Депутаттардын  Кашка-Жол айылдык Кеӊешинин ( VI-чакырылышынын) кезектеги он биринчи сессиясысынын жыйынынын

 ТОКТОМУ

  Тоготой айылы                                         №11/1                                09.10.2018-жыл       

   Айыл ѳкмѳттүн бюджетине кошумча киреше киргизүү менен жарандарга жаңыдан жумуш ордуларын түзүү,айыл ѳкмѳттүн инфраструктурасын жакшыртуу багытындагы иштерди жүргүзүү жѳнүндѳ.

 

 

   Айыл ѳкмѳттүн бюджетине кошумча киреше киргизүү менен жарандарга жаныдан жумуш ордуларын түзүү,айыл ѳкмѳттүн инфраструктурасын жакшыртуу багытындагы иштерди жүргүзүү багытында, Кашка-Жол айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Рахманберди уулу Шайырбектин сунушун, айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиянын кортундусун угуп жана Октябрь айылынын жалпы элдик жыйынынын протоколун талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын жер Кодексинин 11,13,62,66-беренелерине ылайык айылдык Кенештин VI чакырылышынын XI-кезектеги сессиясы 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

   1.«Чымчык –уя» участкасына өндүрүштүк муктаждык үчүн кыш завод курууга жайыт жана ынгайсыз жерлер категориясынан: 

1.73-контур -7,0 га

2.74-конту -7,51 га

3.85-контур -9,3 га

4.87-контур -1,6 га 

Жалпысы: 25,4га жерди «Өнѳр жай, транспорт, энергетика, коргонуу  жана башка жерлер» категориясына  которууга (трансформациялоого) берилсин.

 

   2 .Октябрь айылынын жалпы жашоочуларынан 8-октябрь 2018-жылдагы чогулушунун протоколу жана элдин макулдугу эске алынсын.Тиешелүү иш кагаздарын Мыйзам талаптарына ылайык даярдоо айыл ѳкмѳттүн  башчысы Рахманберди уулу Шайырбекке тапшырылсын.  

    3.«Чымчык-Уя» участкасындагы убактылуу ижара мѳѳнѳтүндѳ отурган атуулдардын келишимдери жокко чыгарылсын. 

    4.Кара-Кулжа райондук  жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккѳ укуктарды каттоо  башкармалыгынан,  Кара-Кулжа райондук  архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынын жер участкаларынын категориясынын которулушу боюнча документациясын мыйзам чегинде мамлекеттик каттоого алуу жагы суралсын. 

    5.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл чарбасы  жана турак жайлар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

    Кашка-Жол айылдык Кенешинин тѳрагасы:                                      Т.Оморов. 

p class=params-