Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХХ кезектеги сессиясы
Т о к т о м
12- декабрь 2020-жыл № 131 Эски Покровка айылы
«CASA- 1000» долбоорун ишке ашыруу үчүн жер участокторун
« Айыл чарба жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорт-
тун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка
багыттагы жерлер” категориясына которуу (трасформациялоо) жөнүндө
“CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 20.02.2020-жылдагы № 105 токтомунун негизинде, Кызыл – Октябрь айыл аймагынан өтүүчү 500 кВ электр чубалгысын орнотуу жөнүндө айылдык кенештин VI чакырылыш ХХХ кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- Кызыл – Октябрь айыл аймагынан өтүүчү“CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу боюнча 12 даана электр аба чубалгыларынын тирөөчтөрүн орнотуу үчүн № 1030, 1035, 1016 контурларында жайгашкан , жалпы 1734 ч.м мамлекеттик менчикте турган сугат айдоо жер участокторун “ Айыл чарба жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин.
- “CASA-1000” долбоорун ишке ашырууга жакындан көмөк көрсөтүү максатында айыл ичиндеги калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
- Кызыл – Октябрь айыл өкмөтүнүн жер адиси З.Осмоновко долбоордун алкагында мыйзамдуу иштерди алып баруу жагы милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу
комиссиясына милдеттендирилсин
Тѳрага К.Мусаев
Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХХ кезектеги сессиясы
Т о к т о м
12- декабрь 2020-жыл № 132 Эски Покровка айылы
«CASA- 1000» долбоорун ишке ашыруу үчүн жер участокторун
« Айыл чарба жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорт-
тун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка
багыттагы жерлер” категориясына которуу (трасформациялоо) жөнүндө
“CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 20.02.2020-жылдагы № 105 токтомунун негизинде, Кызыл – Октябрь айыл аймагынан өтүүчү 500 кВ электр чубалгысын орнотуу жөнүндө айылдык кенештин VI чакырылыш ХХХ кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- Кызыл – Октябрь айыл аймагынан өтүүчү“CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу боюнча 12 даана электр аба чубалгыларынын тирөөчтөрүн орнотуу үчүн № 872,860,861,854,711,1043 контурларында жайгашкан , жалпы 4198 ч.м мамлекеттик менчикте турган жайыт жер участокторун “ Айыл чарба жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин.