Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын )  кезектеги  ХV- сессиясынын

 

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                              № 75                                            18,январь 2023- жыл.

Кыргыз Республикасынын  Президентинин 2022-жылдын    6-сентябырдагы ПЖ №305 Жарлыгын жана Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 01-29/296 буйругун аткаруу жөнүндө

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги ХV-сессиясынын күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын  Президентинин 2022-жылдын   6-сентябырдагы ПЖ №305 Жарлыгын жана Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 01-29/296 буйругун аткаруу жөнүндө масалени угуп жана талкуулап       Ийри-Суу айылдык кеңеши, токтом кылат.

1.Кыргыз Республикасынын   Президентинин 2022-жылдын   6-сентябрындагы      ПЖ  № 305 Жарлыгы жана райондук мамлекеттик администрация 01-29\296 буйругу                     аткарууга алынсын.

2.Жогорудагы маселени аткарууга айыл өкмөтүнүн бюджетинен    200000 (эки жүз миң) сом акча каражаты бөлүнсүн .

3.Акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн  башкы эсепчиси М. Икрамовго милдеттендирилсин.

5.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн орун басары Б Мамадалиевге   тапшырылсын.

 

 

Ийри-Суу айылдык

 Кенешинин төрагасы                                                              А. Кыргызбаев.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын ) кезектеги  ХVI- сессиясынын

 

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                              № 76                                           09, март  2023- жыл.

Жайыт комитетинин төгагасынын 2022- жылда аткарган иштеринин жыйынтыгынын отчетун  угуу жөнүндө.

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги ХVI-сессиясынын күн тартибиндеги Жайыт комитетинин төгагасынын 2022- жылда аткарган иштеринин жыйынтыгынын угуп жана талкуулап    Ийри-Суу айылдык кеңеши, токтом кылат.

 

1.Жайыт комитетинин төрагасынын 2022- жылдагы аткарган иштери алымча кошумчасы менен канааттандырарлык деп табылсын.

2.Депутаттар тарабынан айтылган айрым кемчилдиктерди аткаруу жагы Жайыт комитетинин төрагасы К. Чолпонбаевке милдеттендирилсин.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке жүктөлсүн.

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык

 Кенешинин төрагасы                                                                           А. Кыргызбаев.

 

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын ) кезектеги  ХVI- сессиясынын

 

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                              № 77                                          09, март  2023- жыл.

Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн жер адисинин 2022-жыл ичиндеги аткарган иштеринин   жыйынтыгы  жөнүндө.

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги ХVI-сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн жер адисинин 2022-жыл ичиндеги аткарган иштеринин жыйынтык отчетун угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңеши, токтом кылат.

 

1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн жер адисинин 2022-жылдагы аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык

 Кенешинин төрагасы                                                                           А. Кыргызбаев.

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын ) кезектеги  ХVI- сессиясынын

 

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                              № 78                                          09, март  2023- жыл.

       Ийри-Суу  жайыт комитетинин  жаны курамын түзүү жөнүндө.

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги ХVI-сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу  жайыт комитетинин  жаны  шайланган курамы жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңеши, токтом кылат.

 

1.Ийри-Суу жайыт комитетинин курамы 21 кишиден бекитилсин.( тизме тиркелет)

2.Жайыт комитетинин төрагасы Чолпонбаев Карыпбайдын кандидатурасы бекитилсин.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык

 Кенешинин төрагасы                                                                           А. Кыргызбаев.

 

 

 

 

 

 

 

                                                                                               Ийри-Суу  айылдык Кеңешинин

                                                                                                     VII-чакырылышындагы кезектеги

                                                                                             ХVI - сессиясынын 2023-жылдын 

                                                                                                      09- мартындагы   №  78  токтомуна 

                                                                                                            Тиркеме

 

 

Жайыт комитетинин мүчөлөрүнүн тизмеси.

 

1.Мисиралиев Замир

2.Жолдошов Кошой

3.Чолпонбаев Карыпбай –төрага

4.Шайымкулов Дүйшөбай

5.Мамасадыков Динмухамед

6.Дөөлөтов Эстебес

7.Жумашов Арстан

8.Кангелдиев Бектур

9.Исакбаев Сулайман

10.Исманов Кыял

11.Тайир уулу Бактыбек

12.Мисиралиев Зайыр

13.Төлөшов Бегали

14.Жаанбаев Назарали

15.Жаанбаев Иманали

16.Тобеколов Анарбай

17.Макеев Алибек

18.Бөрүев Шакирдин

19.Эстебес уулу Бакыт

20.Чырмашов Манап

21.Куюуков Арстан

 

 

 

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын ) кезектеги  ХVI- сессиясынын

 

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                              № 79                                          09, март  2023- жыл.

Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн КБФнун ижарага берилүүчү жерлеринин ижара акысы, эшик алды, ашыкча кашаа жана өз ара төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө.

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги ХVI-сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн КБФнун жерлерине ижара акы, эшик алды, ашыкча кашаа жана өз ара төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңеши, токтом кылат.

1.Ижарага берилүүчү КБФ нун жерлери юридикалык төлөмдөрүнөн жана соц фондунан сырткары 1 га жер ( айдоо, чөп ормо ) Чон- Кыяга чейин 1500  сом,                Чон-Кыядан жогорку участкаларга 1 га жерге ( айдоо, чөп ормо ) 1000 сомдон ижара акысы  чегерилсин.

 

  1. Эгер 3 га жерден көп болсо Чон- Кыяга чейин бир гектарына 5000 сом, Чон –Кыядан жогору бир гектарына 2000 сомдон бекитилсин. 

3.Эшик алды 1 сотыхка 20  сом, өз ара  100 сом, ашыкча кашаа 1 сотыхка 25 сомдон бекитилсин жана жайытты ээлеп кашаалап алгандардын кашаалары бузулсун. 

4.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жер адисине милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке жүктөлсүн.

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык

 Кенешинин төрагасы                                                                           А. Кыргызбаев.

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын ) кезектеги  ХVI- сессиясынын

 

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                              № 80                                          09, март  2023- жыл.

Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы айдоо жана чөп ормо жерлерин айдап, оруусу боюнча жеке менчик техникасы бар атуулдарга кызмат акысынын бааларын бекитүү жөнүндө.

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги ХVI-сессиясынын күн тартибиндеги Элдик жыйынынын чечиминин негизинде жогорудагы  маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңеши, токтом кылат.

1.Айыл өкмөтүнүн аймагында 1 сотых жерди айдоого 30 сомдон, маласына 15 сомдон, чөп орок 1 сотых жерге 20 сомдон, маласына 15 сомдон, пресс подборщикке 20 сомдон, чөп орок 1 сотых жерге Жаткага 35  бекитилсин.

 

2.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жер адисине милдеттендирилсин.

 

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке жүктөлсүн.

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык

 Кенешинин төрагасы                                                                           А. Кыргызбаев.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын ) кезектеги  ХVI- сессиясынын

 

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                              № 81                                          09, март  2023- жыл.

Айыл өкмөтүнөн жана айылдык кенештен атуулдардын алган иш кагаздарына мамлекеттик салымдарды  бекитүү жөнүндө.

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги ХVI-сессиясынын күн тартибиндеги айыл өкмөтүнөн жана айылдык кенештен атуулдардын алган иш кагаздарына мамлекеттик салымдарды  бекитүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңеши, токтом кылат.

1.Айыл өкмөтүнөн  алынган аныктамага 30 сом, айыл өкмөтүнүн токтомуна 300 сом, айылдык кенештин токтомуна 300 сом мамлекеттик салым бекитилсин. 

2.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жана айылдык кенешинин жоопту катчыларына милдеттендирилсин. 

  1. Мыйзамдуулук,этика,мандат адам укугун коргоо, коомдук уюмдар менен иштөө боюнча комиссиянын төрайымына Исакова Гулнарага жүктөлсүн.

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык

 Кенешинин төрагасы                                                                           А. Кыргызбаев.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын ) кезектеги  ХVI- сессиясынын

 

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                              № 82                                          09, март  2023- жыл.

Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн элдеринин малын бакмачыга берүүдө малчынын кызмат акысын белгилөө жана мал жандыктарга чегерилген жайыт акысы  жөнүндө.

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги ХVI-сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн элдеринин малын бакмачыга берүүдө малчынын кызмат акысын белгилөө жана мал жандыктарга чегерилген жайыт акысы  жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңеши, токтом кылат.

1.Элдин малын багуучулар бир баш  кой- эчкиге  130 сомдон,бир баш кара малга 600  сомдон, бир баш жылкыга 800 сомдон кызмат акысы алынсын. 

2.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында бир баш кой- эчкиге 25 сомдон, бир баш кара малга 100 сомдон, бир баш жылкыга 100 сомдон жайыт салыгы бекитилсин. 

3.Ар бир баш малга чегерилген малдын салыгын мал баккан бакмачылардан алуу жагы бекитилсин. 

4.Токтомду аткаруу жагы Жайыт  комитетинин төргасы К.Чолпонбаевке милдеттендирилсин. 

5.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенешинин  бюджет,салык,муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Шайимкулова Чынарга жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык

 Кенешинин төрагасы                                                                           А. Кыргызбаев.

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын ) кезектеги  ХVI- сессиясынын

 

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                              № 83                                          09, март  2023- жыл.

Айыл аймагындагы мал бакмачылардын жайлоого көчүп кетүүсү жана жайлоодон кайрадан көчүп келүү мөөнөтүн белгилөө жөнүндө.

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги ХVI-сессиясынын күн тартибиндеги айыл аймагындагы мал бакмачылардын жайлоого көчүп кетүүсү жана жайлоодон кайрадан көчүп келүү мөөнөтүн белгилөө жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңеши, токтом кылат.

1.Айыл аймагындагы мал бакмачылар 2023- жылдын 10- апрелинен 20- апрелине чейин жогорку жайыттарга көчүп кетсин. 

2.Мал бакмачылар 2023- жылдын 20- сентябрь айынан кийин жайлоодон көчүп келишсин.Элдин эгиндеринен , чөп орокторунан 5км алыстыкта отурушсун. 

3.Токтомду аткаруу жагы Жайыт  комитетинин төргасы К.Чолпонбаевке милдеттендирилсин. 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык

 Кенешинин төрагасы                                                                           А. Кыргызбаев.

 

 

 

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын ) кезектеги  ХVI- сессиясынын

 

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                              № 84                                         09, март  2023- жыл.

Айыл аймагындагы эгилген эгиндерге жана чөп орокторго малдын тебелеп- тепсеп зыян келтирүүсүн жөнгө салуу  жөнүндө.

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги ХVI-сессиясынын күн тартибиндеги Айыл аймагындагы эгилген эгиндерге жана чөп орокторго малдын тебелеп- тепсеп зыян келтирүүсүн жөнгө салуу жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңеши, токтом кылат.

1.Айыл өкмөтүнүн аймагындагы эгилген эгиндерге жана чөп орокторго төмөндөгүдөй айып салуу жагы бекитилсин.

                  Эгинге түшкөн бир баш кой-эчки үчүн

 -Биринчи эскертүү

-Экинчи жолу түшсө кеткен чыгымдардын ордун толуктоо

-Үчүнчү жолу түшсө эгилген эгиндин түшүмүн төлөө

                 Эгинге түшкөн бир баш жылкы  үчүн

-Биринчи эскертүү

-Экинчи жолу түшсө кеткен чыгымдардын ордун толуктоо

-Үчүнчү жолу түшсө эгилген эгиндин түшүмүн төлөө

                Эгинге түшкөн бир баш кара мал  үчүн

-Биринчи эскертүү

-Экинчи жолу түшсө кеткен чыгымдардын ордун толуктоо

-Үчүнчү жолу түшсө эгилген эгиндин түшүмүн төлөө

 

               Чоп ороко  түшкөн бир баш кой-эчки  үчүн

-Биринчи эскертүү

-Экинчи жолу түшсө кеткен чыгымдардын ордун толуктоо

-Үчүнчү жолу түшсө чөптүн ордун толуктоо

            Чоп ороко  түшкөн бир баш жылкы үчүн

-Биринчи эскертүү

-Экинчи жолу түшсө кеткен чыгымдардын ордун толуктоо

-Үчүнчү жолу түшсө чөптүн ордун толуктоо

           Чоп ороко  түшкөн бир баш кара мал  үчүн

-Биринчи эскертүү

-Экинчи жолу түшсө кеткен чыгымдардын ордун толуктоо

-Үчүнчү жолу түшсө чөптүн ордун толуктасын.

 

2.Токтомду аткаруу жагы айыл башчыларга жана айыл өкмөтүнүн жер адисине милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык

 Кенешинин төрагасы                                                                           А. Кыргызбаев.

 

 

 

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын ) кезектеги  ХVI- сессиясынын 

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                              № 85                                         09, март  2023- жыл.

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыттарга сырттан келген мал- жандыктарды киргизбөө  жөнүндө.

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги ХVI-сессиясынын күн тартибиндеги Айыл аймагындагы эгилген эгиндерге жана чөп орокторго малдын тебелеп- тепсеп зыян келтирүүсүн жөнгө салуу жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңеши, токтом кылат.

1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыттарга сырттан келген мал жандыктар киргизилбесин. Кара мал, жылкыга 2000 сом, койго 500 сом айып пул салынсын. Киргизилген мал-жандыктар ээсине кайтарылсын.

 

2.Ушул токтомду аткаруу жагы Жайыт комитетинин төрагасы К. Чолпонбаевке милдеттендирилсин. 

3.Сырттан малды киргизбөө боюнча иш аракеттерге  айыл аймагынын участковой милициясы тартылсын. 

4.Айыл аймагына сырттан мал киргизилген учурда Жайыт комитетинин төрагасы жоопко тартылаары эскертилсин. 

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык

 Кенешинин төрагасы                                                                           А. Кыргызбаев.

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын ) кезектеги  ХVI- сессиясынын

    Т О К Т О М У

 Жийде айылы                              № 86                                         09, март  2023- жыл.

Жайыт комитетинин бюджетин бекитүү  жөнүндө.

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги ХVI-сессиясынын күн тартибиндеги Жайыт комитетинин бюджетин бекитүү  жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңеши, токтом кылат.

1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2023- жылга бюджетти 650 000                  ( алты жүз элүү мин)сомго бекитилсин.

 

2.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2023-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгү 650 000 ( алты жүз элүү мин)сомго бекитилсин.

- юридикалык жер салыгы- 

-эмгек акы соц фонд -140 700

- канц товар – 5000

-транспорт чыгымы -35 000

-жайлоонун жолун ондоо-120 000

-кароолчуга -50 000

-айылдарга -110000

-жардамчыга -50 000

-компьютерге-50 000

-кошумча иштерге-89 300

 

Кошумча кирешеден

  1. Ушул токтомду аткаруу жагы Жайыт комитетинин төрагасы К. Чолпонбаевке милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенешинин Бюджет, салык, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Шайимкулова Чынарга тапшырылсын.

 

 

 

Ийри-Суу айылдык

 Кенешинин төрагасы                                                                           А. Кыргызбаев.

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын ) кезектеги  ХVI- сессиясынын

 

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                              № 87                                         09, март  2023- жыл.

                       Акмат уулу Эрмектин арызы жөнүндө.

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги ХVI-сессиясынын күн тартибиндеги Акмат уулу Эрмектин арызы жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңеши, токтом кылат.

1.Асыл тукум мал чарбачылыгын уюштургандыгына байланыштуу Акмат уулу Эрмеке мал  жайыт үчүн жайыт Жайыт комитетинин төрагасынын келишиминин негизинде берилсин.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке жүктөлсүн.

 

 

 

Ийри-Суу айылдык

 Кенешинин төрагасы                                                                           А. Кыргызбаев.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын ) кезектеги  ХVI- сессиясынын

 

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                              № 88                                         09, март  2023- жыл.

                      

Айыл аймагындагы көп балалууларды, пенсионерлерди, Баткен окуясына катышкандарды, Авган жана Черноблдун катышуучуларын, I-II-III- баскычтагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды эшик алды жана өз ара салыгынан бошотуу жөнүндө.

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги ХVI-сессиясынын күн тартибиндег Айыл аймагындагы көп балалууларды, пенсионерлерди, Баткен окуясына катышкандарды, Авган жана Черноблдун катышуучуларын, I-II-III- баскычтагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды эшик алды жана өз ара салыгынан бошотуу жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңеши, токтом кылат.

 

1.Айыл аймагындагы көп балалуулар, пенсионерлер, Баткен окуясына катышкандар, Авган жана Черноблдун катышуучулары, I-II-III- баскычтагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар эшик алды жана өз ара салыгынан бошотулсун.

2.Райондук салык инспекциясынан суралсын эшик алды, өз ара салыгынан 32150                   ( отуз эки мин бир жүз элүү) сомду  чыгыш кылуу жагы.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнун башкы салыкчысына милдеттендирилсин.

 

 

Ийри-Суу айылдык

 Кенешинин төрагасы                                                                           А. Кыргызбаев.

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын ) кезектеги  ХVI- сессиясынын

 

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                              № 89                                         09, март  2023- жыл.

 

 

Ийри-Суу айыл аймагындагы жарандык коргонуу комиссиясынын сунушун кароо жөнүндө.

Ийри-Суу айылдык кенешинин   (VII  чакырылышынын) кезектеги  ХVI- сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл аймагындагы жарандык коргонуу  комиссиясынын сунушун кароо жөнүндөгү  маселени угуп жана талкуулап  Ийри-Суу айылдык кенеши, токтом кылат

1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн жарандык коргонуу  комиссиясынын айыл аймагындагы   жер көчкүсү бар кооптуу аймакта жайгашкан биринчи кезектеги 10 турак үйлөрдү  коопсуз  аймакка көчүрүү боюнча тизмеси бекитилсин.

  1. Айыл аймагындагы жер көчкү кооптуулугу бар аймакта жайгашкан   турак үйлөрдү коопсуз жайга көчүрүү үчүн Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында жеке турак жай салууга ынгайлуу жер болбогондуктан Өзгөн районун аймагындагы               Ийри-Суу айыл өкмөтүнө жакын жайгашкан айыл өкмөттөрүнөн  тизмеге ылайык жер тилкесин  берүү үчүн Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясына  сунуш кылынсын.
  2. Токтомду аткарууга алуу жагы Ийри-Суу айыл өкмөтүнө   милдеттендирилсин.

 

 

Ийри-Суу айылдык

 Кенешинин төрагасы                                                                           А. Кыргызбаев.

 

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын ) кезектеги  ХVI- сессиясынын

 

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                              № 90                                        09, март  2023- жыл.

 

 

                             Эстебес уулу Бакыттын арызы  жөнүндө

 

Ийри-Суу айылдык кенешинин   (VII  чакырылышынын) кезектеги  ХVI- сессиясынын күн тартибиндеги Эстебес уулу Бакыттын арызын угуп жана талкуулап  Ийри-Суу айылдык кенеши, токтом кылат

1.Жийде айылынын тургуну Эстебес уулу Бакытка атасынын кашаасынын үстүнөн ашыкча кашаа катары жер тилкеси пайдаланууга берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке жүктөлсүн.

 

.

 

 

Ийри-Суу айылдык

 Кенешинин төрагасы                                                                           А. Кыргызбаев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын ) кезектеги  ХVI- сессиясынын

 

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                              № 91                                        09, март  2023- жыл.

Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бекитилген жергиликтүү бюджетинен жайыт комитетинин юридикалык салыгын төлөөгө которуп берүү жөнүндө.

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин   (VII  чакырылышынын) кезектеги  ХVI- сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бекитилген жергиликтүү бюджетинен жайыт комитетинен юридикалык салыгын төлөөгө которуп берүү жөнүндө Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 9- март 2023-жылдагы жайыт комитетинин төрагасынын өтүнүчүн угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кенеши токтом кылат.

 

Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы жергиликтүү бекитилген акча каражатынан 480 000 (төрт жүз сексен мин ) сом акча каражаты, айыл аймагындагы жайыт комитетинин юридикалык карызына айылдык Кеңешинин токтомунун негизинде көрсөтүлгөн сумма которулуп берилсин.

 

Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл Кеңешинин бюджет, салык жана муниципиалдык  менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык

 Кенешинин төрагасы                                                                           А. Кыргызбаев.

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин (VII- чакырылышынын ) кезектеги  ХVI- сессиясынын

 

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                              № 92                                                  09, март  2023- жыл.

 

№59 Үсөн уулу Жаныш орто мектебинин жана Жаңгакты айылындагы № 48  “Жангакты – 3”  кубаттуулугу 100 КВА көмөк чордонун РЭТтин балансасына өткөрүү жөнүндө.

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин   (VII  чакырылышынын) кезектеги  ХVI- сессиясынын күн тартибиндеги №59 Үсөн уулу Жаныш орто мектебинин жана Жаңгакты айылындагы №48  “Жангакты – 3” кубаттуулугу 100 КВА көмөк чордонун РЭТтин балансасына өткөрүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кеңеши    төмөндөгүдөй  токтом кылат.

  1. Үсөн уулу Жаныш атындагы орто мектебиндеги РУ04КВ У967. РУ 10 КВ жана Жангакты айылында № 948 “ Жангакты – 3 кубаттуулугу 10 КВА көмөк чордондору РЭТтин балансасына өткөрүлүп берилсин.

2.Үсөн уулу Жаныш атындагы орто мектебиндеги РУ04КВ  У967. РУ 10 КВ жана Жангакты айылында № 948 “ Жангакты – 3 кубаттуулугу 10 КВА көмөк чордондору РЭТтин балансасына өткөрүү жагы РЭТтен суралсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.

 

 

 

Ийри-Суу айылдык

 Кеңешинин төрагасы                                                                           А. Кыргызбаев.

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин (VII- чакырылышынын ) кезектеги  ХVI- сессиясынын 

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                              № 93                                        09, март  2023- жыл 

 

 

           Жийде айылындагы элдик жыйындын токтомун бекитүү жөнүндө.

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин   (VII  чакырылышынын) кезектеги  ХVI- сессиясынын күн тартибиндеги Жийде айылынан элдик жыйындын токтомунун негизинде Жийде айылынын тургуну Аралов Сарыбагыштын үйүн мамлекеттик каржылоодогу мектепке чейинки билим берүү уюмун ( балдар бакчасын ) ачууга өткөрүлүп  берүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кеңеши    төмөндөгүдөй  токтом кылат

 

1.Жийде айылынын тургуну Аралов Сарыбагыштын үйүн мамлекеттик каржылоодогу мектепке чейинки билим берүү уюмун ( балдар бакчасын ) ачууга   өткөрүлүп берилсин. 

2 Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан Аралов Сарыбагыштын үйүнө “Сурмакан апа” атындагы   мектепке чейинки билим берүү уюмун ачууга уруксат берүү суралсын. 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрайымына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

 

 Ийри-Суу айылдык

 Кеңешинин төрагасы                                                                           А. Кыргызбаев

p class=params-