаштыруучуну дайындайт;
- комиссиянын чечимдеринин аткарылышы жөнүндө, комиссияга келип түшкөн каттарга жооптор жөнүндө комиссия мүчөлөлөрүнө маалымдайт;
- башка уюмдар менен мамилелерде комиссиянын атынан иш алап барат.
8.9. Туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары жыйналышта комиссиянын төрагасынын сунушу боюнча комиссия мүчөлөрүнүн ичинен шайланат.
8.10. туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары:
- туруктуу комиссия белгиленген милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык функцияларды аткарат;
- төраганын тапшыруусу боюнча анын айрым функцияларын аткарат;
-төрага жок болгон учурда аны алмаштырат.
8.11. Айыл өкмөтүнүн аппаратынын адистеринин бири туруктуу комиссиянын катчысы болуп саналат. Катчы туруктуу комиссиянын мүчөсү болуп саналбайт.
8.12.Туруктуу комиссиянын катчысы: туруктуу комиссиянын жыйналшынын протоколун жүргүзөт:
- комиссияга келип түшкөн документтердин эсебин алууну уюштурат:
- комиссиянын чечимдерин комиссияга келип түшкөн каттарга, документтерге жоопторду даярдайт;
- комиссиянын жыйналыштарына катышуу үчүн депутаттарды мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын, коомдук уюмдарынын, калктыктын коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн адистери чакырат.
8.13. Туруктуу комиссияын мүчөсү комиссиянын ишине каттышууга, комиссияынын тапшырмаларын аткарууга милдеттүү.
8.14. сунуштары комиссияын колдоосуна ээ болбогон туруктуу комиссиянын мүчөсү ушул маселени Кеңештин отурумунда талкуулоо учурунда аларды өзгөчө пикир түрүндө аларды жазуу жүзүндө же ооз эки формада киргизе алат.
8.15. Комиссияын талкуусуна киргизилип жаткан маселелер боюнча туруктуу комиссияын мүчөсүнө зарыл материалдар берилет.
8.16. Туруктуу комиссиянын мүчөсү комиссиянын тапшыруусу боюнча жана өз демилгеси боюнча комиссиянын карамагына тиешелүү маселелерди иликтей алат, мамлекеттик жана коомдук органдар менен уюмдардын, ошондой эле жарандардын сунуштарын жалпылай алат, өз тыянактарын жана сунуштарын комиссияга билдире алат.
8.17. мыйзамда каралган учурларда туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү комиссиялардын жыйналыштарын мезгилине өндүрүштүк же кызматтык милдеттерди аткаруудан бошотулат, мында туруктуу туруктуу иштеген жер боюнча орточо эмгек акы сакталат же ага комиссиядагы иш менен байланышкан чыгымдардын орду жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен толтурулат.
8.18. Туруктуу комиссия комиссиянын жыйналышында бекитилген пландарга ылайык иштейт.
8.19. Ар бир туруктуу комиссия жыйналыштарга зарылчылыка жараша, бирок кварталына кеминдң бир жолу чогулат.
8.20. Эгерде комиссиянын жыйналышын комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан ашыгы катышса ал чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу деп эсептелинет.
8.21. Комиссиянын чечимдери жыйналышка катышып олтурган комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Эгерде комиссиянын мурда кабыл алынган чечимдерин алып салуу жөнүндө чечимдерге комиссия мүчөлөлөрүнүн жарымынан ашыгы жактап добуш берсе ал кабыл алынды деп эсептелинет.
8.22. Комиссиянын жыйналыштарына бул комиссиянын курамына кирбеген кеңеш берүү добуш укугу бар депутаттар катыша алат.
8.23. Эгерде комиссия башкача чечим кабыл албаса, комиссиянын жыйналыштары ачык өтөт. Депутаттар комиссиянын жабык жыйналышына катыша алат.
8.24. Туруктуу комиссиянын жыйналыштарына мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, адистер чакырылышы мүнкүн, алар жыйналыштарга кеңеш берүү добуш укугу менен катыша алат.
8.25. Туруктуу комиссиянын ар бир жыйналашы протокол менен таризделет, ага комиссиянын төрагасы жана катчысы кол койот.
8.26. Туруктуу комиссия маселелерди даярдоо үчүн адистерди тарта алат. Иштөө үчүн тартылган адистер комиссиянын жыйналыштарына кеңеш берүү добуш укугу менен катыша алат.
8.27. Туруктуу комиссиянын чечимдерине жана корутундуларына комиссиянын төрагасы кол койот.
8.28. Туруктуу комиссиянын жыйналышынын чечимдери жана протоколдору, комиссия мүчөлөрүнүн тизмеси, кириш документтердин журналы комиссиянын катчысында сакталат.
8.29. Туруктуу комиссиялар Кеңештин отурумдарында төмөнкүчө жоюлат:
- туруктуу комиссиянын өзүнүн же Кеңештин төрагасынын сунушу боюнча:
- эгерде комиссиянын жыйналыштары үч ай боюу (анын ичиндң кворум жоктугунан улам) өткөрүлбөгөн учурда:
- комиссияда үчтөн аз мүчө калган учурда.
- Убактылуу (атайын) комиссиялар
9.1.Кеңеш атайын милдеттерди аткаруу үчүн убактылуу (атайын) комиссияларды түзө алат.
9.2. Убактылуу комиссиялардын милдеттери, ыйгарым укуктарынын көлөмү жана мөөнөтү аларды түзүү учурунда аныкталат.
9.3. Убактылуу комиссиялардын иши аларга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы менен токтотулат.
9.4. Убактылуу комиссиялардын ишинин жалпы тартиби туруктуу комиссиялардын иш тартибине окшош.
- Регламентти бекитүү, ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби.
10.1. Кеңештин Регламенти Регламент маселелери боюнча жумушчу топтун Типтүү регламентинин негизинде иштелип чыгат жана Кеңештин отурумунун бекитүүсүнө киргизилет.
10.2. Регламент маселелери боюнча топ Кеңеш шайлай турган кеминде беш депутаттан турат. Ага Кеңештин төрагасынын орун басары башчылык кылат.
10.3. Ар бир депутат Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды бере алат. Сунуштарды карап чыгуу үчүн Регламент маселелери боюнча жумушчу топко жөнөтүлөт.
10.4. Регламент маселелери боюнча топ түзөтүүлөрдү кабыл алат же четке кагат. Кабыл алынган түзөтүүлөрдү бекитүү үчүн Кеңештин жалпы жыйынына киргизилет. Четке кагылган түзөтүүнүн автору аны Кеңеш карап чыгышын талап кылууга укуктуу.
10.5. Регламент жана Регламентке түзөтүүлөр кеңештин шайланган депутаттарынын ичинен көпчүлүк тарабынан кабыл алынат.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III отурум
Т О К Т О М
29-июль 2021-жыл № 5 Эски Покровка айылы
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2021- жылдын бюджетинин атайын каражат бөлүмүндө КОВИД-19 пандемиясына байланыштуу, киреше жана чыгаша бөлүмдөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексине ылайык жылдык бюджеттин бөлүнүшүн туура пайдалануу маселелерин Финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, алардын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезектеги III отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2021- жылдагы бюджетинин атайын каражатына ата-энелерден түшүүчү төлөм 100,0 миң сомго аз түшкөндүгүнө байланыштуу бала-бакча бөлүмүнүн атайын каражатынын киреше жана чыгаша бөлүмдөрүнөн кыскартылып № 1 тиркеменин № 1 таблицасына ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
2.Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн айылдык кеңеш, жана башталгыч мектеп бөлүмдөрүнүн 2021- жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүн сарптоодо 6-айга бөлүнгөн чектөөдөн ашып кеткендигине байланыштуу № 1 тиркеменин № 2 таблицасына ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: К. Арапов.
Тиркеме № 1.
Таблица № 1.
(Киреше бөлүгү)
Кр.№ |
Бөлүм |
Элемент |
Өзгөрүү суммас |
Кварталдар боюнча |
||||
+ |
- |
1-кв |
2-кв |
3-кв |
4-кв
|
|||
1. |
Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
14232400 |
|
100,0 |
|
-100,0 |
|
|
|
Баары |
|
|
100,0 |
|
-100,0 |
|
|
( чыгаша бөлүгү)
Кр.№ |
Бөлүм |
Берене |
Өзгөрүү суммасы |
Кварталдар боюнча |
||||
+ |
- |
1-кв |
2-кв |
3-кв |
4-кв |
|||
1 |
Бала-бакча |
2218 |
|
100,0 |
|
- 100,0 |
|
|
|
Баары |
|
|
100,0 |
|
- 100,0 |
|
|
Таблица № 2.
Бөлүм |
Берене |
Өзгөрүү суммасы |
Кварталдар боюнча |
||||
- |
+ |
1-кв |
2-кв |
3-кв |
4-кв |
||
Аппарат |
2215 |
16,9 |
|
|
-16,9 |
|
|
Айылдык кеңеш |
2222 |
|
8,8 |
|
+8,8 |
|
|
Башталгыч мектеп |
2231 |
|
8,1 |
|
+8,1 |
|
|
|
|
-16,9 |
+16,9 |
|
0 |
|
|
Айылдык кеңештин төрагасы: К. Арапов.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги III Отурум
ТОКТОМ
29-июль 2021-жыл. № 6 Эски-Покровка айылы.
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын алты айлыгына аткарган иштери боюнча отчёту, үнөмдөлгөн акча каражатын кароо жөнүндө.
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын алты айлыгындагы аткарган иштери боюнча отчёту, бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча аткарылышы үнөмдөлгөн акча каражатын кароо жөнүндөгү маселени финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер,жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 18-беренеси 3-пунктуна ылайык алдын ала берилген материалдарды карап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин III- кезектеги отурумунун күн тартибиндеги маселени угуп,талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын алты айлыгындагы аткарган иштери боюнча отчёту,жана бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча аткарылышы кемчиликтер менен канаттандыраарлык деп табылсын.
- Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетинин алты айлыкта үнөмдөлгөн 280,0 миң сом акча каражаты төмөнкү беренелер боюнча жумшалсын (тиркеме № 1 тиркелет).
3.Токтомду мыйзам талаптарына ылайыктуу аткаруу жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы,бюдждет,салык, экономикалык маселелер,жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: К.Арапов.
Тиркеме № 1.
Бөлүм |
Глава |
Параграф |
Берене |
Өзгөрүү суммасы |
Анын ичинен квартал боюнча |
|||||
+ |
- |
1-кв |
2-кв |
3-кв |
4-кв |
|||||
ЖКХ |
92320 |
70629 |
2214 |
150,0 |
|
|
|
+150,0 |
|
|
|
|
|
2215 |
130,0 |
|
|
|
+130,0 |
|
|
|
|
|
2221 |
|
125 |
|
|
-125,0 |
|
|
|
|
|
3111 |
|
60,0 |
|
|
-60,0 |
|
|
Соц коргоо |
92320 |
71092 |
2721 |
|
95,0 |
|
|
-95,0 |
|
|
Жалпы: |
280,0 |
280,0 |
|
|
0,00 |
|
||||
Айылдык кеңештин төрагасы: К. Арапов.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги III отурум
ТОКТОМ
29-июль 2021-жыл. № 7 Эски-Покровка айылы.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин ардактуу атуулу наамын берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30-жылдыгына карата жана Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн социалдык экономикасына кошкон салымдары үчүн Кызыл- Октябрь айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент, (каада-салт, дин, тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын протоколу бекитилсин.
- Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин ардактуу атуулу наамы төмөндөгү атуулдарга ыйгарылсын.
- Абитов Жеңишбек Эсеналиевичке.
- Бекмурзаев Каныбек Зиадиновичке.
- Исмаилов Аваз Эргешовичке.
- Сатимов Данияр Иркабаевичке.
- Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө ардактуу атуулу громаталарын алуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жагы милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент, (каада-салт, дин, тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: К.Арапов.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз IV отурум
ТОКТОМ
19-октябрь 2021-жыл. № 8 Эски-Покровка айылы.
“Эдельвейс Голд” ЖЧКсына Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Кочкор- Ата айылында жайгашкан Кызыл Суу участкасынан чачыранды алтындарды геологиялык казып иштетүүгө макулдук берүү жөнүндө.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши “Эдельвейс Голд” ЖЧКсына Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Кочкор-Ата айылында жайгашкан Кызыл Суу участкасынан чачыранды алтындарды геологиялык казып иштетүү максатында. Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан берилген № 6809 АЕ лицензиясынын негизинде 12,83 га жер аянтын иштетүүгө макулдук берүү боюнча сунушун карап.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, экология, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, тазалык боюнча туруктуу комиссиясынын №3 протоколу (корутундусу) жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктунун 1 жана 23 под пункуттарына ылайык алдын ала берилген материалдарды карап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезексиз IV отурумунун күн тартибиндеги маселени угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Эдельвейс Голд” ЖЧКсына Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Кочкор-Ата айылында жайгашкан Кызыл Суу участкасынан чачыранды алтындарды геологиялык казып иштетүү максатында. Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан берилген № 6809 АЕ лицензиясынын негизинде 12,83 га жер аянтын иштетүүгө макулдук берилсин.
- Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө, айылдык кеңештин депутаттарынын сунушу менен .“Эдельвейс Голд” ЖЧКсына аткарып жаткан иштерине көзөмөл жүргүзүп туруу үчүн биргелешкен комиссия түзүү жагы тапшырылсын.
- “Эдельвейс Голд” ЖЧКсы менен түзүлгөн соц. пакеттин аткарылышы мыйзам чегинде типтүү келишимдин негизинде жүргүзүлүп, алымча кошумча форс мажор учурлары менен эске алынсын.
- Токтомду мыйзам талаптарына ылайыктуу иш алып баруу жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл,суу чарба, экология,турак жай жана өнөр жай, курулуш,жерге жайгаштыруу, тазалык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары: Г.Токтомуратова.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги V отурум
ТОКТОМ
05-ноябрь 2021-жыл. № 9 Эски-Покровка айылы.
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын тогуз айлыгында, үнөмдөлгөн акча каражатын кароо жөнүндө.
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын тогуз айлыгындагы, бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча үнөмдөлгөн акча каражатын кароо жөнүндөгү маселени финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер, жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын № 4 протоколу, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин V- кезектеги отурумунун күн тартибиндеги маселени угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетинин тогуз айлыкта үнөмдөлгөн 1540,0 (бир миллион беш жүз кырк миң) сом акча каражаты төмөнкү беренелер боюнча жумшалсын (тиркеме № 1 тиркелет).
2.Токтомду мыйзам талаптарына ылайыктуу аткаруу жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы,бюдждет,салык, экономикалык маселелер,жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: К. Арапов
Тиркеме№1.
№ |
Бөлүм |
Ведомст класс-я |
Функ я класс-я
|
Берене |
Өзгөрүү суммасы |
Кварталдар боюнча |
||||
+ |
- |
1-кв |
2-кв |
3-кв |
4-кв |
|||||
1 |
Айыл чарба |
|
|
2215 |
|
350 |
|
|
|
-350 |
2 |
Соц коргоо |
|
|
2721 |
|
200 |
|
|
|
-200 |
3 |
Бала- бакча |
|
|
2218 |
|
580 |
|
|
|
-580 |
4 |
Орто мектеп |
|
|
2231 |
|
310 |
|
|
|
-310 |
5 |
Орто мектеп |
|
|
2221 |
80 |
|
|
|
|
+80 |
6 |
Орто мектеп |
|
|
3112 |
160 |
|
|
|
|
+160 |
7 |
Ж К Х |
|
|
2215 |
|
100 |
|
|
|
-100 |
8 |
Ж К Х |
|
|
3111 |
1300,0 |
|
|
|
|
+1300,0 |
|
Жалпы |
|
1540,0 |
1540,0 |
|
|
|
0,00 |
Айылдык кеңештин төрагасы: К. Арапов.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги V отурум
ТОКТОМ
05- ноябрь 2021-жыл. № 10 Эски-Покровка айылы.
Эски-Покровка айылында жайгашкан эски мечиттин багытын өзгөртүп бала-бакчага айлантууга макулдук берүү жөнүндө.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Эски-Покровка айылында жайгашкан мурдагы магазиндин орду 5-06-12-1009-0066 коду менен катталган мечиттин ордун 1137,12 м2 жер аянтынын багытын өзгөртүп бала-бакчага айлантууга макулдук берүү боюнча. Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл,суу чарба, экология,турак жай жана өнөр жай, курулуш,жерге жайгаштыруу,тазалык боюнча туруктуу комиссиясынын № 2 протоколун (корутундусу) жана берилген материалдарды карап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезектеги V отурумунун күн тартибиндеги маселени угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Эски-Покровка айылында жайгашкан мурдагы магазиндин орду 5-06-12-1009-0066 коду менен катталган мечиттин ордун 1137,12 м2 жер аянтынын багытын өзгөртүп бала-бакчага айлантууга макулдук берилсин.
2.Токтомду мыйзам талаптарына ылайыктуу аткаруу жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл,суу чарба, экология,турак жай жана өнөр жай, курулуш,жерге жайгаштыруу,тазалык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: К.Арапов.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги V отурум
ТОКТОМ
05-ноябрь 2021-жыл. № 11 Эски-Покровка айылы.
Кызыл-Сеңир айылындагы ФАП ка Шеров Аттокурдун ысмын ыйгаруу жөнүндө.
Кызыл-Сеңир айылынын тургундарынын арызын жана элдик жыйындын протоколун, билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт,дин,тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 04-ноябрындагы № 2 протоколун (корутундусун) VII – чакырылышынын V- кезектеги күн тартибинде (ар түрдүү маселелерде) каралып талкууланып, көп жылдык элге кылган эмгегин эске алуу менен төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кызыл-Сеңир айылындагы ФАП ка маркум Шеров Аттокурдун ысмын ыйгарууга макулдук берилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт,дин,тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: К. Арапов.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги V отурум
ТОКТОМ
05-ноябрь 2021-жыл. № 12 Эски-Покровка айылы.
Кызыл-Сеңир айылындагы чайкананын алдына “Чыгаандар аллеясын” түптөөгө, жана “Кызыл-Сеңир айылынын чыгаан инсандары” деп бекитүү жөнүндө.
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 02- ноябрындагы № 715 чыгыш номери менен жөнөтүлгөн өтүнүч катын, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги V- отурумунун күн тартибинде (ар түрдүү маселелерде) каралып талкууланып, көп жылдык элге кылган эмгектерин эске алуу менен төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кызыл-Сеңир айылындагы чайкананын алдына “Чыгаандар аллеясын” түптөөгө макулдук берилсин.
2.”Кызыл-Сеңир айылынын чыгаан инсандары” деп төмөндөгү атуулдар бекитилсин.
- Маатов Суеркул Жогорку соттун судьясы.
- Шеров Аттокур Медицина илимдеринин доктору.
- Малашов Шамурат КР айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкери.
- Нурумбетов Балтагул КР эмгек сиңирген мугалими.
- Полотов Жеңиш КР эмгек сиңирген мугалими.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт,дин,тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: К. Арапов.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги V отурум
ТОКТОМ
05-ноябрь 2021-жыл. № 13 Эски-Покровка айылы.
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүндөгү Эски-Покровка айылында жайгашкан № 68 М.Тешебаев атындагы орто мектебинин имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү жөнүндө.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги V-отуруму Кызыл-Октябрь өкмөтүндөгү Эски-Покровка айылында жайгашкан № 68 М.Тешебаев атындагы орто мектебинин имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап чыгып Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги V-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин түрткү берүүчү гранттын эсебинен Эски-Покровка айылындагы № 68 М.Тешебаев атындагы орто мектебинин имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү демилгесин долбоордун смета баасы 3351078 (үч миллион үч жүз элик бир миң жетимиш сегиз) сом колдоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен суралсын.
- Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин түрткү берүүчү гранттын эсебинен Эски-Покровка айылындагы № 68 М.Тешебаев атындагы орто мектебинин имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн, 2022-жыл үчүн жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү боюнча сметада акча каражаты каралгандыгы (“ж.б. чыгымдар” статьясынын имаратты кезектеги ремонт иштери, имаратты оң абалда кармоо, ар түрдүү долбоорлорду, демилгелерди колдоо ж.б. пункту боюнча) жана Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин түрткү берүүчү гранттын эсебинен Эски-Покровка айылындагы № 68 М.Тешебаев атындагы орто мектебинин имараттын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн үлүштүк бөлүгү, же 810 000 (сегиз жүз он миң) сом жергиликтүү бюджеттен каржылансын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы финансы,бюдждет,салык, экономикалык маселелер,жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына, жана айыл өкмөт башчысынын милдеттин аткаруучу Талантбек уулу Русланга жүктөлсүн.
Төрага: К.Арапов.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги V отурум
ТОКТОМ
05-ноябрьрь 2021-жыл. № 14 Эски-Покровка айылы.
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүүгө
макулдук берүү жөнүндө.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги V-отуруму Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү ФЭБнүн башчысы- башкы эсепчи Т.Жээнбековтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги V-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө 20,0 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
Киреше жагына
Салыктын түрү |
Кошумча план |
Кварталга |
||||
+ |
- |
I-кв |
II-кв |
III-кв |
IV-кв |
|
Жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүү жана күтүүгө чегерүү |
20,0 |
|
|
|
|
20,0 |
Жыйынтыгы: |
20,0 |
|
|
|
|
20,0 |
Чыгаша жагына
Бөлүм
|
Глава
|
Параграф
|
Берене
|
Өзгөрүү суммасы |
Кварталга |
|
||||||
+ |
- |
I-кв |
II-кв |
III-кв |
IV-кв |
|
||||||
Китепкана
|
92320 |
70821 |
3112 |
|
20,0 |
|
|
|
20,0 |
|
||
Жыйынтыгы: |
|
20,0 |
|
|
|
20,0 |
|
|
20,0 |
- Өзгөн райондук каржы бөлүмүнө кошумча түзүлгөн смета тапшырылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы финансы,бюдждет,салык, экономикалык маселелер,жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына, жана айыл өкмөт башчысынын милдеттин аткаруучу Талантбек уулу Русланга жана ФЭБнүн башчысы – башкы эсепчи Т. Жээнбековко милдеттендирилсин.
Төрага: К.Арапов.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги VI отурум
ТОКТОМ
17-январь 2022-жыл. № 15 Эски-Покровка айылы.
“Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2022- жылга жергиликтүү бюджетинин долбоору жана 2023-2024- жылдарга жергиликтүү бюджетинин болжолу жөнүндө”
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2022- жылга жергиликтүү бюджетинин долбоору жана 2023-2024- жылдарга жергиликтүү бюджетинин болжолу жөнүндөгү маселелерди айылдык кеңештин бюджет, финансы, салык, инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясында каралып, алардын сунуштарын, берилген маалыматтарын угуп, жана аны ар тараптан талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезектеги VI-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2022- жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 26291,2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
Анын ичинен: 14997,2 миң сом жергиликтүү бюджет. 11294,0 теңдештирүүчү грант.
- Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2022- жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгү 26291,2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Айыл өкмөтүнүн 2023-2024- жылдарга белгиленген бюджеттеринин болжолдуу көрсөткүчтөрү ар бир жылдын долбоорун бекитүүдө такталууга жатары белгиленсин.
- Чыгашалардын корголгон беренелери, бюджеттик мекемелердин штаттык санындагы бош орундарга, жана укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтылышы мүмкүндүгү эске алынсын.
- Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2022- жылдагы бюджетинин чыгашаларын каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелерин (комуналдык кызматтар, электр энергия, каттуу отун-көмүр, тамак-аш, эмгек акы, социалдык фонд төлөмдөрү, байланыштуу чыгымдарын) жабууга багытталышы керектиги эске алынсын.
- Республикалык бюджеттен келүүчү теңдөөчү гранттарды биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык төлөмдөр, каммуналдык кызмат көрсөтүүлөр, каттуу отун-көмүр) боюнча чыгашаларды толук каржылоого багытталсын жана жоопкер болушары эскертилсин.
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү Мыйзамынын 24-беренесине ылайык айыл өкмөттүн резервдик фонду 2022- жылга 100,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100% Кыргыз Республикасынын бюджетинин кирешесине алынып койулары эскертилсин.
- Республикалык бюджеттен келген бюджеттик каражаттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максатуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган каражаттары тиешелүү бюджеттерге кайра кайтарылып алынаары эске алынсын.
- Жергиликтүү бюджетке айыл өкмөтү тарабынан киргизилүүчү (бир бөлүм ичинде жылдыруулар болгондо), жана өзгөртүүлөр жана тактоолору (бир бөлүмдөн экинчи бөлүмдөргө жылдыруулар болгондо) жергиликтүү кеңеш тарабынан каралгандан жана кабыл алынгандан кийин аткарууга алынат, зарыл болгондо бул өзгөртүүлөр жергиликтүү кеңештин тармактык туруктуу комиссиясы менен макулдашуусу боюнча аткарылышы мүмкүн экендиги эске алынсын. Айланма кассалык калдык айыл өкмөттүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаттары 2022-жылдын 01-январына карата 170,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
- Жайыт комитетинен түшүүчү салык көлөмү 210,0 миң сом экендиги белгиленсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына, айыл өкмөт башчысынын милдеттин аткаруучу Талантбек уулу Русланга, жана ФЭБнүн башчысы-башкы эсепчи Т.Жээнбековко жуктөлсүн.
Төрага: К. Арапов.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги VI отурум
ТОКТОМ
17-январь 2022-жыл. № 16 Эски-Покровка айылы.
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2022- жылдагы бюджетинин сметасына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө.
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2021- жылдагы жергиликтүү бюджетинде каралган жумуштарды аткаргандан кийин, Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 44- беренесинин 4- пунктун жетекчиликке алып, 2021- жылдан калган суммаларды кайра бөлүштүрүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы–башкы эсепчи Т. Жээнбековтун, Финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүлөрүн угуп, талкуулап чыгып айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинин 2022- жылдагы сметасына өзгөртүү киргизүү жана акча каражаттарын туура пайдалануу максатында Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VI- кезектеги отуруму 9150,3 (тогуз миллион бир жүз элүү миң үч жүз) сом акча каражатын 2022- жылдын сметасына отургузуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2022- жылдагы жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнө тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизүүгө макулдук берилсин. (Тиркеме тиркелет)
2.Өзгөн райондук каржы бөлүмүнө кошумча түзүлгөн смета тапшырылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына, айыл өкмөт башчысынын милдеттин аткаруучу Талантбек уулу Русланга, жана ФЭБнүн башчысы-башкы эсепчи Т. Жээнбековко жуктөлсүн.
Төрага: К. Арапов.
К-р № |
Бөлүм |
Ведомст класс-я |
Функ-я класс-я |
Берене |
Өзгөруу суммасы |
Кварталдар б-ча |
||||
+ |
- |
1 |
2 |
3 |
4 |
|||||
1 |
Аппарат |
92310 |
70111 |
3112 |
|
241,0 |
-241,0 |
|
|
|
|
|
92310 |
70111 |
2215 |
|
83,7 |
-83,7 |
|
|
|
2 |
Айылдык кенеш |
92310 |
70111 |
3112 |
|
400,0 |
-400,0 |
|
|
|
3 |
|
|
|
2215 |
|
50,0 |
-50,0 |
|
|
|
4 |
Айыл чарба |
92320 |
70421 |
2221 |
|
2535,4 |
-2535,4 |
|
|
|
5 |
ЖКХ |
92320 |
70629 |
3111 |
|
2915,0 |
-2915,0 |
|
|
|
6 |
|
92320 |
70629 |
2215 |
|
150,0 |
150,0 |
|
|
|
7 |
|
92320 |
70629 |
2221 |
|
686,3 |
-686,3 |
|
|
|
9 |
|
|
|
2222 |
|
276,9 |
-276,9 |
|
|
|
10 |
Бала бакча |
92320 |
70911 |
2221 |
|
612,0 |
-612,0 |
|
|
|
11 |
|
92320 |
70911 |
3111 |
|
1000,0 |
-1000,0 |
|
|
|
12 |
Соц.коргоо |
92320 |
71092 |
2721 |
|
200,0 |
-200,0 |
|
|
|
|
Жалпы: |
|
|
9150,3 |
-9150,3 |
|
|
|
Тиркеме №1.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин төрагасы: К. Арапов.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги VI отурум
ТОКТОМ
17-январь 2022-жыл. № 17 Эски-Покровка айылы.
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Сеңир айылында жайгашкан маданият үйүнүн эски имаратын бузуп жаңылап тургузууга макулдук берүү жөнүндө.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII- чакырылышынын VI- отурумунда күн тартибинин ар түрдүү маселелеринде Кызыл-Сеңир айылында жайгашкан маданият үйүнүн эски имаратын бузуп жаңылап тургузууга Кызыл-Октябрь айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Талантбек уулу Русландын CASA -1000 долбоорунун Өзгөн району боюнча менеджер координатору Жээналиева Астранын баяндамаларын угуп талкууланып чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезектеги VI-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Сеңир айылында жайгашкан маданият үйүнүн эски имаратын бузуп жаңылап тургузууга макулдук берилсин.
- Жергиликтүү бюджеттин өздүк салым үчүн 1000,0 (бир миллион) сом акча каражаты бекитилсин.
3.Токтомду мыйзам талаптарына ылайыктуу аткаруу жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Талантбек уулу Русланга жана ФЭБнүн башчысы – башкы эсепчи Жээнбеков Т. милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: К. Арапов.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги VI отурум
ТОКТОМ
17-январь 2022-жыл. № 18 Эски-Покровка айылы.
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү боюнча аткарылып жаткан иштерди, айыл өкмөтүнүн айылдарынын элдерине жеткирүү жана айыл өкмөттүн социалдык – экономикалык өнүгүүсүнө байкоо жүргүзүүчү байкоочу кеңеш түзүүгө макулдук берүү жөнүндө.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII- чакырылышынын VI- отурумунда күн тартибинин ар түрдүү маселелеринде Кызыл-Октябрь айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Талантбек уулу Русландын Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү боюнча аткарылып жаткан иштерди, айыл өкмөтүнүн айылдарынын элдерине жеткирүү жана айыл өкмөттүн социалдык – экономикалык өнүгүүсүнө байкоо жүргүзүүчү байкоочу кеңеш түзүү боюнча баяндамасын угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезектеги VI-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү боюнча аткарылып жаткан иштерди, айыл өкмөтүнүн айылдарынын элдерине жеткирүү жана айыл өкмөттүн социалдык – экономикалык өнүгүүсүнө байкоо жүргүзүүчү байкоочу кеңеш түзүүгө макулдук берилсин.
- Кызыл-Октябрь айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Талантбек уулу Русланга байкоо жүргүзүүчү байкоочу кеңештин курамын жана жобосун иштеп чыксын.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага: К. Арапов.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги VI отурум
ТОКТОМ
17-январь 2022-жыл. № 19 Эски-Покровка айылы.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2022-жылга иш-планын иштеп чыгуужөнүндө.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII- чакырылышынын VI- отурумунда күн тартибинин ар түрдүү маселелеринде 2022-жылга айылдык кеңештин иш-планын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүү маселесин каралып талкууланып чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезектеги VI-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Регламенттин талаптарына ылайык 2022-жылга айылдык кеңештин иш-планын иштеп чыгуу үчүн депутаттардан турган жумушчу топ түзүлсүн.
2.Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Г. Токтомуратова жумушчу топтун башчылыгына, комиссиялардын төрагалары К. Сатывалдыев, А. Баатырова, А. Кайкыев жумушчу топтун мүчөлөрү болуп бекитилсин.
3.Жумушчу топтун башчысы Г. Токтомуратовага бир айлык мөөнөттүн ичинде иш-пландын долбоорун айылдык кеңештин жалпы отурумуна сунуштасын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага: К. Арапов.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги VII отурум
ТОКТОМ
15-февраль 2022-жыл. № 20 Эски-Покровка айылы.
Кызыл-Октябрь айыл өкмөт башчысынын 2021-жылда аткарылган иштери
жөнүндө.
Кызыл-Октябрь айыл өкмөт башчысы Талантбек уулу Русландын 2021-жылда айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана белгиленген бюджеттин аткарылышында ФЭБ башчысы башкы-эсепчи Т.Жээнбековтун отчётторун угуп, финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер, жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун, берилген материалдарды карап угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезектеги VII- отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысынын 2021-жылда айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө, жана белгиленген бюджеттин аткарылышында ФЭБ башчысы башкы-эсепчинин аткарган иштери канаттандыраарлык деп табылсын.
- Айыл өкмөтүнүн ишинин негизги багыты бюджетти көтөрүү, чет өлкөлүк инвесторлор (АРИС, ЮСАИД, ПРООН ж.б) менен тыгыз кызматташып долбоорлорду ишке ашыруу максатындагы уюштуруу иштеринде болсун.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары: Г. Токтомуратова
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги VII отурум
ТОКТОМ
15-февраль 2022-жыл. № 21 Эски-Покровка айылы.
Мал жана башка жандыктардын ээлерине “ПОТРАВА” боюнча айып пул салуу
жөнүндө.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 01-февралындагы № 68 өтүнүч катын (айдалган эгиндерине, үлүш жерлерине, огородторуна материалдык зыянга учуратканда) жана айыл өкмөтүнүн айылдарындагы жергиликтүү калктардын өтүнүчтөрүн элдик жыйындардын протоколдорун эске алуу максатында Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезектеги VII- отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Мал жана башка жандыктардын ээлерине айып пул салуу боюнча жылкыга-10000-сом, кара малга-5000-сом, кой эчкиге-3000-сом өлчөмүндө айып пул салууга макулдук берилсин.
- Токтомду мыйзам талаптарына ылайыктуу аткаруу жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөт башчысы Талантбек уулу Русланга милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл,суу чарба, экология,турак жай жана өнөр жай, курулуш,жерге жайгаштыруу,тазалык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары: Г. Токтомуратова
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги VII отурум
ТОКТОМ
15-февраль 2022-жыл. № 22 Эски-Покровка айылы.
Кызыл-Сеңир айылынын тургуну Анаров Талантбектин жеке менчик үйүнүн
багытын өзгөртүп бала-бакчага айлантууга макулдук берүү жөнүндө.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Сеңир айылынын тургуну Анаров Талантбектин арызын жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт,дин,тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп таанышып талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезектеги VII- отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Сеңир айылынын тургуну Анаров Талантбектин жеке менчик үйүнүн багытын өзгөртүп бала-бакчага айлантууга макулдук берилсин.
2.Токтомду мыйзам талаптарына ылайыктуу аткаруу жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Русланга милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт,дин,тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары: Г. Токтомуратова
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз VIII отурум
ТОКТОМ
05-март 2022-жыл. № 23 Эски-Покровка айылы.
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн “Үч-Алыш” СПАсын менчигиндеги ирригациялык курулмалардын жалпы бөлүгүн
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамаатынын муниципиалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө болгон муниципиалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 2 жана 19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27,34-беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Суу кодексинин” 84-беренесинин 1,5-пункуттарына ылайык “Үч-Алыш” СПАсынын мүчөлөрүнүн жалпы жыйынынын ирригациялык курулмаларды муниципиалдык менчикке акысыз берүү жөнүндө чечими, Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Талантбек уулунун сунушун Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, экология, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, тазалык боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезексиз VIII - отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.”Үч-Алыш” СПАсынын мүчөлөрүнүн жалпы жыйынынын ирригациялык курул-малардын жалпы бөлүгүн (схемада каралган), мүлктөрү анын ичинде XN 977-2L чыгарылган жылы 2013,кузову № 13083181, кыймылдаткыч № Х1315083 үлгүсүндөгү экскватор муниципиалдык менчикке акысыз берүү жөнүндө өтүнүч кайрылуусу канаттандырылсын, Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамаатынын муници-пиалдык менчигине кабыл алынсын.
- Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Талантбек уулуна:
1) ”Үч-Алыш” СПАсы менен биргеликте ирригациялык курулмалардын жалпы бөлүгүн (жер канал,жер арыктары) кабыл алуу өткөрүп берүү актысын түзсүн.
2) Ирригациялык курулмаларды муниципиалдык менчик реестрине камтысын.
3) ”Үч-Алыш” СПАсы менен биргеликте ирригациялык курулмаларды берүү келишимине кол койсун, аны мамлекеттик нотариалдык канторасынан күбөлөндүрсүн жана мамлекеттик каттоо кызматтарынын органдарына каттасын.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, экология, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, тазалык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары: Г. Токтомуратова
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз VIII отурум
ТОКТОМ
05-март 2022-жыл. № 24 Эски-Покровка айылы.
Кызыл-Октябрь жайыт комитетинин 2022-жылга жайыт планын
жана бюджетин бекитүү жөнүндө.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши Кызыл-Октябрь жайыт комитетинин башчысы Б. Кыдыралиевтин 2021-жылдагы отчёту жана 2022-жылга жайыт планы бюджетинин долбоорун жана Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл,суу чарба, экология,турак жай жана өнөр жай, курулуш,жерге жайгаштыруу, тазалык боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, талкуулап чыгып Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезексиз VIII- отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Октябрь жайыт комитетинин 2022-жылга жайыт планы бекитилсин.
2.Жайыт комитетинин башчысы Б. Кыдыралиевтин 2021-жылдагы аткарган иштерин кемчилдиктер менен канаттандыраарлык деп табылсын.
3.Кызыл-Октябрь жайыт комитетинин 2022-жылга бюджети 412375-сом өлчөмүндө бекитилсин.
4.Жайыт комитетинин башчысы Б. Кыдыралиевке жайыт пайдалануучулар бирикмесинин уставына жана бекитилген пландарга ылайык иш жүргүзүү менен тийиштүү отчётторду берип туруу жагы милдеттендирилсин.
5.Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык жүргүзсүн.
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл,суу чарба, экология,турак жай жана өнөр жай, курулуш,жерге жайгаштыруу,тазалык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары: Г. Токтомуратова
“Бекитемин”
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин
VII-чакырылышынын кезексиз VIII-
отуруму “ 05 ” март 2022-жылдын
№24 токтому менен
Төраганын орун басары
Г. Токтомуратова.
Кызыл-Октябрь жайыт комитетинин 2022-жылга карата бюджети.
№ |
Чыгаша бөлүгү |
Саны |
Сом менен |
Жалпы чыгым |
1 |
Жайыт комитетинин төрагасы |
1 |
7000 |
70 000 |
2 |
Эсепчи |
1 |
6000 |
60 000 |
3 |
Мал санакчы |
2 |
3200 |
32 000 |
4 |
Баардыгы: |
|
- |
162000 |
5 |
Транспорттук чыгым |
|
|
9000 |
6 |
Жер салыгы |
|
|
84 000 |
7 |
Социалдык чегерүү 17,25% |
|
|
41 000 |
8 |
Инфраструктураны өнүктүрүү |
|
|
80 000 |
9 |
Кеңсе буюмдары |
|
|
4000 |
10 |
Жайытка мониторинг жүргүзүү |
|
|
5000 |
11 |
Сапар чыгымы |
|
|
5000 |
12 |
Эмгек акыдан кармалуучу салык |
|
|
15 000 |
13 |
Башка жумуштарга |
|
|
7375 |
Жалпы чыгаша: 412375
Киреше бөлүгү:
№ |
Малдын түрү |
Саны |
Жалпы төлөө жайыт акысы |
Көтөрүү коэфиценти |
Шартуу мал башы |
Жайыт билет акы |
Жалпы сумма 2022-ж |
1 |
Саан уй |
2566 |
|
1 |
2566 |
60 |
153960 |
2 |
Жаш малдар |
1094 |
|
0,7 |
766 |
45 |
34470 |
3 |
Кой-эчки |
9385 |
|
0,2 |
1877 |
35 |
65695 |
4 |
Жылкы эшек |
1055 |
|
1 |
1055 |
150 |
158250 |
|
Жалпы: |
|
- |
- |
|
- |
412375 |
Жайыт башка максатка пайдалангандар үчүн ар бир сотых жерге же огород катары тосуп пайдаланган жерлер үчүн 50-сомдон акы төлөнсүн, ар бир бал челек үчүн 20-сомдон акы төлөнсүн.
Жайыт комитетинин башчысы: Б. Кыдыралиев.
Жайыт комитетинин эсепчиси: У. Умаралиев.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз VIII отурум
ТОКТОМ
05-март 2022-жыл. № 25 Эски-Покровка айылы.
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Ынтымак айылынын үчүнчү
көчөсүнө Абдраимов Маманын атын ыйгарууга макулдук берүү жөнүндө.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Ынтымак айылынын тургундарынын 2022-жылдын 14-февралындагы элдик жыйындын протоколун жана айыл башчысы А. Калмурзаевтин баяндамасын угуп, талкуулап чыгып Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезексиз VIII- отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Ынтымак айылынын үчүнчү көчөсүнө Абдраимов Маманын атын ыйгарууга макулдук берилсин.
2.Токтомду мыйзам талаптарына ылайыктуу аткаруу жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Русланга жана Ынтымак айылынын айыл башчысы А. Калмурзаевке милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт,дин,тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары: Г. Токтомуратова
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз VIII отурум
ТОКТОМ
05-март 2022-жыл. № 26 Эски-Покровка айылы.
Кызыл-Октябрь айылындагы Жаман-Адыр участкасында жайгашкан кыш завотунун
ишмердүүлүгүн керектүү иш-кагаздары бүткөнгө чейин убактылуу токтотуп туруу
жөнүндө.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Октябрь айылынын тургундарынын 2022-жылдын 21-февралындагы элдик жыйындын протоколун жана айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Талантбек уулунун баяндамасын угуп, талкуулап чыгып Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезексиз VIII- отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кызыл-Октябрь айылындагы Жаман-Адыр участкасында жайгашкан кыш завотунун
ишмердүүлүгүн керектүү иш-кагаздары бүткөнгө чейин убактылуу токтотуп турууга макулдук берилсин.
2.Токтомду мыйзам талаптарына ылайыктуу аткаруу жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Русланга милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл,суу чарба, экология,турак жай жана өнөр жай, курулуш,жерге жайгаштыруу,тазалык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсун.
Төраганын орун басары: Г. Токтомуратова
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз VIII отурум
ТОКТОМ
05-март 2022-жыл. № 27 Эски-Покровка айылы.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Талантбек уулунун Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык айыл өкмөтүнүн үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндөгү баяндамасын угуп, талкуулап чыгып Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезексиз VIII- отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Талантбек уулунун сунушу колдоого алынсын.
- Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө айыл өкмөтүнүн үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча жобоону иштеп чыгуу жагы милдеттендирилсин.
3.Айылдык кеңештин депутаттары айыл өкмөтүнүн каада-салт боюнча комиссиянын курамына киргизилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төраганын орун басары: Г. Токтомуратова.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз VIII отурум
ТОКТОМ
05-март 2022-жыл. № 28 Эски-Покровка айылы.
Кара-Шоро жайытындагы жайыттын картасын бекитүү жөнүндө.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Талантбек уулунун 1991-жылы жайыт жерлери кандай бөлүнгөн болсо өзгөртүлбөстөн “Өгүз өлдү” жана “Чоң-Жетимди” кайтарып алуу жөнүндөгү баяндамасын угуп, талкуулап чыгып Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезексиз VIII- отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Талантбек уулунун 1991-жылы жайыт (жайыт картасы) жерлери кандай бөлүнгөн болсо өзгөртүлбөстөн “Өгүз өлдү” жана “Чоң-Жетимди” кайтарып алуу жөнүндөгү сунушу колдоого алынсын.
2.Токтомду мыйзам талаптарына ылайыктуу аткаруу жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Талантбек уулуна милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл,суу чарба, экология,турак жай жана өнөр жай, курулуш,жерге жайгаштыруу,тазалык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары: Г. Токтомуратова
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз VIII отурум
ТОКТОМ
05-март 2022-жыл. № 29 Эски-Покровка айылы.
“ФИРДАУС”- Айылдык жамаатык уюмун каттоо жөнүндө.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши Кызыл-Октябрь айылынын жергиликтүү коомчулук мүчөлөрүнүн жалпы уюштуруу жыйынынын протоколун Уставын жана жобосу менен таанышып талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезексиз VIII-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Октябрь айылындагы “ФИРДАУС”- Айылдык жамаатык уюмун каттоого алууга макулдук берилсин.
- “ФИРДАУС”- Айылдык жамаатык уюмунун Уставы жана жобосу бекитилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл,суу чарба, экология,турак жай жана өнөр жай, курулуш,жерге жайгаштыруу,тазалык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары: Г. Токтомуратова
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин
VII-чакырылышынын кезексиз VIII-
отуруму “ 05 ” март 2022-жылдын
№29 токтому менен каттоого алынды.
Төраганын орун басары
Г. Токтомуратова.
Кызыл-Октябрь
айылдык жамааттык уюмунун
Уставы
Кызыл-Октябрь айылы 2022-ж/
- Жалпы жоболор.
- Айылдык жамааттык уюм(мындан ары АЖУ) -айылдык коомдук өз алдынча башкаруу органы болуп саналат, ал Кыргыз Республикасынын Конституциясына,Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексин коммерциялык эмес уюмдар жонундо, "Жергиликтуу озалдынча башкаруу жана жергиликтуу мамлекеттик администрация жонундо", Кыргыз Республикасынын "Жамааттар жана алардын бирикмелери" жонундогу мыйзамына, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына ылайык тузулот жана озунун ишин алып барат.
- Айылдык жамаатттык уюм (АЖУ)- жергиликтуу социалдык жана экономикалык маселелерди чечүүго, анын ичинде жамааттык топтор башкарган жергиликтуу социалдык жана экономикалык инфраструктурага, киреше алып келуучу ишканаларга туруктуу инвестицияларды биргелешип пландаштырууга жана турмушка ашырууга багытталган иштерди алга илгерилетуучу жана жана жузого ашыруучу , Кызыл- Октябрь айылында жашаган жергиликтуу жамааттын мучолорунун ыктыярдуу бирикмеси.
- АЖУ- Кыргыз Республикасынын Ош областынын Озгон районундагы Кызыл - Октябрь айылдык кенешинин, Кызыл- Октябрь айылында жайгашкан жана Кызыл- Октябрь айылынын аймагында аракеттенет.
АЖУнун юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ош областы, Озгон району, Кызыл -Октябрь айылдык кенешинин Кызыл-Октябрь айылы,Эрматов Кудайберди кочосу уй №2.
- АЖУнун ишинин мөөнөту чектелбейт.
- АЖУнун толук расмий аталышы:
- кыргыз тилинде: Ош областынын, Өзгон районунун, Кызыл- Октябрь айылдык кеңешинин, Кызыл- октябрь айылынын "Фирдаус"- Айылдык жамааттык уюму".
- орус тилинде: Орган сельских сообществ "Фирдаус" село Кызыл-Октябрь, Кызыл- Октябрского айылного кеңеша Узгенского района Ошской области.
Айылдык жамааттык уюмунун кыскача аталышы:
- кыргыз тилинде: АЖУ-"Фирдаус".
-орус тилинде ОСС-"Фирдаус" . 6. АЖУ коммерциялык уюм эмес болуп саналат, анын уюштуруу-укуктук формасы болуп аймактык коомдук өз алдынча башкаруу болуп эсептелет. АЖУ мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып юридикалык жактын статусуна, өз ишин жургузуу боюнча укуктарга жана милдеттерге ээ болот жана сотто доочу жана жоопкер катарында оз ишин жургузо алат.
- АЖУ өзүнүн аталышын камтыган мөөру, кыргыз жана орус тилдериндеги штампы, эсептешуу эсеби жана башка банктык эсептери болот.
- АЖУну түзүүнүн жана иштешинин принциптери.
- АЖУ нун иши төмөндөгү принциптерде жүзөгө ашырылат:
- мыйзамдуулук жана социалдык адилеттүүлүк;
- ыктыярдуу мүчөлүк;
- демократия, айкындуулук, ачыктык жана коомдук пикирди эсепке алуу;
-социалдык-коомдук, экологиялык, турак-жай жана АЖУтын мүчөлөрүнүн таламдарын козгой турган дагы башка маселелерди чечүүдөгү коллегиалдуулук,
эркин талкуулоо;
- экономикалык жана чарбалык өз алдынчалыктын негизиндеги өзүн өзү аныктоо,
өзүн өзү жөнгө салуу жана өзүн өзү каржылоо;
- үй чарбачылыгындагы бирдей өкүлчүлүктү камсыз кылуу;
- АЖУнун мүчөлөрүнүн таламдарынын жалпылыгы;
- жашаган жери боюнча аймакташтык.
- АЖУнун укуктук статусу.
9.1. АЖУнун иштерин укуктук жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын, жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруу чөйрөсүн жөнгө
салуучу мыйзамдын, АЖУнун жана алардын бирикмелери жөнундөгу мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларынын, ошондой эле АЖУнун уставдарынын негизинде жүзөгө ашырылат.
9.2. АЖУ - коммерциялык эмес уюм болуп саналат.
9.3. АЖУ өз мүчөлөрүнүн арыздарынын, жалпы чогулушунун протоколунун
жана уставынын негизинде аны юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашыруучу
ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттаган учурдан тартып юридикалык
жактан статусун алат.
9.4. АЖУ ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына
карама-каршы келбеген, АЖУнун уставына ылайык ага таандык болгон финансы
каражаттарына, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүнө ээлик кылат, пайдаланат жана тескейт.
9.5. АЖУ мүлктү сатып алууга, АЖУнун менчигинде болгон мүлктү ижарага
берүүгө, пайдаланууга, кайра берүүгө, күрөөлүккө коюуга, сатып өткөрууго, консультациялык жана маалыматтык кызматтарды көрсөтүүгө, АЖУнун иштери
менен байланышкан окуу семинарларын жана практикалык сабактарды уюштурууга жана өткөрүүтө, ошондой эле өзүнүн максаттарын жана милдеттерин натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга укуктуу.
9-статья. АЖУнун мүчөлөрү жана алардын укуктары
- АЖУнун уставына ылайык, жергиликтүү коомдоштуктун тиешелүү аймагында
туруктуу жашаган, мүчөлүк акыларды төлөгөн, АЖУ менен өз ара таламдары боюнча
байланышкан, бир үй чарбачылыгынын таламын билдирүүчү адам, АЖУнун мүчөсү
болушу мүмкүн.
- АЖУнун уставына ылайык, АЖУга мүчө болуу жана андан чыгуу ыктыярдуу
болуп саналат.
- АЖУнун мүчөлөрү АЖУнун менчигин бирдей пайдалана алышат.
- АЖУнун мүчөсү уставдын жоболорун жана ченемдерин сактабагандыгы
жана/же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн чыгарылышы мүмкүн.
- АЖУнун мүчөсүн андан чыгаруу ага алдынала 30 күн мурда кабарлангандан
жана АЖУнун жалпы чогулушунда чыгып сүйлөө укугу берил генден кийин гана жүзөгө
ашырылышы мүмкүн.
АЖУнун мүчөсү аны чыгаруу жөнүндөгү жалпы чогулуштун чечимине макул болбогондо чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген
тартипте даттанылышы мүмкүн.
10-статья. АЖУнун мамлекеттик органдар жана жергиликтүү
Өз алдынча башкаруу органдары тарабынан колдоого алынышы
- Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- АЖУну түзүүгө жана өнүктүрүүгө зарыл болгон укуктук, уюштуруу
шарттарын түзүүгө;
- АЖУну түзүү жана өнүктүрүү, анын өз алдынча башкаруу укуктарын
жүзөгө ашыруу үчүн инвестицияларды, гранттарды жана микрокредиттерди
тартууга көмөк көрсөтүшөт.
- АЖУнун таламдарын козгоочу маселелер боюнча чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары АЖУ уюмдар менен консультацияларды өткөрөт.
- АЖУну алардын таламдарын козгоочу маселелер боюнча мамле-
кеттик бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына жибе-
рилүүчү расмий кайрылуулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык
милдеттүү түрдө каралууга тийиш.
11-статья. АЖУнун иш-милдеттери.
АЖУ:
- мамлекеттик бийлик жана өзалдынча башкаруу органдарында өз мүчөлөрүнүн
таламдарын билдиришет;
- АЖУнун иштерине тиешелүү маселелер талкууланганда жергиликтүү кенештердин иштерине кенеш берүү укугу менен катышат.
- жергиликтүү кенештердин, алардын аткаруучу органдарынын
жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын АЖУнун иштеринин
маселелери боюнча чечимдерин аткарууга көмөктөшөт;
- айыл өкмөтүнүн жана жергиликтүү кенештердин аймактарды пландаштыруу
абат кылуу, социалдык-маданий, тиричилик жана чарбалык объектилерди куруу
маселелери боюнча ишине катышат.
- АЖУнун уставынын максаттарына жана милдеттерине ылайык дагы башка
иш-милдеттерди жүзөгө ашырат.
АЖУнун укуктары жана жоопкерчилиги.
- АЖУ төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
- финансы-кредит мекемелеринде эсептерди ачууга;
- тиешелүү жергиликтүү кееештер, алардын аткаруучу орган дары, жергиликтүү
мамлекеттик администрациялар, ошондой эле ишканалар, мекемелер, уюмдар,
кооперативдер, АЖУ жана башка чарбакер субъек ттер менен келишимдик негизде
эриш-аркак аракеттенүүгө;
- өз аймактарын абат кылуу боюнча иштерди аткарууга, турак жай фондун жана
социалдык-маданий, тиричилик жана чарбалык багыттагы объек ттерди курууга жана
ремонттоого каралган өздөрүнүн финансы ресурстарын жана башка булактарды
пайдалануу менен курууга тапшырыкчы катары чыгууга;
- АЖУнун менчигинде турган имараттарды, курулмаларды, турак жайлык эмес
жайларды ижарага берүүгө;
- АЖУнун максаттары менен милдеттерин ишке ашыруу үчүн эл аралык донордук
уюмдардын каражаттарын жана инвестицияларды тартууга.
- АЖУ өзү кабыл алган чечимдердин мыйзамдуулугу үчүн жоопкерчилик тартат.
АЖУнун жалпы чогулушу.
- АЖУнун жогорку органы анын жалпы чогулушу болуп саналат.
Жалпы чогулушту өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү жаматтын уставында аныкталат.
- Жаныдан уюшулган АЖУнун биринчи жалпы чогулушун АЖУ түзүү боюнча
демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн бири ачат.
- АЖУнун биринчи чогулушунун күн тартибине төраганы шайлоо, АЖУнун
уставын иштеп чыгуу жана кабыл алуу жана АЖУнун ишин жөнгө
салуучу дагы башка маселелер киргизилет.
- Жалпы чогулушта чечим чогулушка АЖУнун мүчөлөрүнүн кеминде
үчтөн экиси катышканда жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
АЖУнун жалпы чогулушунун компетенциялары.
Жалпы чогулуштун компетенциясына төмөндөгүдөй маселелер кирет:
- АЖУтын уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү;
- АЖУнун иштеринин артыкчылыктуу багыттарын, анын мүлкүн пайда лануу
тартибин аныктоо;
- АЖУнун мүчөлөрүн кабыл алуу жана чыгаруу (эгерде уставда баш кача белгиленбесе);
- АЖУнун төрагасын шайлоо жана аны ээлеген кызматынан четтетүү;
- АЖУнун иши жөнүндө жылдык отчетту жана жылдык балансты бекитуу;
- АЖУнун башка юридикалык жактардын иштерине катышуу маселелери;
- АЖУну өзгөртүп кайра түзүү жана жоюу;
- зайым жана кредит алуу;
- АЖУнун уставында каралган дагы башка маселелер.
АЖУнун төрагасы.
- АЖУнун төрагасы анын биринчи жалпы чогулушунда АЖУнун мүчөлөрүнүн
арасынан жалпы чогулушка катышуучу мүчөлөрдүн көпчүлүгүнүн чечими боюнча ачык
же жабык добуш берүү менен шайланат.
- АЖУнун төрагасы АЖУнун документтерин жолжоболоштурат , алар жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.
3.АЖУнун төрагасынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү АЖУнун биринчи жалпы жыйынында аныкталат жана бекитилет.
АЖУнун менчиги.
- АЖУнун менчигине төмөндөгүлөр кирет:
- кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк;
- өз каражаттары.
- АЖУнун менчигин түзүү, пайдалануу, ээлик кылуу жана тескөө тартиби
жаматтын жалпы жыйынында бекитилген жобонун негизинде жургузулот.
АЖУнун финансы-экономикалык негизи жана менчиги.
- АЖУнун финансылык негизин кирүү жана мүчөлүк акылар, АЖУ нун менчигин
пайдалануудан түшкөн каражаттар, демөөрчүлүк төгүмдөр, Кыргыз Республикасынын,
ошондой эле чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактарынын ыктыярдуу салымдары,
гранттар, ошондой эле зайым, кредит жана дагы башка финансы ресурстары түзөт.
Кирүү жана мүчөлүк акылардын өлчөмү АЖУнун мүчөлөрүнүн жалпы
чогулушунун чечими менен аныкталат.
- АЖУнун экономикалык негизи жана менчиги ал тарабынан курул ган же сатып
алынган объекттер, ошондой эле юридикалык жана жеке жактар тарабынан ага өткөрүп
берилген объекттер болуп саналат. Жаматтын каражаттары ошол аймакта жашап
жаткан калктын социал дык-экономикалык абалын жакшыртуу жана абат кылуу
максаттары үчүн жа маттын мүчөлөрү тарабынан пайдаланылат.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо,
жергиликтүү бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын АЖУнун финансы-экономикалык иштерине кийлигишүүсүнө жол берилбейт.
АЖУнун ассоциациялары (бирликтери)
- АЖУнун иштерин координациялоо, таламдарын коргоо жана билдирүү,
биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана дагы башка милдеттер менен көйгөйлөрду чечүү максатында ыктыярдуу түрдө ассоциацияларга (бирликтерге)
бириге алышат. АЖУтардын ассоциациясы (бирлик) коммерциялык эмес уюм
болуп саналат.
- Ассоциация (бирлик) жергиликтүү кеңештерде катталган учурдан тартып
юридикалык жактын статусун алат. Ассоциациянын (бирликтин) мүчөлөрү
өз алдынчалуулугун жана юридикалык жактын укуктарын сактап калышат.
. Жергиликтүү өнүгүү фондун түзүү жана анын иштеши
1.Социалдык-экономикалык милдеттерди чечүү, жергиликтүү коомдоштук мүчөлөрүнүн жыргалчылыгын жогорулатуу үчүн бириккен АЖУнун ыктыярдуу
негизде коммерциялык эмес уюмду - юридикалык жак болуп саналган жергиликтүү
өнүгүү фондун уюштурат.
- Жергиликтүү өнүгүү фондун түзүүнүн жана жоюунун тартиби, анын каражатырын
түзүү жана аларды берүү шарттары жергиликтүү өнүгүү фонду нун уставы менен жөнгө
салынат, ал юстиция органдарында катталат.
- Уюмдаштыруучулардын жалпы чогулушунда жергиликтүү өнүгүү фондунун уставына
ылайык Фонддун башкармалыгы шайланат.
- Жергиликтүү өнүгүү фондуна салымдар катарында АЖУдын ыктыярдуу
төгүмдөрү, жеке жана юридикалык жактардын, эл аралык донорлордун, өкмөттүк
эмес жана башка уюмдардын демөөрчүлүк каражаттары пайдаланылышы мүмкүн.
5.Жергиликтүү өнүгүү фондунан каражаттарды берүү белгиленген кезектүүлүк тартибинде, ачыктыктын жана айкындуулуктун шарттарында жерги-
ликтүү өнүгүү фондунун башкармалыгы тарабынан жүргүзүлөт.
- Уставда белгиленген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
каралган учурлардан тышкары жергиликтүү өнүгүү фондунун иштерине анын
юридикалык статусун, ишинин максатын жана мүнөзүн өзгөртүүгө алып
келүүчү кандай гана болбосун тышкы кийлигишүүгө жол берилбейт.
АЖУнун башкаруу органдары.
АЖУнун башкаруу органдары болуп төмөнкулор саналат:
- Башкармалыгы ( Правления).
- Текшеруу комиссиясы.
Башкармалык.
Кызыл Октябрь айылынын АЖУ нун ишмердуулугун алып баруучу жана тескөөчу органы болуп анын Башкармалыгы эсептелет. Башкармалык АЖУ нун жалпы жыйынында анын мучөлөру тарабынан 4 жылдык мөөнөт менен шайланат. Жалпы жыйындын чечими боюнча шайланган Башкармалыктын 11 мучөсу,олтурум (заседание) өткөруп, өзунун ичинен ошол эле мөөнөт менен төраганы шайлашат. Башкармалыктын олтуруму айына бир жолудан кем эмес мөөнөттө өткөрулуп турат. Керектуу учурда андан да кыска мөөнөттө өткөрүлүшү мумкун.
Башкармалыктын укуктары жана милдеттери:
- Башкармалык өзүнүн ишмердүүлүгүн ушул Уставдын, Кыргыз Республикасынын "Жамааттар жана алардын бирикмелери" жөнундө мыйзамдын, ошондой эле жамаат койгон максатына жетүү үчүн, өзу тарабынан иштелип чыгып айылдык кеңеште бекитилген атайын Жобонун негизинде иш алып барат.
- АЖУ нун азыркы жана перспективалык пландарын иштеп чыгат.
- АЖУнун ишмердуулугунун ички регламентин иштеп чыгат жана аны Башкармалыкта бекитет.
-айылдын социалдык-экономикалык жана маданий жактан өнугуусунун стратегиялык планын иштеп чыгууну коомчулук менен бирдикте координациялайт.
-айыл инфраструктурасынын тиешелуу талаптарга жооп бергидей абалда болушун козомолдойт жана алардын ремонттоо иштерине катышууну камсыздайт.
- айылдык кеңеш, айыл окмоту жана айыл аймагында жайгашкан бардык мекеме , ишканалар менен бирдикте айылды өнуктуруу багытында иш алып барат.
-айылдык кеңеш тарабынан Кызыл-Октябрь айылынын маселеси каралган сессияда Башкармалыктын төрагасы же анын өкулу сөзсуз катышат.
-Айылдык Кенештин же айыл өкмөтунун ушул айыл боюнча болгон чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөйт жана аткарылышына салым кошот.
Текшеруу комиссиясы.
Текшеруу комиссиясы уюмдун финансы- чарбалык ишмердуулугуно козомол жасап турат.
-Текшеруу комиссиясы жылдык текшеруулор боюнча бүтүм жасап аны АЖУнун жалпы чогулушунда кароо учун жиберет.
- Текшеруу комиссиясынын составы жалпы айылдык чогулушта АЖУнун мучолору тарабынан 4 жылга активдуу финансы тармагында билими бар адистерден шайланат.
- Текшеруу комиссиясынын составына АЖКнун башкармалыгынын мучолору шайланбайт.
- Башкармалыктын торагасы жана мучолору текшеруу комиссиясынын талабы боюнча бардык документтерин корсотот жана текшеруу реалдуу болушуна шарт тузот.
АЖУнун ишинин токтотулушу.
АЖУнун ишмердуулугу ал ликвидация же реорганизация болгондо гана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык токтотулат.
- Реорганизация.
Реорганизация (жамааттар бириккенде, же болунгондо, озгортуп тузулгондо д.у.с. учурларда) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин же башка тиешелуу мыйзамдардын , ошондой эле ушул Уставдын таламдарына ылайык жургузулот.
Реорганизация боюнча чечим АЖУнун жалпы чогулушунда кабыл алынат.
- Ликвидация.
а/ Ликвидация боюнча чечим АЖУнун жалпы чогулушунда кабыл алынат.
б/ Соттун чечими боюнча, атайын мыйзамда каралган учурларда.
Мамлекеттик реестрде атайын белги(жазуу) калтырылып, АЖУ ишин токтотот.
Кызыл-Октябрь жамааттык
уюмунун торагасы А. Шадманов
" Фирдаус" айылдык жамааттык уюмунун максаттарын ишке ашыруу боюнча
Ж О Б О.
Максаттары:
- жергиликтүү маанидеги иштерди биргелешип жана жоопкерчиликти өз
мойнуна алып, чечүү үчүн жамааттын мүчөлөрүндө бир коомдоштукка таандык
болуу сезимин өнүктүрүү;
- жамааттын жана жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн социал-
дык-экономикалык жана руханий муктаждыктарын канааттандыруу;
- жамааттын мүчөлөрүн жамаатты жана жергиликтүү коомдоштуктун ишин
башкарууга катышууга тартуу;
- жамааттын мүчөлөрүнө өз ара жардам көрсөтүү;
- социалдык мобилизациялоо боюнча калктын активдүүлүгүн жогорулатуу.
Милдеттери:
-Айылдык инфраструктуранын (жол, копуроо, кочолорду жарыктандыруу, таза-суу ж.у.с. ) ондоп тузоо иштерине катышуу жана финансалык колдоо.
- Аз камсыз болгон уй булоолорго материалдык жана акчалай жардам корсотуу.
- Айылдын корктондуруу жана жашылдандыруу иштерине активдуу катышуу жана финансалык колдоо.
- Чет олколордон инвестиция тартып, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу.
- Жер иштетип, эгин эгип, алынган пайданы Уставдык максаттарга пайдалануу.
- Жаштар арасында окуу, тарбия жана спорт маселелерин жогорку денгээлге которуу жана финансалык колдоо.
- Жаштарды иш менен камсыз кылуу маселеси боюнча иш алып баруу.
Жогоруда айтылган максаттарга жетуу учун Айылдын онуктуруу фондун уюштуруу.
Айылдын онуктуруу фондун уюштуруу маселеси АЖУнун башкармалыгынын олтурумунда каралып, томондо аныкталган ченде акчалай салым кошуу чечими кабыл алынды:
- Кайра болуштуруу жер фондунан (ФПС) аукциондон арендага жер алып иштеткен дыйкандардан: жылына бир гектарына - 1000сомдон.
- Бак, дарак эккен бакбандардан: жылына бир гектарына - 1000сомдон.
- Техника (комбайн, трактор, камаз, фура, плющилка ж.у.с.) иштеткен ишкерлерден:
жылына - 2000 мин сомдон.
- Мал жандыгынын эсебинен:
- жылкы башына бир жылга - 300сомдон
- уй башына бир жылга - 200сомдон.
- кой башына бир жылга - 50сомдон
Айылда жайгашкан соода дукондорунун эсебинен: жылына - 1000сомдон
Айылда жайгашкан буйум (пескоблок ,брусчатка, кирпич ж.у.с.) иштеп чыгаруучу ишкана эсебинен - жылына 1000сомдон.
Мындан тышкары кайсы булактардан акча каражаты тушушу мумкун:
- айыл окмотунун бюджетинин эсебинен айылдык депутаттардын алдын- ала пландаштырылган максаттуу иш аракетинин натыйжасында.
- Чет олколордо мигрант катары иштешип жургон биздин айылдын тургундары тарабынан айылыбыздын осуп- онугушуно болгон ыктыярдуу акчалай салымы .
- Чет олколордон инвестиция катары конкурс аркылуу женип алып келинген акчалай же материалдык баалуулуктар.
- Айылдын кайсы бир койгойун чечуу же ишкана куруу учун долбоор жазуу аркылуу алып келинген гранттык каражат же женилдетилген узак мооноттуу кредит.
Топтолгон акча каражаты жана материалдык баалуулуктар оз максатын аткаруу учун кандай козомолго алынат жана кандай тартипте иштетилет.
АЖУнун Уставына ылайык уюшулган фондунун максаттуу иштешин анын Башкармалыгы уюштурат жана координациялайт. Ал алдын ала тузулгон иш планына жараша ошондой эле бугунку абалды жана муктаждыктарды эске алуу менен иш жургузот. Ар бир максаттуу чыгымдар башкармалыктын кезектуу же кезексиз откорулгон олтурумунда каралат жана каралган маселе башкармалыктын кеминде 2/3 добушу менен чечилет. Ар бир отурумдун чечимдери оз убактысында маалымат доскасына илинет жана кезектеги жалпы жыйында элге маалымат берилет. Жылына элге жылдык жыйынтыктоочу жыйында да маалымат берилет жана жылдык жыйынтык чыгарылат.
Рев. комиссия озунун иш пландарына жараша иш алып барылат. Ага ылайык ар бир текшеруунун жыйынтыгын маалымат доскасына корсотот. Жамааттын уюмдун жалпы жыйынында АЖУ нун ишмердуулугу боюнча элге отчет берет.
Кызыл-Октябрь жамааттык
уюмунун төрагасы: А.Шадманов
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз VIII отурум
ТОКТОМ
05-март 2022-жыл. № 30 Эски-Покровка айылы.
Эски-Покровка Кызыл-Октябрь, Кызыл-Сеңир айылдарында таза сууга суунун төлөмүн көтөрүү жөнүндө.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши Эски-Покровка “Таза-суу” коомдук бирикмесинин жетекчиси М. Тилебердиевтин таза сууга суунун төлөмүн көтөрүү жөнүндөгү баяндамасын, Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Талантбек уулунун Кызыл-Октябрь, Кызыл-Сеңир айылдарында да таза сууга суунун төлөмүн көтөрүү жөнүндөгү сунушун угуп, талкуулап чыгып Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезексиз VIII-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Эски-Покровка “Таза-суу” коомдук бирикмесинин жетекчиси М. Тилебердиевтин таза сууга суунун төлөмүн көтөрүү жөнүндөгү, Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Талантбек уулунун Кызыл-Октябрь, Кызыл-Сеңир айылдарында да таза сууга суунун төлөмүн көтөрүү жөнүндөгү сунушу колдоого алынсын.
2.Жолдун боюндагы суу түтүктөрүнө-100, короосунда суу пайдалануучуларга-150 сомдон деп белгиленсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл,суу чарба, экология,турак жай жана өнөр жай, курулуш,жерге жайгаштыруу,тазалык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары: Г. Токтомуратова
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз IX отурум
ТОКТОМ
14-май 2022-жыл. № 31 Эски-Покровка айылы.
Кызыл-Сеңир айылына окуу борборун куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө
макулдук берүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн Кызыл-Сеңир айылына жаш муундарга татыктуу тарбия жана билим берүү максатында, курамына мектеп, бала-бакча, ФАП мечит куруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесине жана Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 20-январындагы № 6 Мыйзамынын 15-беренесинин 8,4 пунктуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтомуна, Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 31-июлундагы № 257 “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 1-беренеси менен таанышып угуп, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз IX-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Сеңир айылындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун 780-контурдагы 1,7 га жер аянтына мектеп, бала-бакча, ФАП жана мечит куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш-кагаздарын мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Русланга милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл,суу чарба, экология,турак жай жана өнөр жай, курулуш,жерге жайгаштыруу,тазалык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: К.Арапов.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз IX отурум
ТОКТОМ
14-май 2022-жыл. № 32 Эски-Покровка айылы.
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын 2022-2026 – жылдарга карата туруктуу
өнүгүүнүн стратегиялык планын бекитип берүү жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44 жана 50- беренелерине ылайык, айыл аймагынын 2022-2026- жылдарга карата туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык планын бекитүү максатында Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз IX-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Октябрь айыл аймагынын 2022-2026- жылдарга карата туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык планы бекитилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, экология, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, тазалык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: К.Арапов.
«Макулдашылды» «Бекитемин»
Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин төрагасы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы
__________________ К. Арапов. _______________ Талантбек уулу Руслан.
«_____» __________________ 2022-жыл. «___» _____________ 2022-жыл
2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн иш чаралар Планы.
№ |
Милдеттер |
Иш-чаралар |
Ишке ашыруу мөөнөтү |
Күтүлүүчү натыйжалар |
Жооптуулар |
Каржылоо булагы |
1 |
Чакан жана орто бизнестин система түзүүчү ишканаларын колдоо |
Кочкор-Ата айылында чакан ишкана ачуу. Лесхоз айылына таш майдалоочу ишкана ачуу Кызыл-Октябрь айылындагы кыш заводдун потенциалын жогорулатуу Кызыл-Сенир айылына багыттуу жеке мектеп ачуу
Лесхоз айылына калкты тейлөөчү пункт ачуу, (кичи базар)
Ынтымак айылына мончо жана дары дармек сатуучу аптека ачуу
Кочкор Ата айылына калкты тейлөөчү пункт ачуу, (кичи базар) |
2022-жыл 3-кварталь 2023-жыл
2023-жыл
2024-жыл
2025-жыл
2026-жыл
2026-жылга чейин |
50-жумушчу орун түзүү 30-жумушчу орун түзүү 100-жумушчу орун түзүү
30-жумушчу орун жана айыл балдарынын багыттуу билим алуусуна шарт түзүлөт 100-жумушчу орун түзүлүп калктын азык түлүк товарлары базарга чыгат
20-жумушчу орун түзүлүп, калктын саламаттыгына кам көрүлөт 100-жумушчу орун түзүлүп калктын азык түлүк товарлары базарга чыгат
|
Айыл өкмөтү, жеке ишкер
|
Жеке инвестициялар
|
2 |
Билим берүү, социалдык тейлөө жана курулуш тармагында жумуштарды аткаруу |
Алга айылында К. Ботобекова орто мектебинин курулушу
Кызыл-Сенир айылында П. Жолдошов орто мектебине кошумча окуу корпусунун курулушу Алга айылына бала бакча куруу
Лесхоз айылына бала бакча куруу
Эски Покровка айылына бала бакча куруу
Гузар айылына окуу борборун ачуу
Кызыл-Октябрь айылына маданият үйүн куруу
Кызыл-Сенир айылына 2-бала бакча ачуу жеке ишкерлер тарабынан
Кызыл-Сенир айылына жаны заманбап ФАП куруу
Кызыл Сенир айылына жаштардын эс алуучу аянтча куруу
Кызыл-Сенир айылына маданият үйүн куруу
Кызыл-Октябрь айылындагы О. Жакыпов орто мектебин ыссык тамакка өткөрүү
Ынтымак айылына бала бакча куруу
Сенир жана Тогузунчу айылдарына башталгыч класс мектеп куруу
Кочкор-Ата айылына спорт зал куруу |
2026-жылга чейин
2023-жылга чейин
2026-жылга чейин 2023-жылга чейин 2024-жылга чейин
2023-жылга чейин 2026-жылга чейин
2025-жылга чейин
2026-жылга чейин
2023-жылга чейин
2023-жылга чейин
2022-жылы
2023-жылга чейин
2026-жылга чейин
2025-жылга чейин |
Коопсуз билим берүү чөйрөсүн камсыздоо |
Райондук билим берүү башкармалыгы, айыл өкмөтү |
Республикалык жергиликтүү бюджеттин алкагында жана донор уюмдардын жардамында |
3 |
Айыл жана коммуналдык чарбалардын инфраструктурасын жакшыртуу |
Лесхоз айылына логистикалык борбор ачуу
Беш Абышка айылына мин ГЭС куруу
Кызыл-Октябрь айылындагы Жаман Адыр участкасына 2-км ирригация системасын куруу (бетон темир лотокторду жасап орнотуу) Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн муниципалдык бак чарбасын түзүү жана бак көчөттөрүн отургузуу
Гузар айылына таза суу чыгаруу
Кочкор-Ата айылына муниципалдык мончо куруу
Кочкор-Ата айылына мечит куруу
Кызыл-Сенир айылына мечит медресе куруу
Кызыл-Сенир айылынын таза суу менен камсыздоочу суу түтүктөрүн жана скважинаны толук капиталдык реконструкциядан өткөрүү (толук алмаштыруу) Кызыл-Октябрь айылынын таза суу түтүктөрүн реконструкциялоо
Алга айылына таза суу чыгаруу
Лесхоз айылынын таза суу суу түтүктөрүн реконструкциялоо
Кызыл-Сенир Кочкор-Ата авто жолун ар жылы 1 км-ден асфалть төшөө иштери аткаруу
Тогузунчу участкасындагы 1 км ички жолду шагыл төшөө
Кызыл-Сенир айылынын борбордук көчөсүнүн четине тротуар куруу
Кызыл-Октябрь айылынын борбордук көчөсүнүн четине тротуар куруу Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы саркынды сууларды тазалоо (дренаждарды тазалоо) |
2026-жылга чейин
2026-жылга чейин
2024-жылга чейин
2024-жылга чейин
2023-жылга чейин
2023-жылга чейин
2022-жылы
2022-жылы
2025-жылга чейин
2026-жылга чейин
2023-жылга чейин
2023-жылга чейин
2026-жылга чейин
2023-жылга чейин
2022-жыл ичинде
2022-жыл ичинде
2022-жыл ичинде |
Айыл калкынын азык түлүк товарларын сактоо жана кайра иштетүүнү колго алуу жана жумушчу оорундарын түзүү Айыл калкын эл. энергия менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу Жаман Адыр участкасынан 300 га жер сугат суу менен камсыз болот
Айыл аймактын муниципалык бак чарбасы түзүлүп, калкты арзан мөмө жемиш менен камсыз кылуу Айыл калкы таза суу менен камсыз болот
Айыл калкынын саламаттыгын жакшыртуу Калктын диний сабаттуулугун жакшыртуу Калктын диний сабаттуулугун жакшыртуу
Айыл калкынын саламаттыгын жакшыртуу
Айыл калкынын саламаттыгын жакшыртуу
Айыл калкынын саламаттыгын жакшыртуу
Айыл калкынын саламаттыгын жакшыртуу Айыл калкына жагымдуу шарт түзүү
Айыл калкына жагымдуу шарт түзүү
Айыл калкына жагымдуу шарт түзүү
Айыл калкына жагымдуу шарт түзүү
Айыл калкынын айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жана калкынын турак жайларынын коопсуздугун алдын алуу
|
Айыл өкмөтү жеке ишкерлер жана айыл калкы |
Республикалык бюджеттен, жергиликтүү бюджеттен, жеке ишкерлер жана донор уюмдар
|
4 |
Башкарууну реформалоо жана аткаруу бийлигинин натыйжалуулугун жогорулатуу |
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүндө “е-Kyzmat” АМСтин “Электрондук штаттык ырааттама” модулунун программалык камсыздоосун киргизүү “Ачык маалыматтар” порталына кошулуу
“Түндүк” ЭВӨС аркылуу, G2B-мамлекет жана бизнес, G2С-мамлекет жана жаран, G2G-мамлекет жана мамлекет ортосундагымаалыматтык өз ара аракеттенүүнү кенейтүү
Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү электорндук форматка которуу
Айыл өкмөттүк баардык тармагында “Infodocs” электрондук документтерди жүргүзүү системасын киргизүү |
2022-жыл 4-квартал
Дайыма
Дайыма
Дайыма
Дайыма |
Айыл өкмөттүн аппаратынын штаттык ырааттамасы жөнүндө маалыматтар базасы
Маалыматтардын массивин туруктуу жайгаштыруу (жанылоо
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алууну жөнөкөйлөтүү жана өз ара аракеттенүүдө кагаз жүзүндө документ жүргүзүүнү жоюу Электрондук форматтагы кызмат көрсөтүүлөрдүн санын көбөйтүү Электрондук документ жүгүртүүгө өтүү |
Айыл өкмөтү |
Республикалык, жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын алкагында |
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы: Талантбек уулу Руслан.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз IX отурум
ТОКТОМ
14-май 2022-жыл. № 33 Эски-Покровка айылы.
Суугат суу жергиликтүү маанилүү маселе катары кабыл алуужөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27 жана 34-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын суу кодексинин 16.1 беренесине ылайык, Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Талантбек уулунун дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылууга байланыштуу чаралар боюнча сунушун талкуулап угуп, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз IX-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Октябрь айыл аймагында суугат суу жергиликтүү маанилүү маселе катары кабыл алынсын.
2.Жергиликтүү маанидеги “тиешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу” маселесин башкаруу тартиби (мындан ары-Тартип) дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу маселелерин 1-тиркемеге ылайык киргизүү менен бекитилсин.
3.Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Талантбек уулу тартиптин бекитилген функцияларын аткаруу, кызматтарды уюштуруу жана милдеттенмелерди аткаруу бөлүгүн ишке ашырылуусун камсыз кылсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: К.Арапов.
Кызыл - Октябрь айылдык кеңешинин
2022-жылдын 14-май № 33 токтомуна
1-тиркеме
Жергиликтүү маанидеги «тиешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу» маселесин чечүүнүн алкагында дыйкандардын сугат сууга жетишин камсыз кылуу боюнча кызматтардын, функциялардын, милдеттенмелердин тизмеги
№ |
Кызматтардын, функциялардын, милдеттенмелердин аталышы |
Аткаруу үчүн жооптуу жак |
|
1. Кызматтар |
|
1.1. |
Сугат суусун суу пайдалануучуларга жеткирүү |
Суу пайдалануучулар ассоциациясы (келишим боюнча) |
|
2. Функциялар |
|
2.1. |
Айыл өкмөтүнүн башчысынын бассейндик кеңештин ишине катышуусу |
Айыл өкмөтүнүн башчысы |
2.2. |
Муниципалдык менчиктердин реестринде ирригациялык курулмаларды эсепке алууну жүргүзүү |
Айыл өкмөтүнүн финансылык- экономикалык бөлүмү |
2.3. |
Кызмат көрсөтүүчүлөр менен ирригациялык курулмаларды колдонуу боюнча келишим түзүү, кол коюу жана аткарылышын көзөмөлдөө |
Айыл өкмөтүнүн финансылык- экономикалык бөлүмү |
2.4. |
Суу пайдалануу, эксплуатациялоо жана ирригациялык системаны камсыз кылуу эрежелерин иштеп чыгуу жана бекитүү |
Айыл өкмөтүнүн башчысы Жергиликтүү кеңеш |
2.5. |
Суу чарбасынын райондук башкармалыгы менен сугат суусун жеткирүү келишимин түзүү жана аткарылышын көзөмөлдөө |
Айыл өкмөтүнүн башчысы |
2.6. |
Суу колдонуу, эксплуатациялоо жана ирригациялык системаны камсыз кылуу эрежелерин бузганы үчүн суу пайдалануучулардан административдик жоопкерчилик маселелери боюнча административдик комиссиянын ишин уюштуруу |
Айыл өкмөтүнүн башчысы Жергиликтүү кеңеш |
2.7. |
Ирригациялык кызматтардын төлөмүнүн (ИКТ) наркын эсептөө жана бекитүү |
Айыл өкмөтүнүн башчысы Жергиликтүү кеңеш |
2.8. |
Айылдын аймагында ирригацияны өнүктүрүү боюнча инвестициялык программаны иштеп чыгуу жана бекитүү |
Айыл өкмөтүнүн башчысы Жергиликтүү кеңеш |
|
3. Милдеттенмелер |
|
3.1. |
Ирригациялык курулмаларды кызмат көрсөтүүчүлөргө муниципалдык мүлктүн объекттери катары колдонууга берүү |
Айыл өкмөтүнүн башчысы Жергиликтүү кеңеш |
3.2. |
Ирригациялык курулмаларды камсыз кылууга амортизациялык чегерүүлөрдү толук же жарым жартылай компенсациялоо |
Айыл өкмөтүнүн башчысы Жергиликтүү кеңеш |
3.3. |
Суу пайдалануучулардын айрым категорияларына субсидияларды бөлүп берүү |
Жергиликтүү кеңеш |
3.4. |
Субсидия аркылуу кызмат көрсөтүүчүлөрдүн чыгымдарын компенсациялоо |
Айыл өкмөтүнүн башчысы |
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз IX отурум
ТОКТОМ
14-май 2022-жыл. № 34 Эски-Покровка айылы.
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн
Жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрь №123 Мыйзамынын негизинде түзүлгөн, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жобосун бекитип берүү боюнча айыл өкмөт башчысы Талантбек уулу Русландын билдиүүсүн угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз IX-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жобосу бекитилсин.
2.Айыл өкмөтүнө жогорудагы жобого ылайык иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага: К.Арапов.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин «14» май 2022-жылдын кезексиз IX- отуруму
№ 34 токтому менен бекитилген
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтү
ЖОБО
- Жалпы жоболор
- Айыл өкмөтүнүн структурасы
III. Айыл өкмөтүнүн компетенциясы
IV.Айыл өкмөтүнүн негизги функциялары
- Айыл өкмөтүнүн башчысы
- Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары
VII. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары
- Айыл башчысы
- Айыл өкмөтүнүн финансылык-экономикалык негиздери
- Айыл өкмөтү жөнүндө жобосуна толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби
XII. Айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын токтото туруу
- Жалпы жоболор
1.1. Айыл өкмөтү – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын чечимдерин даярдоону жана аткарууну камсыз кылуу үчүн түзүлгөн орган. Айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ишке ашыруучу, ошондой эле, аймактын жашоо тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштешин уюштуруу жана өнүктүрүү, социалдык-экономикалык пландаштыруу жана калкка социалдык жана маданий кызмат көрсөтүүчү орган болуп эсептелинет.
1.2. Айыл өкмөтү бир айылдык кеңеш – бир айыл өкмөтү принцибинде түзүлөт.
1.3.Айыл өкмөтү өзүнүн ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, Президенттин Жарлыктарын, Министрлер Кабинетинин токтомдорун, жергиликтүү кеңештин чечимдерин, мамлекеттик администрациясынын чечимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат. Айыл өкмөтү мамлекеттик бийлик органдары менен тыгыз өз ара аракеттенүүдө иштейт, Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө болгон конституциялык укуктарын жүзөгө ашыруучу шарт түзүлөт.
1.4. Айыл өкмөтү өзүнүн ишин жергиликтүү жамаат менен коомдук уюмдар менен тыгыз байланышта жүргүзүп, жарандардын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдөгү Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилдикке алынган укугун жана чыныгы жөндөмдүүлүгүн ишке ашырууну камсыз кылат.
1.5. Айыл өкмөтү өзүнүн ишмердүүлүгүн төмөндөгү принциптерде ишке ашырат:
1.Мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттеринин жана ыйгарым укуктарынын ажырымдоонун;
2.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамааттын алдында ачыктыгы жана жоопкерчиликтүү жана алардын өз иш- милдеттерин жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарында жүзөгө ашырышы;
- Мыйзамдуулук жана социалдык адилеттүүлүк ;
- Өзүн -өзү камсыз кылуу, өзүн -өзү жөнгө салуу жана өзүн-өзү каржылоо;
- Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутуму аркылуу, ошондой эле жарандардын жыйындары, чогулуштары жана курултайлары аркылуу эрктерин билдириши;
- Жергиликтүү жамааттардын укуктарын жана мыйзамда корголгон кызыкчылыктарын коргоо;
- Коомдук ой-пикирдин ачыктыгы жана эсепке алынышы;
- Тиешелүү маселелерди чечүүдө коллегиялдуулук, эркин талкуулоо.
1.6 . Айыл өкмөтү юридикалык жак болуп эсептелинет, гербдүү мөөрү, тийиштүү штамптары болот.
1.7. Айыл өкмөтүнүн уюштуруу - укуктук формасы- мекеме
1.8. Мекеменин толук аталышы: мамлекеттик тилде – Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтү, расмий тилде – Кызыл -Октябрьский айыл окмоту айилного аймака.
1.9.Айыл өкмөтүнүн жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Өзгөн району, Эски-Покровка айылы, К.Сайпидинов көчөсү №42
II.. Айыл өкмөтүнүн структурасы
2.1.Айыл өкмөтүнүн түзүмү жана штаттык ырааттамасы Министрлер Кабинети бекитилүүчү типтүү түзүмдүн жана штаттык ырааттаманын негизинде айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан бекитилет.
2.2. Айыл өкмөтү айыл өкмөтүнүн башчысынан, анын орун басарынан жана айыл өкмөтүнүн аппаратындагы муниципалдык кызматкерлерден, айыл башчыларынан турат.
2.3.Айыл өкмөтүнүн аппараты айылдык кеңештин депутаттарына өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда, шайлоочулардын алдында отчетторун даярдоодо жана өткөрүүдө көмөк көрсөтөт.
2.4. Айыл өкмөтү өзүнүн ишинде тийиштүү айылдык кеңешине, ал эми өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктары боюнча тийишүү мамлекеттик органдарга отчет берет.
2.5. Өзүнчө жашаган калктуу конуштардын жергиликтүү маанидеги маселелерин оперативдүү чечүүнү уюштуруу максатында айылдык кеңешинин чечими боюнча айыл башчысынын кызмат орду киргизилиши мүмкүн.
2.6. Айыл өкмөтү өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча кабыл алган чечимдерге айыл өкмөтүнүн башчысы кол коет.
2.7. Айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде чыгарган актылары тийиштүү аймакта милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
2.8. Жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарына жана милдеттерине тиешелүү айыл өкмөтүнүн чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирет.
III. Айыл өкмөтүнүн компетенциясы
Айыл өкмөтү:
3.1.Аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программаларынын долбоорун иштеп чыгат жана алар айыл кеңеши тарабынан бекитилгенден кийин аткарылышын камсыз кылат;
3.2.Жергиликтүү бюджеттин долбоорун иштеп чыгат, ал айыл кеңеши тарабынан бекитилгенден кийин аны аткарат.
3.3. Тарыхтын, архитектуранын жана маданияттын эстеликтерин коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
3.4. Жаңы жумуш орундарын ачуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат, жүзөгө ашырат;
3.5. Ишканаларды менчиктештирүүгө жана айыл өкмөтүнүн балансына социалдык маданий-тиричилик жана чарбалык маанидеги объекттерди жана алардын иштешине зарыл жабдуу-шайманды өткөрүп берүүгө катышат;
3.6. Турак-жай фондун, турак жай коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана аймакты абат кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгып, жүзөгө ашырат;
3.7. Муниципалдык менчикте турган жерлерди, ошондой эле айыл чарбасына жарактуу жерлерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин акыл-эстүү пайдалануу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат, жүзөгө ашырат;
3.8. Аймака курулуш куруунун башкы планын иштеп чыгып, жүзөгө ашырат, архитектуранын жана шаар куруунун нормалары менен эрежелеринин сакталышына контролду ишке ашырат;
3.9. Жаратылыш кырсыктарынын, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана четтетүү, алардын кесепеттерин жоюу боюнча мобилизациялык жана уюштуруучулук-практикалык иш-чараларды жүзөгө ашырат;
3.10.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дагы башка иш-чараларды жүзөгө ашырат.
- Айыл өкмөтүнүн негизги функциялары
4.1.Аймактын жашоо-турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык өнүгүшүн уюштуруу жана калкка социалдык жана маданий кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына жергиликтүү маанидеги төмөнкүдөй маселелер кирет:
1) тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу;
2) муниципалдык менчикти башкаруу;
3) жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу;
4) калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу;
5) калктуу конуштарда канализациянын жана тазалоочу курулмалардын тутумунун ишин камсыз кылуу;
6) калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу;
7) жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу;
8) көрүстөндөрдүн иштешин жана расымдык кызматтардын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу;
9) жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу;
10) парктардын, спорттук курулмалардын жана эс алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу, бош убакытты уюштуруу үчүн шарттарды түзүү;
11) турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып чыгарууну жана утилдештирүүнү уюштуруу;
12) муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана калктуу конуштардын чегинде коомдук транспорттун иштешин жөнгө салуу;
13) жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жагындагы контролдоо;
14) жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу;
15) жер пайдалануу эрежелерин белгилөө жана шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоону камсыз кылуу;
16) тиешелүү калктуу конуштун аймагында жарнакты мыйзамдарда белгиленген тартипте жайгаштыруу;
17) коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү;
18) элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
19) балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды уюштуруу жана жүзөгө ашыруу;
20) дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу;
21) өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү;
22) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралардын комплексин мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашыруу.
23) соттолгондорду кайра социалдаштырууга багытталган жазык-укуктук таасир этүүнүн эркинен ажыратуу жана мажбурлоо чарасы менен байланышпаган жазаларды уюштуруу жана аткаруу жана аларга жазык-аткаруу мыйзамдарына ылайык социалдык жардам көрсөтүү;
24) ветеринардык-санитардык жана карантиндик-чектөөчү чаралардын өз убагында өткөрүлүшүн камсыздоого көмөк көрсөтүү.
4.2. Айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик укуктар таандык кылынышы мүмкүн.
4.3. Айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү, берилип жаткан ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун шарттарын зарыл болгон материалдык жана каржылык каражаттар менен бир эле убакта мамлекеттик камсыз кылуунун тартибин белгилеп, мыйзамдын же келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
4.4. Мамлекеттик бийлик органдары менен айыл өкмөтүнүн ортосундагы келишимдин негизинде мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда келишимдин шарттары тиешелүү айылдык кеңеш тарабынан бекитилүүгө тийиш.
4.5. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө мамлекет бир эле убакта мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү менен жергиликтүү бюджетке республикалык бюджеттен максаттуу трансферттерди караган же берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка каржылоо булактарын аныктаган учурларда гана жол берилет.
4.6. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча айыл өкмөтү мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктуу органдарына отчет берет.
4.7. Айыл өкмөтүнүн берилиши мүмкүн болгон негизги мамлекеттик ыйгарым укуктарга төмөнкүлөр кирет:
1) калктын ишке орношуусунун жана миграциясынын программаларын иштеп чыгуу жана аткаруу;
2) жарандарды эсепке алып каттоо, паспорттук режимдин эрежелеринин аткарылышына контролду жүзөгө ашыруу, белгиленген тартипте жарандарды каттоого тургузуу жана каттоодон чыгаруу, шайлоочулардын тизмелерин түзүү;
3) мыйзамдарга ылайык жарандык абалдын актыларын каттоо;
4) мектептик, мектепке чейинки жана кесиптик билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөсүндө кызмат көрсөтүү үчүн имараттар жана башка объекттер менен камсыз кылуу;
5) мыйзамдарга ылайык нотариалдык аракеттерди жүргүзүү;
6) жарандарга алардын ким экенин, үй-бүлөлүк, мүлктүк абалдарын ырастоочу документтерди жана мыйзамдарда каралган башка документтерди берүү;
7) аскерге милдеттүүлөрдү жана аскерге чакырылуучуларды алгачкы эсепке алууну жүргүзүү, аларды аскердик эсепке алуу жана эсептен чыгаруу, аскердик кызматка чакырууну уюштурууга көмөк көрсөтүү;
8) Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин бөлүштүрүү жана пайдалануу;
9) айыл чарба өндүрүшүн келечектүү өнүктүрүү боюнча материалдарды жалпылоо, айыл чарба продукцияларын өндүрүү боюнча экономикалык божомолдорду түзүү;
10) мал чарбачылыгында ветеринардык-санитардык, эпизоотияга каршы иш-чараларды жана селекциялык-асыл-тукум иштерин өз учурунда өткөрүүнү уюштурууга көмөк көрсөтүү;
11) айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоолорун отоо басышына каршы күрөшүү, токойду коргоо тилкелерин жана токой массивдерин коргоо боюнча талаптагыдай чараларды камсыз кылуу;
12) алымдарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу, ошондой эле салык мыйзамдарына ылайык салыктык укук мамилелери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктар;
13) айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
14) керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуу;
15) тиешелүү аймакта жылуулук менен жабдууну уюштуруу;
16) аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө даректүү социалдык коргоону уюштуруу максатында аларды табуу;
17) этностор аралык мамилелерди чыңдоо, ошондой эле этностор аралык жаңжалдардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
18) пробациянын кезектеги милдеттерин чечүүдө жана конкреттүү иш-чараларын аткарууда пробация органдарына көмөк көрсөтүү;
19) мыйзамда белгиленген башка ыйгарым укуктар.
- V. Айыл өкмөтүнүн башчысы
5.1.Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жалпы 5 жылдан кем эмес, анын ичинде жетектөөчү кызматтарда 3 жыл иш стажы бар адамдар, ошондой эле иштин башка чөйрөлөрүндө жетектөөчү кызматта 5 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат.
5.2.Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкер кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик тилди кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө билүүгө тийиш.
5.3. Төмөнкү адам айыл өкмөтүнүн башчысы боло албайт:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болбогон;
2) башка мамлекеттин жарандыгына ээ болгон;
3) тиешелүү айыл аймагында туулган;
4) ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген талаптарга ылайык келбеген;
5) соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган же болбосо соттун чечими менен муниципалдык кызматчы катары ишти жүзөгө ашырууга же муниципалдык кызматтын кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салынган;
6) мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу бар.
- VI. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу тартиби
6.1. Айыл өкмөтүнүн башчысы аким тарабынан дайындалат.
Айыл өкмөтүнүн башчысы кадрлардын муниципалдык резервинде турган адамдардын ичинен дайындалат.
6.2. Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү - 5 жыл.
Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары кеңештин ыйгарым укуктарынын же акимди алмаштыруунун мөөнөтү менен байланышкан эмес.
6.3. Төмөнкүдөй учурларда айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызматынан аким тарабынан бошотулушу мүмкүн:
1) жеке арызынын негизинде;
2) мыйзамдарды, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин актыларын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн;
3) соттун күчүнө кирген айыптоочу өкүмүнүн негизинде;
4) ал сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган учурда;
5) өлдү, дайынсыз жок болду деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген, ошондой эле өлгөн учурда;
6) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен учурда;
7) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан же чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда;
8) эмгекке таптакыр жарамсыздыгынан улам өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда;
9) кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен ишенбестик билдирилген учурда;
10) алардын иши кабыл алган чечимдерге жана саясий жетекчилик жүргүзүп жаткан саясатка шайкеш келбеген учурда;
11) ишеним жоголгондо;
12) тараптардын эркине көз каранды болбогон жагдайлар боюнча (тиешелүү мыйзамды кабыл алуу, мыйзамдарда каралган башка жагдайлар).
6.4. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордунан бошотулган учурда, айыл өкмөтүнүн башчысынын милдеттери айыл өкмөтүнүн жаңы башчысы дайындалганга чейин анын орун басарына жүктөлөт. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын кызмат орду жок болгон учурда башчынын милдеттерин убактылуу аткаруу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына жүктөлөт.
VII. Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары
Айыл өкмөтүнүн башчысы:
7.1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин актыларын, кеңештин чечимдерин сактоону жана аткарууну уюштурат;
7.2. айыл өкмөтүнүн ишине жетекчилик кылат жана анын натыйжаларына жооп берет;
7.3. аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык коргоонун иштеп жаткан программаларынын жолун жолдоочулугун камсыз кылат же кызматка киришкен учурдан тартып 3 айдан кечиктирбестен жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларынын долбоорлорун иштеп чыгууну камсыз кылат жана айылдык кеңешке бекитүүгө берет;
7.4. айылдык кеңешке жергиликтүү бюджеттин долбоорун сунуштайт, айылдык аймактагы иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджетти аткаруу жана муниципалдык менчикти пайдалануу, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү, консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү жана калкты социалдык коргоо программаларын аткаруу жөнүндө жарым жылда бир жолу кеңештин алдында отчет берет;
7.5. берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын талаптагыдай аткарылышын уюштуруу үчүн акимдин алдында жеке жооп берет;
7.6. мыйзамдарга ылайык жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизүү боюнча айылдык кеңешке сунуштарды киргизет;
7.7. мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери өздөрүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда аларды кызмат ордунан бошотуу жөнүндө маселе коюуга укуктуу;
7.8. мыйзамдарга ылайык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын, айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
7.9. айылдык кеңештин карамагына кирген маселелерди кошпогондо, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча ыйгарым укуктарды, ошондой эле берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырат;
7.10. айылдык кеңештин сессиясын чакыруу жөнүндө сунуш киргизет, анын ишине катышат;
7.11. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
VIII . Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары
8.1. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан дайындалат.
8.2. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары ал жок учурда аны алмаштырат жана айыл өкмөтүнүн башчысы жүктөгөн милдеттерди аткарат.
Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын кызмат орду жок болгон учурда башчынын милдеттерин убактылуу аткаруу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына жүктөлөт.
8.3. Айыл өкмөтүнүн башчысына коюлуучу талаптар жөнүндө жоболор бирдей өлчөмдө анын орун басарына да колдонулат.
8.4. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын кызмат ордунан бошотуу администрациялык кызмат орундарын ээлеген муниципалдык кызматчылар үчүн каралган негиздер боюнча жана тартипте айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан жүзөгө ашырылат.
8.5. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары өзү аткаруучу функциялар үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын алдында жооп берет.
- Айыл башчысы
9.1. Жергиликтүү кеңештин чечими боюнча айылдык аймакта өзүнчө жайгашкан айылдардын жергиликтүү маанидеги маселелерин ыкчам чечүүнү уюштуруу максатында айыл башчысынын кызмат орду киргизилиши мүмкүн.
9.2. Айыл башчысы калктуу конуштун аймактык өзгөчөлүктөрүнө, калыптанган үрп-адаттарына жана каада-салттарына таянып, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын чечими менен өзүнө берилген функцияларды аткарат.
9.3. Айыл башчысы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчиси тарабынан тиешелүү айылдын тургундарынын жыйынынын макулдугу менен дайындалат жана муниципалдык кызматчы болуп саналат.
9.4. Эгерде тиешелүү калктуу конуштан жергиликтүү кеңешке депутат шайланбаган болсо, айыл башчысы - тиешелүү жергиликтүү кеңештин жыйналыштарына, ал эми тиешелүү айылга тиешеси бар маселелерди кароодо шаардык кеңештин жыйналыштарына кеңеш берүүчү добуш укугу менен катышууга укуктуу.
- X. Айыл өкмөтүнүн финансылык-экономикалык негиздери
10.1 Айыл өкмөтүнүн финансылык-экономикалык негизин Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жергиликтүү жамааттарга бекитилген кирешенин салыктык жана бейсалык булактары, муниципалдык менчикти пайдалануудан түшкөн кирешелер, кредиттик жана башка финансылык ресурстар, ошондой эле кыймылсыз жана кыймылдуу муниципалдык мүлк, баалуу кагаздар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өткөрүп берилген жана жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын канааттандыруу үчүн алардын аймагынын чек арасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан пайдаланылуучу жаратылыш ресурстары, ошондой эле тиешелүү аймакта ишти жүзөгө ашыруучу ишканалар, уюмдар жана мекемелер түзөт.
10.2. Айыл өкмөтүнүн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана башка органдары, юридикалык жана жеке жактар менен финансылык жана экономикалык мамилелери, ошондой эле жергиликтүү бюджетти жана бюджеттен тышкары фонддорду түзүү жан аткаруу тартиби менен принциптери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
- Айыл өкмөтү жөнүндө жобосуна толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби
11.1. Айыл өкмөтү жөнүндө жобосуна толуктоолорду, жергиликтүү кеңештин чечими менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте киргизилет.
11.2.Айыл өкмөтү жөнүндө жобо жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.
11.3.Айыл өкмөтү жөнүндө жобосуна толуктоолор, өзгөртүүлөр киргизилген учурда ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кайра каттоодон өтүүгө тийиш.
XII. Айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын токтото туруу
12.1. Айыл өкмөтү жөнүндө Конституцияга, белгиленген тартиптекабыл алынган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык келбеген актыларды чыгарууга, конституциялык түзүлүшкө жана улуттук коопсуздукка тикелей коркунуч келтирүүчү аракеттерди жасоого, ошондой эле мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн бузууга, улуттар аралык жана диний араздашууну үгүттөөгө жана козутууга багытталган башка аракеттерди жасоого укуксуз.
12.2. Жогоруда көрсөтүлгөн тартип бузуулар жасалган учурда, Кыргыз Республикасынын Президенти, Министрлер Кабинети Конституцияда, өзгөчө абал жөнүндө конституциялык мыйзамда каралган чараларды көрүүгө, анын ичинде буга күнөөлүү айыл өкмөтүнүн ишин токтото турууга жана соттук чечим чыгарылганга чейин ушул аймака тикелей мамлекеттик башкаруу киргизүүгө укуктуу. Тикелей мамлекеттик башкаруу киргизүүнүн тартиби жана мындай башкаруунун режими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
12.3. Тикелей мамлекеттик башкарууну киргизүү менен анын аткарылышын камсыз кылат жана зарыл болгондо Министрлер Кабинети айыл өкмөтүнүн укук ченемдик актыларын жокко чыгаруу учүн сот органдарына кайрылат.
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Р
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз IX отурум
ТОКТОМ
14-май 2022-жыл. № 35 Эски-Покровка айылы.
Кызыл-Сеңир айылындагы маданият үйүн жаштар борбору деп
өзгөртүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Талантбек уулунун Кызыл-Сеңир айылындагы маданият үйүн жаштар борбору деп өзгөртүп берүү жөнүндөгү сунушун угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз IX-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Сеңир айылындагы маданият үйүн жаштар борбору деп өзгөртүүгө макулдук берилсин.
- Токтомду мыйзам талаптарына ылайыктуу иш алып баруу жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Талантбек уулуна милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт,дин,тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: К.Арапов.