Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХХ кезектеги сессиясы
Т о к т о м
12- декабрь 2020-жыл № 128 Эски Покровка айылы
« Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2021 - жылга жергиликтү бюджетинин долбоору жана 2022 – 2023- жылдардагы жергиликтүү бюджетинин болжолу жөнүндө »
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн “2021 - жылга жергиликтүү бюджетинин долбоору жана 2022-2023 - жылдардагы жергиликтү бюджеттеринин болжолу жөнүндөгү маселелерди айылдык кенештин бюджет, финансы, салык, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында каралып, алардын сунуштарын, берилген маалыматтарын угуп жана аны ар тараптан карап чыгып, Кызыл – Октябрь айылдык кенешинин кезектеги XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- Кызыл Октябрь айыл өкмөтүнүн 2021 жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 26436,8 мин сом өлчөмүндө бекитилсин
Анын ичинен:
12624,8 мин сом жергиликтү бюджет.
13812,0 тендештирүчү грант
- Кызыл Октябрь айыл өкмөтүнүн 2021- жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгү 26436,8 мин сом өлчөмүндө бекитилсин .
3.Айыл өкмөтүнүн 2022 – 2023 – жылдарга белгиленген бюджеттеринин болжолдуу көр-сөткүчтөрү ар бир жылдын долбоорун бекитүүдө такталууга жатаары белгиленсин.
- Чыгашалардын корголгон беренелери, бюджеттик мекемелердин штаттык саны бош орундарга, жана укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтылышы мүмкүндүгү эске алынсын.
- Кызыл- Октябрь айыл өкмөтүнүн 2021- жылдагы бюджеттинин чыгашаларын каржылоо
биринчи кезекте корголгон беренелерин (коммуналдык кызматтар ,электр энергия, каттуу отун-көмүр, тамак-аш, эмгек акы,социалдык фонд төлөмдөрү, байланыш чыгымдарын ) жабууга багытталышы керектиги эске алынсын.
- Республикалык бюджеттен келүүчү тендөөчү гранттарды биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы,социалдык төлөмдөр, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр, катуу отун-көмүр) боюнча чыгашаларды толук каржылоого багытталсын жана жоопкер болушары эскертилсин.
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү
Мыйзамынын 21- беренесине ылайык, айыл өкмөттун резервдик фонду 2021- жылга 264,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100% Кыргыз Респуб- ликасынын бюджетинин кирешесине алынып коюулары эскертилсин.
- Республикалык бюджеттен келген бюджеттик каражаттар жергиликтү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган каражаттары тиешелүү бюджеттерге кайра кайтарылып алынаары эске алынсын.
- Жергиликтүү бюджетке айыл өкмөтү тарабынан киргизилүчү ( бир бөлүм ичинде жылдыруулар болгондо) жана өзгөртүүлөр жана тактоолору (бир бөлүмдөн экинчи бөлүмдөргө жылдыруулар болгондо) жергиликтүү кеңеш тарабынан каралгандан жана кабыл алынгандан кийин аткарууга алынат, зарыл болгондо бул өзгөртүлөр жергиликтүү кенештин тармактык туруктуу комитети менен макулдашуусу боюнча аткарылышы мүмкүн экендиги эске алынсын.
Айланма кассалык калдык айыл өкмөттүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаттары 2021-жылдын 01-январына карата 170,0 мин сом өлчөмүндө белгиленсин.
- Жайыт комитетинен түшүчү салык көлөмү 210,0 мин сом экендиги белгиленсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, финансы,салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына, айыл өкмөт башчысы Э.Пасановго, жооптуу катчы К Сопуевге, жана ФЭБнүн башчысы – башкы бухгалтер Т.Жээнбековго тапшырылсын.
Төрага:- К.Мусаев.
Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХХ кезектеги сессиясы
Т о к т о м
12- декабрь 2020-жыл № 129 Эски Покровка айылы
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы
жергиликтүү бюджетинин сметасына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө
макулдук берүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2020-жылы киреше бөлүгү ашыгы менен аткарылгандыгы жана жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ФЭБ башчысы-башкы бухгалтер Т.Жээнбековдун баяндамасын угуп, айылдык кенештин бюджет, финансы, салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын, берилген маалыматтарын угуп, жана аны ар тараптан карап чыгып, 2020-жылдагы сметасына өзгөртүү киргизүү жана акча каражаттарын туура пайдалануу максатында Кызыл – Октябрь айылдык кенешинин кезектеги XXX сессиясы
т о к т о м к ы л а т :
- Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүндө 2020-жылда калктуу конуштан ашыкча түшкөн салыктын эсебинен Кызыл- Октябрь айыл өкмөтүнүн чыгаша бөлүгүнүн айыл чарба бөлүмүнүн 2215 беренесине 100,0 миң сом, бала бакча бөлүмүнүн 2222 беренесине 62,0 миң сом жана ашыкча түшкөн киреше салыгынын эсебинен ЖКХ бөлүгүнүн 2221 беренесине 200,0 миң сом өлчөмүндө кошумча план алууга макулдук берилсин.
- 2020-жылдын 20 –мартынан баштап COVID -19 пандемиясына байланыштуу мектепке чейинки билим берүү бөлүмдөрү иштебегендикетен 1400,0 миң сом өлчөмүндө атайын каражаттын киреше жана чыгаша бөлүктөрүнөн пландан кыскартууга макулдук берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, финансы ,
салык жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына, айыл өкмөт башчысы
Пасаңов .Э. Ж жана ФЭБ башчысы Т.Жээнбековго милдеттендирилсин.
Тѳрага К.Мусаев
Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХХ кезектеги сессиясы
Т о к т о м
12- декабрь 2020-жыл № 130 Эски Покровка айылы
Кызыл – Октябрь айыл аймагында карантиндик өсүмдүктөргө, илдеттер
жана отоо чөптөр менен күрөшүү максатында химиялык дарылоо үчүн жеке агрономдун кызмат көрсөтүү акы тарифин бекитүү жөнүндө
Кызыл – Октябрь айыл аймагындагы карантиндик өсүмдүктөргө зыянкечтер, илдеттер жана отоо чөптөр менен күрөшүү максатында химиялык дарылоо үчүн жеке агрономдун кызмат көрсөтүү акы тарифин бекитүү жөнүндө жеке агроном А.Бекиевдин маселесин угуп жана талкуулап чыгып, Кызыл –Октябрь айылдык кеңешинин VI чакырылыш ХХХ кезектеги сессиясы
т о к т о м к ы л а т :
- Кызыл – Октябрь айыл аймагындагы карантиндик өсүмдүктөргө зыянкечтер, илдеттер жана отоо чөптөр менен күрөшүү максатында химиялык дарылоо үчүн жеке агрономдун кызмат көрсөтүү акы тарифи төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
а) 1 га көп жылдык бак 1200 сом,
б) 1 га шалы 1000 сом,
в) 1 га кара эгиндер (жүгөрү, арпа, буудай,
көп жылдык чөп (беде) жана башкалар 500 сом.
- Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл чарба жана турак жай боюнча
туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага К.Мусаев
Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХХ кезектеги сессиясы
Т о к т о м
12- декабрь 2020-жыл № 133 Эски Покровка айылы
Жерди муниципалдык менчике алууга
макулдук берүү жөнүндө
Кочкор –Ата айылынын Ак- Жар участкасындагы ,Союз убагында салынган кой сарайы ээлеген , айыл чарба багытында эмес жерди муниципалдык менчике алуу боюнча жер маселеси боюнча башкы адис З.Осмоновдун сунушун , айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин“ 13 статьясына жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 3 статьясынын 2 пунктуна ылайык, Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХХ кезектеги сессиясы
т о к т о м к ы л а т :
- Кочкор –Ата айылынын Ак- Жар участкасындагы ,Союз убагында салынган кой сарайы ээлеген 5000 м2 , айыл чарба багытында эмес жерди муниципалдык менчике алууга макулдук берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын Мыйзам талаптарына ылайык даярдоо айыл өкмѳт башчысы Э.Пасановко милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу
комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага К.Мусаев
Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХХI кезектеги сессиясы
Т о к т о м
4- март 2021-жыл № 134 Эски Покровка айылы
Кызыл-Октябрь жайыт комитетинин 2021-жылга жайыт планын
жана бюджетин бекитүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь жайыт комитетинин 2021- жылга карата жайыт планы жана бюджетинин долбоорун угуп жана талкуулап чыгып Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХХI кезектеги сессиясы
т о к т о м к ы л а т :
- Кызыл-Октябрь жайыт комитетинин 2021- жылга жайыт планы бекитилсин.
- Кызыл-Октябрь жайыт комитетинин 2021- жылга бюджети 401880 сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Жайыт комитетинин башчысы Б. Кыдыралиевке жайыт пайдалануучулар бирикмесинин уставына жана бекитилген пландарга ылайык иш жүргүзүү менен тийиштүү отчетторду берип туруу милдеттендирилсин.
- Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу Кыргыз Республикасынын “Жайыт -тар жөнүндө” Мыйзамына ылайык жүргүзүлсүн.
- Жайыттарды пайдалануу эрежелерин бузуулар Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык айыпка тартылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага К.Мусаев
“Бекитемин”
Кызыл- Октябрь айылдык кеңешинин
төрагасы К.Мусаев
Кызыл – Октябрь айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2021-жылга карата бюджети
к-р № |
Чыгаша бөлүгү |
саны |
сом |
жалпы чыгым |
1 |
Жайыт комитетинин төрагасы |
1 |
7000 |
70 000 |
2 |
Эсепчи |
1 |
6000 |
60 000 |
3 |
Мал санакчы |
2 |
3100 |
31 000 |
|
Бардыгы |
|
|
161 000 |
4 |
транспортттук чыгым |
|
|
14 000 |
5 |
жер салыгы |
|
|
75 580 |
6 |
социалдык чегерүү 17,25 % |
|
|
44 000 |
7 |
инфраструктураны өнүктүрүүгө |
|
|
80 000 |
8 |
концтовар |
|
|
3 000 |
9 |
жайытка мониторинг жүргүзүү |
|
|
5 000 |
10 |
командировочный |
|
|
5 000 |
11 |
подоходный налог |
|
|
11 000 |
12 |
прочие |
|
|
3 300 |
|
|
|
|
|
|
жалпы чыгаша |
|
|
401 880 |
Киреше бөлүгү
к-р |
Малдын түрү |
саны |
жалпы төлөө |
которуу коэф |
шарттуу мал |
жайыт билет |
жалпы сумма 2021-ж |
1 |
Саан уй |
2351 |
|
1 |
2351 |
80 |
188 080 |
2 |
жаш малдар |
1207 |
|
0,7 |
845 |
50 |
42 250 |
3 |
кой,эчки |
7328 |
|
0,2 |
1466 |
35 |
51 310 |
4 |
жылкы,эшек |
1002 |
|
1 |
1002 |
12 |
120 240 |
|
Жалпы |
|
|
|
|
|
401 880 |
Жайытты башка максатка пайдлангандар үчүн ар бир сотых жерге же огород катары пайдаланган жер үчүн 30 сомдон акы төлөнсүн, ар бир бал челек үчүн 20 сомдон акы төлөнсүн.
Жайыт комитетинин төрагасы Э.Умаралиев
бухгалтери У.Умаралиев
Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХХI кезектеги сессиясы
Т о к т о м
4- март 2021-жыл № 135 Эски Покровка айылы
Жердин категориясын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кызыл- Октябрь айылынын тургуну Сопуев Кубанычбектин 10-январь 2021-жылдагы № 5 келишим аркалуу убактылуу пайдаланууга алган 0,50 га жердин категориясын өзгөртүп берүү боюнча арызын канаатандыруу максатында, Кыргыз Республикасынын 12-ноябрь 2020-жылдагы “Инвестицияларды колдоо маселелери боюнча айрым актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамынын 1-беренесинин 2 – пункту менен “Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 15- статьясына толукталган 8,2 пунктуна”, 2 беренеси менен толукталган “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамдын 6- беренесине ,“ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” мыйзамынын толукталган 9- беренесинин 10,3 пунктуна ылайык айылдык кенештин VI чакырылыш ХХХI кезектеги сессиясы тѳмѳндѳгүдѳй
т о к т о м к ы л а т :
- Сопуев Кубанычбектин арызы канааттандырылып, жакынкы жайыт катары эсептелген № 209 контурдагы 0.50 га жер аянтын, көп жылдык бак дарак эгүүгө категориясын өзгөртүүгө макулдук берүү жагы Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
- Мыйзамдуу иш алып баруу айыл өкмөт башчысы Э.Ж. Пасановко жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага К.Мусаев
Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХХI кезектеги сессиясы
Т о к т о м
4- март 2021-жыл № 136 Эски Покровка айылы
Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясына көрсөтүлгөн
талапкерге макулдук берүү жөнүндө
Кызыл – Сенир айылынын тургундарынын Өзгөн райондук аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө көрсөтүү боюнча чогулушунун протоколун карап чыгып айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХХI кезектеги сессиясы
т о к т о м к ы л а т :
- Кызыл – Сенир айылынын тургундарынын, Өзгөн райондук аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө Кызыл – Сенир айыл тургуну Темиров Мирбек Алипбековичти көрсөтүү боюнча жыйналышынын чечими бекитилсин.
- Темиров Мирбек Алипбековичти Өзгөн райондук аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө көрсөтүүгө макулдук берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ социалдык маселелер боюнча туруктуу комис-
сиясына жүктөлсүн.
Тѳрага К.Мусаев
Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХХI кезектеги сессиясы
Т о к т о м
4- март 2021-жыл № 137 Эски Покровка айылы
Ынтымак айылынын Генпланына
өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү жѳнүндѳ
Айыл аймактын Ынтымак айылынын алгачкы түзүлгөн Генпланында эки ФАП ка жер тилкеси көрсөтүлүп, кийинки түзүлгөн Генпланда бир ФАПтын ордуна эки турак жай тилкеси өзгөртүлгөн. Бул боюнча атайын комиссиянын актысын , айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып айылдык кенештин VI чакырылыш ХХХI кезектеги сессиясы тѳмѳндѳгүдѳй
т о к т о м к ы л а т :
- Айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясынын сунушу канаттандырылсын жана Генпланга өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
- Айылдык кенештин 16-июнь 2017-жылдагы 1530 м2 жерге № 22 « Кызыл- Октябрь айылынын Жаман Адыр участкасына ФАП курууга жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому жокко чыгарылсын.
3.Тиешелүү иш кагаздарын Мыйзам талаптарына ылайык даярдоо айыл өкмѳт башчысы Э.Пасаңовго тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага К.Мусаев
Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХХI кезектеги сессиясы
Т о к т о м
4- март 2021-жыл № 138 Эски Покровка айылы
Жердин профилин өзгөртүү жөнүндө
Алга айылынын тургуну Турдубаев Арыпжан Насиевич , Алга айылынын тургуну Буваев Махамат Кудайбердиевичтен эски баня ээлеген 1373,0 кв.м жер тилкесин ( иден.коду 5-06-12-1002-0154) сатып алуу келишиминин негизинде 15.06.2020-ж, сатып алып , азыркы күндө турак жай катары пайдаланып жаткандыктан профилин өзгөртүп берүү боюнча арызын карап чыгып, айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХХI кезектеги сессиясы
т о к т о м к ы л а т :
- Алга айылынын тургуну Турдубаев Арыпжан Насиевичтин арызы канааттандырылып, өзүнө тиешелүү жер аянтынын багытын турак жай курууга өзгөртүүгө макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл чарба жана турак жай боюнча
туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага К.Мусаев
Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХХI кезектеги сессиясы
Т о к т о м
4- март 2021-жыл № 139 Эски Покровка айылы
Кызыл – Сеңир айылынын Генпланына
өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү жѳнүндѳ
Айыл аймактын Кызыл – Сеңир айылынын Генпланында көрсөтүлбөгөн,бирок турак жай куруп жашап жатышкан айыл тургундары Токтомуратов Абдилда жана Калыков Турдумаматтар үйлөрүнө мамлекеттик акт алуу үчүн Генпланга киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө жазган арызын жана айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып айылдык кенештин VI чакырылыш ХХХI кезектеги сессиясы тѳмѳндѳгүдѳй
т о к т о м к ы л а т :
- Кызыл – Сенир айылынын тургундары Токтомуратов Абдилда, Калыков Турдумаматтардын арызы канаатандырылсын жана Генпланга киргизүүгө макулдук берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын Мыйзам талаптарына ылайык даярдоо жана сарпталуучу чыгымдар үй ээлери аркалуу болуусу эскертилсин.
3.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага К.Мусаев
Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХХI кезектеги сессиясы
Т о к т о м
4- март 2021-жыл № 140 Эски Покровка айылы
Кызыл – Октябрь айылындагы ФАП ка
Асанова Алиянын ысмын ыйгаруу жөнүндө
Кызыл – Октябрь айылынын жашоочуларынын жыйынынын чечимин угуп жана талкуулап, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын чечимин колдоп айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХХI кезектеги сессиясы төмөндөгүдөй
т о к т о м к ы л а т :
- Асанова Алиянын ысмын Кызыл- Октябрь айылындагы ФАПка ыйгарууга макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага К.Мусаев
Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХХI кезектеги сессиясы
Т о к т о м
4- март 2021-жыл № 141 Эски Покровка айылы
Алга айылындагы спортзалга
Сапарбек уулу Ибрагимдин ысмын ыйгаруу жөнүндө
Алга айылынын жашоочуларынын жыйынынын чечимин угуп жана талкуулап, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын чечимин колдоп айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХХI кезектеги сессиясы төмөндөгүдөй
т о к т о м к ы л а т :
- Сапарбек уулу Ибрагимдин ысмын Алга айылындагы спортзалга ыйгарууга макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага К.Мусаев
Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХХI кезектеги сессиясы
Т о к т о м
4- март 2021-жыл № 142 Эски Покровка айылы
Жерлерди муниципалдык менчике алууга
макулдук берүү жөнүндө
Куршаб дарыясынын жээгиндеги айыл чарба багытында эмес жерлерди муниципалдык менчике алуу боюнча жер маселеси боюнча башкы адис З.Осмоновдун сунушун , айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин“ 13 статьясына жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 3 статьясынын 2 пунктуна ылайык, Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХХI кезектеги сессиясы
т о к т о м к ы л а т :
- Айыл аймактагы № 646 контур жергиликтүү маанидеги кендер чыккан жер катары эсептелгендиктен 3 (үч) га жерди муниципалдык менчике алууга жана 0,5 га жерден ашпастан аукцион аркалуу ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын Мыйзам талаптарына ылайык даярдоо айыл өкмѳт башчысы Э.Пасановко милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу
комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага К.Мусаев
Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХХI кезектеги сессиясы
Т о к т о м
4- март 2021-жыл № 143 Эски Покровка айылы
Кызыл - Сенир айылынын көчөлөрүнүн бирине
Насир Токсонбаевдин ысмын ыйгаруу жөнүндө
Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХХI кезектеги сессиясы , Кызыл – Сенир айылдык жыйынынын токтомун угуп жана талкуулап, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын чечимин жана айыл тургундарынын сунуштарын колдоп төмөндөгүдөй
т о к т о м к ы л а т :
- Насир Токсонбаевдин ысмы Кызыл - Сенир айылынын аты коюлбаган, А.Мадымаров атындагы көчөдөн, «Кызыл- Сенир таза суу» ишканасынын суу скважинасына чейинки көчөгө ыйгарылсын.
- Көчөнү ар убакта таза кармоо, иретке келтирип көрсөтмө тактайларды, үй номерлерин жаздырып илдирүү жагы Насир Токсонбаевдин уул - кыздарына тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл - Сенир айылынын айыл башчысы А.Доорановко милдеттендирилсин.
Тѳрага К. Мусаев
Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХХI кезектеги сессиясы
Т о к т о м
4- март 2021-жыл №144 Эски Покровка айылы
Жердин профилин өзгөртүү жөнүндө
Кызыл – Октябрь айылынын тургуну Монокбаева Гульжан Тойгонбаевна , Кызыл- Октябрь айылынын тургуну Усонов Митал Мойдуновичке, Мурзабаев Кутубай тарабынан берилген ишеним каттын негизинде элди тейлөө үчүн берилген 2200,0 кв.м жеке менчиктеги жер тилкесин ( иден.коду 5-06-12-1008-0593) 09.9.2006-жылдагы № 3 сатып алуу келишиминин жана 28.09.2006-жылы берилген ЧМ № 077394 –сериясындагы Мамлекеттик актынын негизинде 24.01.2018-ж, сатып алган . Жогорудагы жерди турак жай катары пайдалануу үчүн профилин өзгөртүп берүү боюнча арызын карап чыгып, айылдык кенештин VI чакырылыш ХХХI кезектеги сессиясы
т о к т о м к ы л а т :
- Кызыл – Октябрь айылынын тургуну Монокбаева Гульжан Тойгонбаевнанын арызы канааттандырылып, өзүнө тиешелүү жер аянтынын багытын турак жай курууга өзгөртүүгө макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага К.Мусаев
Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХХI кезектеги сессиясы
Т о к т о м
4- март 2021-жыл № 145 Эски Покровка айылы
Кызыл - Октябрь айылынын көчөлөрүнүн бирине
Ысмаылов Курванбайдын ысмын ыйгаруу жөнүндө
Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХХI кезектеги сессиясы , Кызыл – Октябрь айылдык жыйынынын токтомун угуп жана талкуулап, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын чечимин жана айыл тургундарынын сунуштарын колдоп төмөндөгүдөй
т о к т о м к ы л а т :
- Ысмайылов Курванбайдын ысмы Кызыл – Октябрь айылынын аты коюлбаган, айылдын эң четки, ылдыйкы көчөсүнө ыйгарылсын.
- Көчөнү ар убакта таза кармоо, иретке келтирип көрсөтмө тактайларды, үй номерлерин жаздырып илдирүү жагы Ысмаылов Курванбайдын уул - кыздарына тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл - Октябрь айылынын айыл башчысы А.Абдукаримовко милдеттендирилсин.
Тѳрага К. Мусаев
____________________________________________________________________________________________
Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХХI кезектеги сессиясы
Т о к т о м
4- март 2021-жыл № 146 Эски Покровка айылы
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы
жергиликтүү бюджетинин сметасына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө
макулдук берүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетинде каралган жумуштарды аткаргандан кийин ашкан суммаларды бөлүштүрүү жөнүндөгү ФЭБ башчысы-башкы бухгалтер Т.Жээнбековдун жана айылдык кенештин бюджет, финансы, салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап чыгып, айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылдагы сметасына өзгөртүү киргизүү жана акча каражаттарын туура пайдалануу максатында Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХХI кезектеги сессиясы
т о к т о м к ы л а т :
- Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылдагы жергилик-түү бюджетинин чыгаша бөлүгүнө төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизүүгө макулдук берилсин.
Раздел |
Глава |
параграф |
статья |
өзгөрүүчү сумма |
квартал боюнча |
||||
+ |
- |
1 кв |
2 кв |
3 кв |
4 кв |
||||
Аппарат |
92310 |
70111 |
2215 |
250,0 |
|
|
|
|
250,0 |
|
|
|
2222 |
125,0 |
|
|
|
|
125,0 |
|
|
|
3111 |
175,0 |
|
|
175,0 |
|
|
|
|
|
3112 |
241,0 |
|
|
|
241,0 |
|
Детсад |
92320 |
70911 |
2221 |
300,0 |
|
|
|
300,0 |
|
|
|
|
3111 |
1050,0 |
|
|
1050,0 |
|
|
среднаяя школа |
92320 |
70921 |
2221 |
280,1 |
|
|
|
|
280,1 |
ЖКХ |
|
|
2215 |
946,0 |
|
|
946,0 |
|
|
|
|
|
2221 |
2344,0 |
|
|
|
2344,0 |
|
|
|
|
3111 |
5574,0 |
|
|
5574,0 |
|
|
жыйынтык |
|
|
|
11285,1 |
|
|
7745,0 |
2885,0 |
655,1 |
- Өзгөн райондук каржы бөлүмүнө кошумча түзүлгөн смета тапшырылсын.
- .Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, финансы ,
салык жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына, айыл өкмөт башчысы
Пасаңов .Э. Ж жана ФЭБ башчысы Т.Жээнбековго милдеттендирилсин.
Тѳрага К.Мусаев
Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХХI кезектеги сессиясы
Т о к т о м
4- март 2021-жыл № 147 Эски Покровка айылы
Жердин профилин өзгөртүү жөнүндө
Ынтымак айылынын тургуну Аккулов Абдыгапар Ураимович Эски Покровка айылынан
Камалов Адылбек Салайдиновичке таандык май завод куруу үчүн берилген жер участкасын
( иден.код у5-06-12-1009-0412) сатып алуу келишиминин негизинде 21.09.2017-ж, сатып алып ,
азыркы күндө турак жай катары пайдаланып жаткандыктан профилин өзгөртүп берүү боюнча арызын карап чыгып, айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХХI кезектеги сессиясы
т о к т о м к ы л а т :
- Ынтымак айылынын тургуну Аккулов Абдыгапар Ураимовичтин арызы канааттандырылып, өзүнө тиешелүү жер аянтынын багытын турак жай курууга өзгөртүүгө макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл чарба жана турак жай боюнча
туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага К.Мусаев
Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХХI кезектеги сессиясы
Т о к т о м
4- март 2021-жыл № 148 Эски Покровка айылы
Жердин профилин өзгөртүү жөнүндө
Эски Покровка айылынын тургуну Тажибаева Жайнагүл Ысаевнанын Эски Покровка айылындагы эски аткана ээлеген ( иден.код 5-06-12-1009-0339) жер аянтын ,азыркы күндө турак жай катары пайдаланып жаткандыктан профилин өзгөртүп берүү боюнча арызын, айыл чарбасы ,турак жай боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХХI кезектеги сессиясы
т о к т о м к ы л а т :
- Эски Покровка айылынын тургуну Тажибаева Жайнагүл Ысаевнанын арызы канааттандырылып, өзүнө тиешелүү жер аянтынын багытын турак жай курууга өзгөртүүгө макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл чарба жана турак жай боюнча
туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага К.Мусаев
Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХХI кезектеги сессиясы
Т о к т о м
4- март 2021-жыл № 149 Эски Покровка айылы.
Жердин категориясын которууга макулдук берүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айылынын тургуну Авазов Абдуллажандын Жаман- Адыр участкасынан 10-январь 2012-жылдагы № 3 келишими аркалуу (Өзгөн райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгы тарабынан 06.11.2012-жылы № 18562 катталган, күбөлүк № 057797) убактылуу пайдаланууга алган 2,0 га жердин категориясын өзгөртүп берүү боюнча арызын , айыл чарбасы ,турак жай боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 12-ноябрь 2020-жылдагы “Инвестицияларды колдоо маселелери боюнча айрым актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамынын 1- беренесинин 2 пункту менен “Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 15 статьясына толукталган 8,2 пунктуна”, 2 беренеси менен толукталаган “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө”мыйзамдын 6- беренесине , “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” мыйзамынын толукталган 9- беренесинин 10,3 пунктуна ылайык, айылдык кенештин VI чакырылыш ХХХI кезектеги сессиясы тѳмѳндѳгүдѳй
т о к т о м к ы л а т :
- Авазов Абдуллажандын арызы канааттандырылып, жайыт катары эсептелген № 111 контурдан 0.45 га, № 131 контурдан 0,65 га жана бузулуп жок болгон мал сарайдын ордундагы 0,90 га, бардыгы болуп 2,0 га жер аянтын көп жылдык бак дарак эгүүгө категориясын которууга макулдук берүү жагы Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
- Мыйзамдуу иш алып баруу айыл өкмөт башчысы Э.Ж. Пасановко жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага К.Мусаев
Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХХI кезектеги сессиясы
Т о к т о м
4- март 2021-жыл № 150 Эски Покровка айылы
Эски Покровка айылындагы ФАП ка
Парпиев Жаныштын ысмын ыйгаруу жөнүндө
Эски Покровка айылынын жашоочуларынын жыйынынын чечимин угуп жана талкуулап, көп жылдык элге кылган эмгегин эске алуу менен, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын чечимин колдоп айылдык кенештин VI чакырылыш ХХХI кезектеги сессиясы төмөндөгүдөй
т о к т о м к ы л а т :
- Эски Покровка айылындагы ФАПка маркум Парпиев Жаныштын ысмын ыйгарууга макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага К.Мусаев
Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХХI кезектеги сессиясы
Т о к т о м
4- март 2021-жыл № 151 Эски Покровка айылы
Кызыл – Сеңир айылынын Сеңир участкасына мечит курууга
жер ажыратууга макулдук берүү жѳнүндѳ
Айыл аймактын Кызыл – Сеңир айылынын, Сеңир участкасынын элинин суроо –талабын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесине таянып , социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып айылдык кенештин VI чакырылыш ХХХI кезектеги сессиясы тѳмѳндѳгүдѳй
т о к т о м к ы л а т :
- Кызыл - Сеңир айылынын Сеңир участкасына мечит курууга жер участкасын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын Мыйзам талаптарына ылайык даярдоо айыл өкмѳт башчысы
Э.Пасаңовго тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага К.Мусаев
Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХХI кезектеги сессиясы
Т о к т о м
4- март 2021-жыл № 152 Эски Покровка айылы
Эски Покровка айылындагы балдар аянтчасына
Пасанов Жетимиштин ысмын ыйгаруу жөнүндө
Эски Покровка айылынын жашоочуларынын жыйынынын чечимин угуп жана талкуулап, көп жылдык элге кылган эмгегин эске алуу менен, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын чечимин колдоп, айылдык кенештин VI чакырылыш ХХХI кезектеги сессиясы төмөндөгүдөй
т о к т о м к ы л а т :
- Эски Покровка айылындагы балдар аянтчасына Пасанов Жетимиштин ысмын ыйгарууга макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага К.Мусаев